Copyright: ©

Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын медкызматкерлери эл аралык стандарттарга ылайык дары-дармек менен камсыздооду башкаруу, аларды туура сактоо жана сапатын көзөмөлдөө боюнча билимдерин өркүндөтүшүүдө

18.07.2023 / Просмотров: 1147

Республиканын түндүк аймактары жана Бишкек шаарынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын 60ка жакын медицина кызматкерлери эл аралык стандарттарга ылайык дары-дармектерди жеткирүү процессин башкаруу, аларды туура сактоо жана сапатын көзөмөлдөө боюнча билимдерин өркүндөтүштү. Тиешелүү тренинг Бишкекте USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун алкагында өттү. 

 

Тренингтин катышуучуларын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) стандарттарына ылайык дары-дармектерди сактоо, бөлүштүрүү, ташуу жана бул процесстердин логистикасын санариптештирүү боюнча алдынкы тажрыйбалары менен USP – илимий бейөкмөт уюмунун эксперти Эрвин Лассой тааныштырды. Айта кетсек, азыркы учурда USP иштеп чыккан стандарттар140тан ашык өлкөдө иштеп жатат.

 

Кыргызстандын медициналык практикасында эл аралык стандарттардын колдонуусу кандай болушу керектиги – үстүбүздөгү жылдын май айында бекитилген КР Саламаттык сактоо министрлигинин эки документтин негизинде көрсөтүлгөн. Булар – Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында дарыканаларды башкаруунун тартиби жана Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоо тартиби. Эки документ тең «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун жана USP эксперттеринин техникалык жардамы менен иштелип чыккан. Эксперттердин айтымында, сатып алуудан баштап пациенттерге берүүгө чейин дары-дармектердин сапатын контролдоо дарылоонун коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылат. Андыктан тиешелүү стандарттарды киргизүү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармектердин сапатына байланышкан көйгөйлөрдү өз убагында аныктоого жана аларды чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

 

Мындай экинчи тренинг август айына белгиленген. Бул ирет ага түштүк аймактарынын медицина кызматкерлери катышат.

 

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

07.05.2024
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алды

Бүгүн, 7-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кенештин социалдык комитетинин башчысы Винера Раимбачаева менен биргеликте Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алып, дарылоо боюнча өз сунуштамаларын берди.

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген.

 

Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

 

Бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы туруктуу жакшырып калгандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Аталган бөлүмдө жаткан балдардын абалдары жакшы, тиешелүү медициналык жардамды алышууда. 

 

Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

 

Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында  балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.

06.05.2024
Ош шаарында 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 6-майда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында шаардын жана облустун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депуты Айбек Маткеримов катышты.

Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. “Калктын саламаттыгын сактоо – 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын маанилүү артыкчылыктарынын бири”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев. Министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго саламаттык сактоо тармагына, тактап айтканда, Ош шаарындагы жаңы аймактык оорукананын курулушуна ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Жалпы аянты 6633,5 м2 болгон 300 орундуу оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмү, ашкана, кир жуучу жай, кампа жай жана башкалар уюштурулат.

06.05.2024
Министр ОшМУнун медициналык клиникасы менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 6-майында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУнун медициналык клиникасында болду. Клиникадагы боор алмаштыруу операцияларын жасоого түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, клиниканын дарыгерлери менен жолугушту. 

Медициналык клиникада трансплантоло́гия бөлүмү ачылып, боор алмаштыруу операцияларын жосоого керектелүүчү эмеректер, медициналык жабдыктар менен толукталууда. 

Клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат. Учурда боор алмашытырууга муктаж болгон бейтаптар кайрылып, дарыгерлерден кеп-кенештерин алууда. Алгачкы беш бейтапты опреацияга даярдоо иштери жүрүп жатат. Май айынын аягында алгачкы опреациялардын жасалуусу күтүлүүдө.