Copyright: ©

Кыргыз Республикасынын окуу жайларында билим алып жаткан чет элдик студенттер үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу

05.12.2023 / Просмотров: 4691

Бүгүн, 2023-жылдын 5-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын демилгеси менен “Кыргыз Республикасынын окуу жайларында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу” деген аталышта тегерек стол болуп өттү.

Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн, 22 ЖОЖдун, орто окуу жайларынын өкүлдөрүнүн, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыктарынын директорлорунун, шаардык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө “Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы менен камсыздандыруусу жок чет өлкөлүк студенттер медициналык кызмат үчүн студент катары эмес, чет мамлекеттин камсыздандырылбаган жарандары катары төлөшү керектигин баса белгиледи. Мамлекеттик мекемелер чет элдик студенттерди кабыл алууну, консультациялоону жана дарылоону кантип уюштура алат деген суроо көптөгөн ректорлорду кызыктырууда. Бул маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан гана эмес, билим берүү мекемесинин ар бир жетекчисинен активдүү өз ара аракеттенүү талап кылынат. "Биз медициналык камсыздандыруу маселелери боюнча бирдиктүү түшүнүккө жете алабыз деп үмүттөнөм, мүмкүн болгон бардык көйгөйлөрдү талкуулоого жана чечүүгө даярбыз", - деди министр.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Маткеримов Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча мыйзам 2023-жылдын апрель айынан тарта күчүнө киргендигин белгиледи. Бирок, орто окуу жайларынан айырмаланып, жогорку окуу жайлары аны ишке ашырууда жетиштуу активдуу эмес. Мыйзамдын аткарылышы ар бир адам үчүн бирдей милдеттендирилет жана көңүл бурууну талап кылат. Бардык жетекчилер бул маселени көзөмөлгө алып, аракетин күчөтүшү керек.

Көптөгөн талкуулардан жана жолугушуулардан кийин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду алардын сунуштарын эске алганын окуу жайлардын жетекчилери бөлүштү. Алар ошондой эле мыйзамды сактоо жана студенттерди камсыздандыруу процессин тездетүү боюнча өз милдеттенмелерин баса белгилешти. Билим берүү мекемелеринин жетекчилери ММК фонду алардын чет өлкөлүк студенттерди медициналык тейлөөсү боюнча сунуштарын кабыл алганына канааттангандыгын билдиришти.

Өз кезегинде баштапкы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери чет өлкөлүк студенттерди ҮМБга каттоого алуу шартында, алар Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында Кыргызстандын камсыздандырылган жарандары менен бирдей шарттарда медициналык кызмат көрсөтүүгө даяр экендигин белгилешти.

Маалымат үчүн:

ММК фонду менен чет элдик студенттер билим алып жаткан 52 окуу жайдан 30у менен келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата келишим түзгөн 13203 студенттин ичинен 192 студен гана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алышкан. ММК полисинин баасы 6 айга 8196 сом же 12 айга 16391 сомду түзөт. ММК фонду Полисти колдонуунун артыкчылыктарын жана эрежелерин түшүндүрүү үчүн ЖОЖдордун жана орто окуу жайлардын ректорлору менен 85 жолугушуу жана чет элдик студенттер менен 53 жолугушуу өткөрдү.

Бардык жарандарды, анын ичинде биздин өлкөдө туруктуу же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча "Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 2023-жылдын 10-апрелинен тартып күчүнө кирген.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

18.05.2024
Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унаалары тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Ысык-Көл жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу иш-чарасы болду. Автоунаалардын ачкычын КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.

 Министр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына жети тез жардам унаасын өткөрүп бергенин, анын бири мурда Тамчы айылындагы тез жардам пунктуна, дагы үч унаа Балыкчыдагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна, Боом капчыгайындагы тез жардам пунктуна жана Ысык-Көл районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна тапшырылып жатканын билдирди.

«Бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган тез медициналык жардам унааларынын тапшырылышы Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна тез медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жасалган олуттуу кадам болуп саналат. Саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткан  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдиребиз», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

18.05.2024
Бишкекте жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча VII эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында, Бишкек шаарында маанилүү юбилей - академик Иса Коноевич Ахунбаев жасаган Борбордук Азиядагы алгачкы жүрөк операциясынын 65 жылдыгына арналган жыл сайын өтүүчү VII Эл аралык илимий-практикалык конференция ишин баштады.

Конференция Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуучуларга жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген конокторго амандашуу сөзү менен ачылды.

Министр өз сөзүндө көрүнүктүү академик, хирург жана таланттуу дарыгер – Иса Коноевич Ахунбаевге терең ыраазычылык билдирди, анын эмгеги аймактагы медицина тармагындагы көптөгөн жетишкендиктерге башат болгон. Бул конференция тажрыйба жана билим алмашууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, биз кесиптештердин идеяларынан шыктанып, илимий жана практикалык билимибизди тереңдетип, адамдардын ден соолугун жана жашоосун жакшыртуу үчүн жаңы чечимдерди жана технологияларды издөөдө бириге турган жайга айланат.

Талкуунун негизги темалары жаңы технологияларды, дарылоо жана диагностикалык методдорду, ошондой эле келечекте медицинаны өнүктүрүүнүн перспективаларын камтыды.

Мындан тышкары 19-майда Ысык-Көлдө салттуу веложүрүш жана Тору-Айгыр айылындагы И.К. Ахунбаевдин эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.

18.05.2024
Бишкектеги окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15  адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

18-майда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.