Copyright: ©

Кыргыз Республикасындагы Эл аралык медициналык санитардык эрежелерге Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы жыйынтыкталды

07.07.2023 / Просмотров: 1214

Бүгүн, 7-июлда Кыргыз Республикасындагы Эл аралык медициналык санитардык эрежелерге Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы аяктады.

Бул маанилүү миссиянын алкагында Кыргыз Республикасына коомдук саламаттык сактоодогу коркунучтарга жооп кайтарууга даярдыгын жана жөндөмдүүлүгүн системалуу баалоодон өтүү мүмкүнчүлүгү берилди.

Баалоо Эл аралык медициналык санитардык эрежелерди ишке ашыруу контекстинде жүргүзүлдү, ал адамдарды коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдардын бардык түрлөрүнөн коргоо үчүн негиз болуп саналат.

Апта ичинде эл аралык жана улуттук эксперттер 19 техникалык багытты изилдешти. Алар саламаттык сактоо системасынын ишинин натыйжалуулугун, жардамдын сапатын, өзгөчө кырдаалдарды пландаштыруу жана жооп кайтаруу, лабораториянын мүмкүнчүлүктөрүн, маалыматтарды чогултуу жана талдоо ж.б.

Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы саламаттык сактоо системасын мындан ары жакшыртуу боюнча баалуу сунуштарды берди. Баалоонун натыйжалары медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча стратегиялык чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле калктын ден соолук коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга багытталат.

«Биргелешкен тышкы баалоонун ыктыярдуу миссиясын кабыл алуу Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын тынымсыз жакшыртууга жана калктын ден соолук коопсуздугун камсыздоого умтулуусун тастыктайт. Миссия чоң иш аткарды. Алынган жыйынтыктар саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү потенциалын күчөтүү боюнча мындан аркы иш аракеттерди көрүү үчүн негиз болуп, эксперттердин сунуштары биздин ишибизде маанилүү багыт болот», - деди Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев. Ал мындан тышкары, Биргелешкен тышкы баалоого катышкан эксперттерге ыраазычылык билдирди.

 Министрдин орун басары эл аралык коомчулук менен кызматташууну күчөтүү жана эл аралык стандарттарды жана эрежелерди колдонуу Кыргыз Республикасында күчтүү жана ишенимдүү саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн негизги фактору экенин баса белгиледи.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

07.05.2024
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алды

Бүгүн, 7-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кенештин социалдык комитетинин башчысы Винера Раимбачаева менен биргеликте Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алып, дарылоо боюнча өз сунуштамаларын берди.

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген.

 

Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

 

Бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы туруктуу жакшырып калгандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Аталган бөлүмдө жаткан балдардын абалдары жакшы, тиешелүү медициналык жардамды алышууда. 

 

Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

 

Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында  балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.

06.05.2024
Ош шаарында 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 6-майда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында шаардын жана облустун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депуты Айбек Маткеримов катышты.

Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. “Калктын саламаттыгын сактоо – 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын маанилүү артыкчылыктарынын бири”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев. Министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго саламаттык сактоо тармагына, тактап айтканда, Ош шаарындагы жаңы аймактык оорукананын курулушуна ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Жалпы аянты 6633,5 м2 болгон 300 орундуу оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмү, ашкана, кир жуучу жай, кампа жай жана башкалар уюштурулат.

06.05.2024
Министр ОшМУнун медициналык клиникасы менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 6-майында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУнун медициналык клиникасында болду. Клиникадагы боор алмаштыруу операцияларын жасоого түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, клиниканын дарыгерлери менен жолугушту. 

Медициналык клиникада трансплантоло́гия бөлүмү ачылып, боор алмаштыруу операцияларын жосоого керектелүүчү эмеректер, медициналык жабдыктар менен толукталууда. 

Клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат. Учурда боор алмашытырууга муктаж болгон бейтаптар кайрылып, дарыгерлерден кеп-кенештерин алууда. Алгачкы беш бейтапты опреацияга даярдоо иштери жүрүп жатат. Май айынын аягында алгачкы опреациялардын жасалуусу күтүлүүдө.