Copyright: ©

Медициналык ишмердүүлүк менен алектенген субъектилерди текшерүү жөнүндө маалымат

20.12.2023 / Просмотров: 3038

Лицензия алуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагында белгиленген лицензиялык талаптарга ылайык келишин жана шаардагы жеке медициналык мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү саламаттык сактоонун сапатын көзөмөлдөө максатында Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Бардыгы болуп текшерүүгө 626 медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүк жүргүзүүчү субъектилер камтылган, анын ичинен 410 субъект медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензиясы бар, ал эми 216 субъекттин лицензиясы жок болгон.

Лицензия талаптарын бузгандыгы, санитардык-эпидемиологиялык режимди сактабаганы үчүн, ошондой эле уруксатсыз ишмердүүлүгү үчүн «Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине» ылайык 251 субъектиге жалпы 1 миллион 449 миң сом суммасында айып пул салынган. 332 субъекттин ишмердүүлүгү токтотулуп, 256 санитардык эскертүү берилип, 103 субъект “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине” ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиялардын мамлекеттик реестрине ылайык, республика боюнча 2055 юридикалык жана жеке жактардын медициналык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксаты бар экенин белгилейбиз. Ошол эле учурда, алынган аналитикалык маалыматтар Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз (лицензиясы жок) иш жүргүзгөн 2800дөн ашык юридикалык жана жеке жактар бар экендигин көрсөтүп турат.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

08.05.2024
Ысык-Көл районунун Темировка айылында жаңы ФАП пайда болот

Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлкан Молдобекова, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев менен бирге Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темировка айылында фельдшердик-акушердик пункттун жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

ФАПтын имаратынын курулушу “Ас-Сафа” ККФнын каржылык колдоосу менен башталган. Керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалган ФАПтын жаңы имаратын үстүбүздөгү жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Министр Фонддун саламаттык сактоо тармагына ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

08.05.2024
КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин өкүлдөрүнүн жолугушуусу: саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун артыкчылыктары

Бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министринин орун басарлары Медербек Исмаилов жана Айжамал Шамбетова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда министрдин биринчи орун басары Медербек Исмаилов Самман Джунг Тапаны кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердигине ийгиликтерди каалап, ЮНИСЕФке Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал коомдук саламаттыкты сактоо Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин жана ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү жана стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Самман Джунг Тапа ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү катары Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияда белгиленген балдардын укуктарын коргоого, өнүктүрүүгө жана бакубат жашоого көмөктөшөөрүн белгиледи.

08.05.2024
Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы “Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария” уюму кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» Өкүлчүлүгүнүн өлкөлүк директору менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн талкуулашты, ошондой эле профилактикалык жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн медицина кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү боюнча кызматташуу жөнүндөгү жаңы меморандумга кол коюшту.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2006-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» гуманитардык миссиясы Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого баа жеткис салым кошуп келе жатканын баса белгиледи.

Бул Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча алдын ала макулдашуулардын негизинде кызматташуу жана иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты:

- өзгөчө кырдаалдар учурундагы даярдык жана чара көрүү;

- жугуштуу эмес оорулар;

- тиешелүү тармакта саламаттык сактоо органдарынын медициналык кызматкерлеринин потенциалын чыңдоо;

- биргелешкен тиешелүү профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү.