Copyright: ©

Мульти-диагностикалык комплекс ишин баштагандан бери алыскы аймактын тургундарына 201785 кичи операциялар жасалды

07.02.2024 / Просмотров: 2767

Кыргызстандын тоолуу, жетүүгө кыйын аймактарында калкка медициналык жардамды мобилдүү мульти-диагностикалык комплекс көрсөтүп, тейлеп келет. Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) тарабынан каржыланган «Нормека» мобилдик клиникасы бардык адистер менен толук камсыз болуп, 8 фурадан турат. Анда калк гинеколог, офтальмолог, отоларинголог, невропатолог, кардиолог, уролог, хирург, стоматолог сыяктуу кууш адистиктеги адистерден кеңеш ала алышат. Ошондой эле УЗИ, рентген, компьютердик томография аппараты жана маммограф аппараттарында текшерүү да каралган. Лабораториялык кызматтар да бар. Мультидиагностикалык көчмө клиника Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине оорулардын алдын алуу максатында калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө жардам берип келет. Ал өз ишин 2021-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунан баштаган.  Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында медициналык жардам көрсөттү.

 Алар 2021-жылдын 17-ноябрынан 2022-жыл 21-мартка чейин Чүй облусунун Кемин районунда (125 күн) болушкан. Бейтаптардын саны 8627, берилген кеңештердин жалпы саны 21151, жалпы лабораториялык-аспаптык текшерүүнүн жалпы саны 14515, жасалган операциялардын жалпы саны 6836. 

2022-жылдын 30-марттан 1-июлга чейин (94 күн) Ысык-Көл облусунун Түп районунда медициналык кызмат көрсөтүштү. Жалпы кеңеш берүүлөрдүн саны 37520, текшерүүлөрдүн саны 15532, операциялардын саны - 21988

2022-жылдын 18-июлунан 21-сентябрына чейин алар Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болуп, текшерүүлөрдүн жалпы саны 9026, кеңеш берүүлөрдүн саны 39874, текшерүүлөрдүн саны 27396 түздү. 

30-сентябрдан 10-октябрга чейин техникалык тейлөөдө болду. 2022-жылдын 17-октябрынан 3-мартына чейин Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылында кызмат көрсөттү. Кеңеш берүүлөрдүн саны 73 221, текшерүүлөрдүн саны 23 036, операциялардын саны 50 185. 

2023-жылы 22-марттан 23-июнга чейин Ош облусунун Алай районунда кызмат көрсөттү.  Кеңеш берүүлөрдүн саны 56975, текшерүүлөрдүн саны 15682, операциялардын саны 41315.

2023-жылдын 10-июлунан 14-октябрына чейин Жалал-Абад облусунун Аксы шаарында жайгашып, калкты медициналык түйлөөдөн өткөрдү. Кеңеш берүүлөрдүн саны 54031, текшерүүлөрдүн саны 1685, операциялардын саны 37177. 

2023-жылдын 23-октябрынан 30-ноябрына чейин Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында медициналык кызмат көрсөттү. Адистер тарабынан кеңеш берүүлөрдүн саны 25465, текшерүүлөрдүн саны 8584, операциялардын саны 16888. 

 

2021-жылы адистер (жалпы практикалык врач, кардиолог, хирург, гинеколог, ЛОР, окулист) тарабынан 4970 кеңеш берилсе, 2022-жылы 50873 кеңеш берүү, 2023-жылы 40843 кеңеш берилди. 

Мульти-диагностикалык комплекс төмөнкү лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөр жүргүзүлөт: УЗИ, КТ, маммография, рентгенография, лабораториялык кызматтар, экспресс-тесттер, көзгө кичи операциялар. 

2021-жылы жасалган лабораториялык жана аспаптык текшерүүлөрдүн жалпы саны 6635, 2022-жылы - 136417, 2023-жылы -136256, ал эми операциялардын саны 201 785ти түздү.

 

Маалымат үчүн:

Мультидиагностикалык комплекс жогорку технологиялык текшерүүлөрдүн комплексинен өтүүгө мүмкүнчүлүгү ар дайым эле боло бербеген айыл жергесиндеги жашоочуларга баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө багытталган. Облус тургундарын медициналык кароодон өткөргөн бардык медициналык кызматкерлер ата мекендик адистерден турат. Эскерте кетсек, долбоор 5 жылга эсептелген жана ушул убакыт аралыгында ИӨБ мобилдик клиниканын ишин тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар жана күйүүчү майлар менен, ал эми дарыгерлерди айлык акы менен камсыздайт. Мобилдик клиникада дарыгерлер үчүн кабинеттер, текшерүү лабораториясы, компьютердик томограф жана маммограф, операциялык блок, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Мобилдик клиникаларга калкты ташуу үчүн кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да кирет.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

30.04.2024
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери аяктады

Бүгүн, 2024-жылдын 30-апрелинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 3 кабаттуу корпусунун ачылышы болду.

Иш-чара министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева, Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева, РКЖООнун жетекчилиги жана жамаатынын катышуусунда өттү.

 Медициналык имараттын капиталдык ремонту Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоору аркылуу каржыланып, ага 72 миллион сом бөлүнгөн.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, 200 орунга эсептелген бул имарат 2023-жылдын июль айынан бери капиталдык ремонтко жабылган. Имарат 1989-жылы пайдаланууга берилген жана эксплуатацияга берилгенден бери эч кандай оңдоо же курулуш иштери (капиталдык оңдоо) жүргүзүлгөн эмес, оорукананын кызматкерлери тарабынан косметикалык оңдоо иштери гана жүргүзүлгөн.

Жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды дарылоодо бөлүмдөрдүн ишинин өзгөчөлүгүн эске алганда, дезинфекциялык каражаттар менен бат-баттан тазалоодон улам, өзгөчө COVID-19 пандемиясынын учурунда дубалдар жана шыптар сыйрылып, жарыла баштаган. Линолеум капталган полу шишип, эскирип, көпкө пайдаланылгандыктан имараттын инженердик системалары: суу, канализация, жылуулук, электр тармактары, вентиляция жана сантехникалык жабдууларын 100% алмаштырууга муктаждык бар эле», - деди башкы дарыгер.

3 кабаттуу имараттын эшиктерин, полдорун алмаштыруу, канализация, суу менен камсыздоо жана жылытуу системаларын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле электр чубалгыларын жана приборлорун алмаштыруу менен электрдик монтаждоо иштери жүргүзүлүп, палаталарга жаңы душ, сантехника орнотулду. Имаратта заманбап вентиляция системасы бар. Учурда имаратка эки лифт орнотулууда.

«Бул оорукана инфекциялык ооруга кабылгандарга медициналык жардам көрсөткөн республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын флагманы болуп саналат жана бул оорукананы өнүктүрүү, өркүндөтүү Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, өзгөчө COVID-19 пандемиясында дагы буга күбө болдук. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун колдоосу менен жугуштуу оорулар ооруканасынын капиталдык ремонту бейтаптарга сапаттуу жардам көрсөтүүгө, биздин кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Инфекциялык оорукананын өзүнүн спецификасы бар экенин билебиз, андыктан абаны тазалоодо жана сууну чыпкалоодо айлана-чөйрөгө эч кандай оору козгогуч кирбеши үчүн кылдат мамиле жасоо талап кылынган. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген, оңдоп-түзөөдөн өткөн имараттын ишке берилиши коркунучтуу жугуштуу ооруларга каршы натыйжалуу күрөштүн кепилдиги болот”, - деди министрдин орун басары, Бүбүжан Арыкбаева. 

 Курулуш-оңдоо иштеринин аякташына байланыштуу РКЖОО 2024-жылдын 1-майынан тартып 500 койка менен штаттык режимде ишин улантат жана калкка өз убагында, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө даяр.

 

 

30.04.2024
"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

2024-жылдын 23-24-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында П.Е. Лукомский жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85 жылдыгына арналган "Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы эл аралык ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Иш-чара И.К.Ахунбаев атындагы КММА тарабынан Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коому  менен биргеликте уюштурулган.

 

Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан кардиология, ревматология, нефрология, гастроэнтерология, геронтология, эндокринология тармагындагы алдыңкы адистер  жана клиникалык фармакологдор катышты. Ошондой эле ар кандай медициналык университеттердин (Бишкек, Ош, Бухара, Шымкент) жаш изилдөөчүлөрү жана терапевттери баяндама жасашты.

 

Жаш терапевттердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, анын жыйынтыгында эң мыкты иштер үчүн Ардак грамоталар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, ачылыш аземинде бир катар илимпоздор жана практик дарыгерлер Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коомунун «Гравертон ыраазычылык» жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.

30.04.2024
Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

2024-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Элдар Сулайманов менен бирге Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылыш аземине катышты.

Чоң-Алай райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Ысламидин Бакиров министр менен депутатка облустун калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Жаңы рентген кабинетинин курулушу Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, дарыкана имараты демөөрчүлөрдүн каражатына курулган.

«Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылышы калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат деп ойлойм. Бул аймакты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу менен бирге, дарт аныктоону жогорку деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна жана бул маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө.

Чоң-Алай райондук ЖДПБсы 26 миңге жакын адамды тейлесе, анын ичинен 12 857си 14 жашка чейинки балдар.