Copyright: ©

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бюджеттик негизде бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

01.02.2024 / Просмотров: 2966

Бүгүн, 2024-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Биринчи этапта донордун бөйрөгүн алуу операциясы жасалып, андан кийин бөйрөк реципиентке трансплантацияланган.

 

Операция 3 хирург, 1 анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки медициналык бригада тарабынан жасалды. Донордук бөйрөктү алуу операциясы 2 саатка созулуп, бөйрөктү алмаштыруу операциясы да ошончолук убакытка созулду.

Бейтаптардын операциядан кийинки абалы туруктуу. Алар 2-3 күн реанимация бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болушат. Андан кийин алар андан ары ден соолугун калыбына келтирүү үчүн трансплантология бөлүмүнө которулат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстанда трансплантология кызматын өнүктүрүү жөнүндө буйругун аткаруу үчүн, ошондой эле өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптардын жогорку технологиялык операциялык кийлигишүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында 2024-жылы 50 акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясын жүргүзүү пландалууда.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

12.06.2024
Түрк дарыгерлери «Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланышты

             Кыргызстанда боор трансплантациясын уюштуруу жана кыргыз бейтаптарына боор трансплантациясын жасоо үчүн келген Түркия Республикасынын Инөнү универстетинин делегациясынын курамындагы бир катар медицина кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо тармагына кошкон зор салымдары үчүн «Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланышты.

 

Атап айтканда, профессор, Доктор Волкан ИНСЕ - Боор трансплантациясы институтунун директорунун орун басары, доцент, доктор Кемал Барыш САРЫЖЫ - жалпы хирург;  доцент, доктор Дуйгу ДЕМИРӨЗ - анестезиолог жана реаниматолог; Эмине ЭРИК - Боор трансплантация институтунун операция бөлүмүнүн медайымы; Эже  Tаштан - Операция бөлмөсүнүн медайымына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев   «Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери» төш белгисин тапшырды. 

12.06.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы жана Россиянын “Фармасинтез” фармацевтикалык компаниялар тобу медициналык дары-дармектер тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту

2024-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен “Фармасинтез” компаниялар тобунун аткаруучу директору Никита Пуниянын жолугушуусу болуп өттү.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы жана «Фармасинтез» компаниялар тобунун ортосунда жашоо үчүн маанилүү дары-дармектер менен камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

 

Меморандум Кыргызстандын калкын жогорку сапаттагы жана эффективдүү фармацевтикалык каражаттардын кеңири ассортименти менен камсыз кылуу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын маанилүү дары-дармектерге болгон муктаждыктарын канааттандыруу жана бейтаптарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү максатында түзүлдү.

 

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Фармасинтез» компаниясы менен дары-дармек менен камсыздоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө, биргелешкен конференцияларды, семинарларды жана башка коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү аркылуу медициналык коомчулуктун «Фармасинтез» компаниясынын продукциясына болгон ишенимин бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Ошону менен бирге ал 290дон ашык саламаттык сактоо уюмдарын дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуучу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштырды жана Меморандумга ылайык, министрликтин жетекчилиги «Фармасинтез» компаниялар тобун алдыдагы кызматташууда Кыргызстанды жогорку сапаттагы дары-дармектер менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү өнөктөш катары көрөрүн билдирди.

 

Өз кезегинде «Фармасинтез» компаниясынын аткаруучу директору Никита Пуния министрге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, «Фармасинтез» компаниялар тобу Кыргызстандын клиникаларында Кыргыз Республикасынын 5 жаранына боор алмаштыруу операциясы үчүн зарыл болгон дары-дармектерди, анын ичинде иммуносупрессивдик каражаттарды сатып алууну 5 млн сом өлчөмүндө каржылоого даяр экендигин билдирди.

10.06.2024
Кыргызстанда саламаттыкты сактоо жана ветеринардык адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында Конго-крым геморрагиялык ысытма оорусу боюнча биринчи тренинг өткөрүлдү

КР Саламаттык сактоо министрлиги менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) биргелешкен аракеттеринин алкагында Конго-Крым геморрагиялык ысытма оорусу (ККГЫ) боюнча биринчи тренинг өткөрүлдү. Конго-крым геморрагиялык ысытмасы (ККГЫ) – адамга кенелер аркылуу же ылаңдаган жаныбарлар менен байланышта болгон вирустан келип чыккан зооноздук оору. Кыргызстанда ооруларды натыйжалуу башкаруу жана эпидемияны алдын алуу үчүн өз убагында диагностикалоо жана байкоо жүргүзүү зарыл.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар республикалык борборунда «Бир ден-соолук» (Единое здоровье) концепциясынын алкагында ККГЫ оорусу боюнча тренинг өткөрүлдү. Тренингдин максаты эпидемиология, диагностика жана дарылоо, ошондой эле бул ооруга каршы күрөшүү жаатындагы адистердин маалымдуулугун жогорулатуу жана окутуу болгон. 

Тренингге дарыгерлер, ветеринарлар, эпидемиологдор, энтомологдор, вирусологдор жана башка адистер катышты. Катышуучулар эпидемиология, диагностикалык методдор, ККГЫны дарылоо жана алдын алуу боюнча керектүү билимдерди алышты. Ошондой эле Ала-Арча улуттук паркында кенелерди чогултуу боюнча жеринде окутуу уюштурулду.

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско мындай тренингдин өзгөчөлүгүн баса белгиледи. «Биз мындай тренингди биринчи жолу уюштуруп жатабыз жана бул Пандемия фонду тарабынан каржыланган жана ДССУ жана өнөктөштөр аркылуу ишке ашырылып жатат. ККГЫ менен натыйжалуу күрөшүү үчүн зарыл болгон улуттук адистердин квалификациясын жогорулатуудагы маанилүү кадам», - деди ал.