Copyright: ©

Исламабадда өткөн Глобалдык саммиттин алкагында Кыргызстан менен Пакистандын саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусу болуп өттү

11.01.2024 / Просмотров: 7348

2023-жылдын 10-январында Пакистандын Исламабад шаарында өтүп жаткан Саламаттык сактоо тармагындагы коопсуздук боюнча Глобалдык саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Пакистандын Саламаттык сактоо министри доктор Надим Ян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушууда медициналык билим берүү системасын уюштуруу жана  жогорку медициналык окуу жайлардын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле саламаттык сактоо, медициналык билим берүү жана фармацевтика тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун жаңы перспективалары каралды.

Жолугушууда Пакистандын Саламаттык сактоо министри доктор Надим Ян Кыргызстандагы медициналык университеттерде билим алган пакистандык студенттер тийиштүү деңгээлде билим албай, Пакистанга келгенден кийин аттестациядан өтө алышпайт деген пикирин билдирди. Ошондуктан бул маселени чечүү үчүн кызматташып, биргелешкен күч-аракет жумшоо ниетин билдирди.

   Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кесиптешине жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өз кезегинде Кыргызстандагы тиешелүү билим бербеген медициналык ЖОЖдордун ишин текшерүүгө, ошондой эле зарыл болгон учурда мындай ЖОЖдордун студенттерин алардын талабы боюнча башка окуу жайларына которууга даяр экендигин билдирди. Мындан тышкары, Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстан менен Пакистандын саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты жемиштүү улантуу, атап айтканда, медициналык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кызматташуу боюнча меморандумду иштеп чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Пакистандын саламаттыкты сактоо министри доктор Надим Ян, алар өз тарабынан Пакистандын Медициналык кеңеши менен бирге медициналык билим берүү маселелерине байланыштуу кызматташуу меморандумуна кол коюу сунушун кароого даяр экенин белгиледи.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

07.05.2024
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алды

Бүгүн, 7-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кенештин социалдык комитетинин башчысы Винера Раимбачаева менен биргеликте Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алып, дарылоо боюнча өз сунуштамаларын берди.

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген.

 

Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

 

Бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы туруктуу жакшырып калгандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Аталган бөлүмдө жаткан балдардын абалдары жакшы, тиешелүү медициналык жардамды алышууда. 

 

Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

 

Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында  балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.

06.05.2024
Ош шаарында 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 6-майда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында шаардын жана облустун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депуты Айбек Маткеримов катышты.

Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. “Калктын саламаттыгын сактоо – 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын маанилүү артыкчылыктарынын бири”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев. Министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго саламаттык сактоо тармагына, тактап айтканда, Ош шаарындагы жаңы аймактык оорукананын курулушуна ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Жалпы аянты 6633,5 м2 болгон 300 орундуу оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмү, ашкана, кир жуучу жай, кампа жай жана башкалар уюштурулат.

06.05.2024
Министр ОшМУнун медициналык клиникасы менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 6-майында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУнун медициналык клиникасында болду. Клиникадагы боор алмаштыруу операцияларын жасоого түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, клиниканын дарыгерлери менен жолугушту. 

Медициналык клиникада трансплантоло́гия бөлүмү ачылып, боор алмаштыруу операцияларын жосоого керектелүүчү эмеректер, медициналык жабдыктар менен толукталууда. 

Клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат. Учурда боор алмашытырууга муктаж болгон бейтаптар кайрылып, дарыгерлерден кеп-кенештерин алууда. Алгачкы беш бейтапты опреацияга даярдоо иштери жүрүп жатат. Май айынын аягында алгачкы опреациялардын жасалуусу күтүлүүдө.