Ноокат районунун Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда вирусологиялык лаборатория ачылды

29.06.2022 / Просмотров: 1175

2022-жылдын 28-июнунда Ноокат райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда вирусологиялык лаборатория ишке киргизилди. Бул лаборатория Ислам өнүктүрүү банкынын “COVID-19 учурунда чукул жардам” долбоорунун алкагында курулган.

Ачылышка Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Оорулардын алдын алуу башкармалыгынын лабораториялык кызматынын башчысы Айгүл Жумаканова жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн райондор аралык борборлорунун жетекчилери катышты.

Бул лабораторияларга ILAB маалымат системасына туташтырылган. Бул лабораториялык маалыматтык тутумдун артыкчылыгы - паспорттук маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системасы менен туташып, техникалык каталарды жокко чыгарат. Система бейтаптын паспорттук маалыматтарын өзү киргизет. Бейтаптар/кардарлар лабораторияга келбей эле ПЧР анализинин жыйынтыгын өздөрү басып чыгарып, ала алышат, бул адамдар менен ашыкча байланышты жокко чыгарат. Бул лаборатория жана пациент/кардар үчүн да ыңгайлуу. Кошумчалай кетсек, бул лабораториялар “COVID-19суз саякаттоо” тиркемесине туташтырылган.

Республика боюнча бардыгы болуп 10 жаңы ПЧР лабораториясын куруу пландаштырылууда, учурда 6 лабораториянын курулушу аяктады (Каракол, Талас, Ысык-Ата, Жайыл, Сокулук, Ноокат). Келечекте бул лабораториялар коронавирустук инфекциянын лабораториялык диагностикасынан тышкары башка инфекцияларды (сасык тумоо, кызамык, кызылча, гепатит ж.б.) ПЧР аркылуу аныктайт деп күтүлүүдө.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

26.04.2024
Төрөт үйлөрүндө бейтаптын электрондук картасын киргизүү

Sanarip MED санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделинин алкагында, өлкөнүн ооруканаларында санариптик чечимдерди киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

 

Ооруканалар үчүн башка саламаттык сактоо маалымат системалары менен интеграцияланган санариптик медициналык карта иштелип чыккан жана ишке киргизилген. Бул санариптик медкарта бейтаптар жана алардын стационардык саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медициналык абалы жөнүндө маалыматты камтыган кагаз жүзүндөгү медкартанын санарип формасы.

 

Бул бейтапка медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык этаптарын, анын ичинде кабыл алуу, диагностика, дарылоо жана байкоо жүргүзүүнү камтыган электрондук документ.

 

Модулдардын бири – Кыргыз Республикасында акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган төрөт жана төрөттөн кийинки жардамдын тарыхы. Төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде интра-наталдык жана постнаталдык жардам көрсөтүүнүн санариптик картасынын долбоору эненин жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын ден соолугун башкаруу максатында сапаттуу медициналык документация жүргүзүү үчүн иштелип чыккан.

 

Маалыматтарга тез жетүүнүн жана төрөттүн динамикасын автоматтык түрдө көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнүн аркасында көрсөтүлүүчү кызматтардын ачыктыгы жана сапаты жогорулайт. Бул клиникалык чечимдерде иш-аракеттердин алгоритмдерин деталдуу эсепке алууга мүмкүндүк берет жана чыгымдарды азайтууга жардам берет.

 

Бейтаптын санариптик медкартасынын жеткиликтүүгү, өзгөчө алыскы аймактардагы же жетүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн медициналык кызматкерлер менен байланышын жеңилдетет.

 

Кыргыз Республикасында бейтаптын санариптик медициналык картасын киргизүү жана колдонуу процессине көз салуу жана анын функцияларын жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарында медициналык персоналдын дараметин жогорулатуу боюнча тестирлөө башталды.

 

Учурда окутуу жана ишке ашыруу процесстери экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги беш акушердик уюмда, тактап айтканда, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында, Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасында, Ысык-Көл жана Чүй облустук бириккен ооруканаларында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда 2024-жылдын апрель жана май айларында жүрүп жатат.

 

Жогорудагы беш акушердик уюмдардын акушер-гинекологдору, акушеркалары, неонатологдору жана неонаталдык медайымдары бейтаптын санариптик медициналык картасын, анын ичинде акушердик жана неонаталдык бөлүктөрүн толтуруунун жана колдонуунун техникалык жана клиникалык аспектилери боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатууда.

 

Окутуу жана ишке ашыруу процесстери инновациялык чечимдер аркылуу алдын ала турган энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн жана оорууларын кыскартууга багытталган БУУнун Түштүк-Түштүк Кызматташтыгы долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоор КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылууда.

26.04.2024
«Ала-Тоо» санаторийи Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү

Медицина кызматкерлеринин сапаттуу эс алуусу жана ден соолугун чыңдоо максатында «Ала-Тоо» санаторийи Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, бул кадам өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу жана ден соолугун чыңдоо максатында жасалды. «Дарыгерлердин, медайымдардын жана санитардык кызматкерлердин физикалык жана психоэмоционалдык абалын калыбына келтирүү жана жакшыртуу, өзгөчө пандемиядан кийин, мамлекеттин биринчи кезектеги милдети болуп саналат. Жеке өзүмдүн атымдан, ошондой эле республика боюнча 80 миңге жакын медициналык кызматкерлердин атынан президент Садыр Жапаровго медицина кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоого жана алардын иштөө шартын жакшыртууга болгон аракети үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз», - деп кошумчалады министр.

Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан «Ала-Тоо» эс алуу үйү 1974-жылы курулуп, көп жылдардан бери эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо жана эс алуусу үчүн кызмат кылып келет. Эс алуу үйү ээлеген жер тилкесинин аянты 24,76 гектарды түзөт. Аймак жашылдандырууну талап кылат. Мындан тышкары, ал жактагы коттедждердин эскилиги жеткенин эске алуу менен аларды бузуп, жаңы имараттарды куруу зарыл.

Өткөн жылы ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген. КР Президентинин Иш башкармалыгы аркылуу эс алуу үйүнүн аймагына миң орундуу жаңы имараттарды куруу пландаштырылууда.

«Ала-Тоо» эс алуу үйү Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан миңден ашык орундуу чоң мекеме. Анын аймагында ашкана, административдик имараттар, кампалар, ошондой эле кинотеатр жана башка инфраструктуралык объектилер бар.

22.04.2024
Мини-футбол боюнча мелдеште Саламаттык сактоо министрлигинин футболдук командасы 1-орунду ээледи

Саламаттык сактоо министрлигинин футбол командасы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган кичи футбол боюнча мелдеште 1-орунду ээлеп, жеңишин майрамдоодо. 2024-жылдын 20-21-апрелинде өткөн бул турнир президенттин “Кыргызстанда 2024-2034-жылдарга футболду мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп, анын максаты - футболду өнүктүрүү ден соолукту сактоонун жана чыңдоонун багыты катары кызматкерлердин физикалык даярдыгын жогорулатуу жана спортту пропагандалоо.

Турнирге министрликтердин, ведомстволордун, Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин командалары катышты, бул спорттук иш-чараларга болгон кызыгууну жана алардын калк арасында физикалык активдүүлүктү жогорулатуудагы ролун чагылдырат.