Copyright: ©

Ош облустар аралык бириккен ооруканасында мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды

23.12.2023 / Просмотров: 5290

Бүгүн, 23-декабрда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын кезектеги ачылыш аземине катышты. Дарыкана Ош облустар аралык бириккен ооруканасында иштей баштады.

  Андан соң министр Дүйнөлүк банктын «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында оңдоп-түзөөдөн өткөн Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын жакында эле капиталдык ремонттон өтүп колдонууга берилген стерилизациялоо бөлүмүнүн жана медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу пунктунун иши менен таанышты.

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

08.05.2024
Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы “Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария” уюму кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» Өкүлчүлүгүнүн өлкөлүк директору менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн талкуулашты, ошондой эле профилактикалык жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн медицина кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү боюнча кызматташуу жөнүндөгү жаңы меморандумга кол коюшту.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2006-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» гуманитардык миссиясы Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого баа жеткис салым кошуп келе жатканын баса белгиледи.

Бул Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча алдын ала макулдашуулардын негизинде кызматташуу жана иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты:

- өзгөчө кырдаалдар учурундагы даярдык жана чара көрүү;

- жугуштуу эмес оорулар;

- тиешелүү тармакта саламаттык сактоо органдарынын медициналык кызматкерлеринин потенциалын чыңдоо;

- биргелешкен тиешелүү профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү.

07.05.2024
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алды

Бүгүн, 7-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кенештин социалдык комитетинин башчысы Винера Раимбачаева менен биргеликте Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алып, дарылоо боюнча өз сунуштамаларын берди.

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген.

 

Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

 

Бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы туруктуу жакшырып калгандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Аталган бөлүмдө жаткан балдардын абалдары жакшы, тиешелүү медициналык жардамды алышууда. 

 

Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

 

Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында  балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.

06.05.2024
Министр ОшМУнун медициналык клиникасы менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 6-майында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУнун медициналык клиникасында болду. Клиникадагы боор алмаштыруу операцияларын жасоого түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, клиниканын дарыгерлери менен жолугушту. 

Медициналык клиникада трансплантоло́гия бөлүмү ачылып, боор алмаштыруу операцияларын жосоого керектелүүчү эмеректер, медициналык жабдыктар менен толукталууда. 

Клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат. Учурда боор алмашытырууга муктаж болгон бейтаптар кайрылып, дарыгерлерден кеп-кенештерин алууда. Алгачкы беш бейтапты опреацияга даярдоо иштери жүрүп жатат. Май айынын аягында алгачкы опреациялардын жасалуусу күтүлүүдө.