Кыргызстанда биринчи жолу өпкөнүн иштешин сактоо менен бир бөлүгүн алып салуу боюнча минималдуу инвазивдүү хирургиялык операция жасалды

19.06.2023 / Просмотров: 1403

Кыргызстанда биринчи жолу өпкөнүн лобэктомиясы боюнча (өпкөнүн иштешин сактоо менен бир бөлүгүн алып салуу) минималдуу инвазивдүү хирургиялык операция жасалды. Мастер-класс режиминдеги бул операция КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда Синьцзян медициналык университетинин Көкүрөк хирургиясы борборунун дарыгерлеринин делегациясынын илимий иш сапарынын алкагында жүргүзүлдү. Кытай дделегациясын борбордун директору доктор Че Июн баштап келди.

Алдын ала кыргызстандык жана кытайлык дарыгерлер өпкө кургак учугун хирургиялык дарылоодогу заманбап ыкмалардын өзгөчөлүктөрүн илимий-практикалык конференцияда талкуулашкан. Кытайлык дарыгерлер көкүрөккө минималдуу инвазивдүү хирургиялык операцияларды жасоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Маалым болгондой, минималдуу инвазивдүү хирургия эндоскопиялык ыкмаларды колдонуу менен же булчуңдардын кичинекей кесилиши аркылуу хирургиялык кийлигишүүлөрдөн кийин травмаларды олуттуу түрдө азайтат. 

«Өпкөнүн лобэктомиясы боюнча операция Кыргызстанда биринчи жолу жасалып жатат, - дейт Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров. – Операцияга тартылган бардык жабдуулар келечекте ушул сыяктуу операцияларды жасоо үчүн биздин борбордо калат».

Кытайлык дарыгерлердин илимий иш сапарынын жыйынтыгында Синьцзян медициналык университетинин Көкүрөк хирургиясы борбору менен Улуттук фтизиатрия борборунун ортосунда илимий-практикалык кызматташууну улантуу боюнча үч жылдык Келишимге кол коюлду. Анын алкагында медициналык кызматкерлерди даярдоо, тажрыйба алмашуу ж.б. каралган.

Иш сапар КРнын Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев менен жолугушуу менен аяктап, анда ыраазычылык билдирүү менен бирге Кыргызстанда өпкө кургак учуктун минималдуу инвазивдүү хирургиясынын келечеги талкууланды.

Кыргызстан менен Кытайдын дарыгерлеринин тажрыйба алмашуусу ШКУнун (Шанхай Кызматташтык Уюму) илимий-техникалык өнөктөштүгүнүн алкагында «Борбордук Азияда көкүрөк хирургиясында стандартташтырылган минималдуу инвазивдүү методдорду жайылтуу жана колдонуу» программасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Улуттук фтизиатрия борбору бул программа менен 2016-жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келет. Буга чейин Кыргызстандын хирургдары бир катар илимий онлайн семинарларга катышып келишкен. Алардын кытайлык кесиптештеринин азыркы сапары ШКУ программасын ишке ашыруунун кезектеги этабы болуп саналат.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

30.04.2024
"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

2024-жылдын 23-24-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында П.Е. Лукомский жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85 жылдыгына арналган "Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы эл аралык ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Иш-чара И.К.Ахунбаев атындагы КММА тарабынан Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коому  менен биргеликте уюштурулган.

 

Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан кардиология, ревматология, нефрология, гастроэнтерология, геронтология, эндокринология тармагындагы алдыңкы адистер  жана клиникалык фармакологдор катышты. Ошондой эле ар кандай медициналык университеттердин (Бишкек, Ош, Бухара, Шымкент) жаш изилдөөчүлөрү жана терапевттери баяндама жасашты.

 

Жаш терапевттердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, анын жыйынтыгында эң мыкты иштер үчүн Ардак грамоталар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, ачылыш аземинде бир катар илимпоздор жана практик дарыгерлер Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коомунун «Гравертон ыраазычылык» жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.

30.04.2024
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери аяктады

Бүгүн, 2024-жылдын 30-апрелинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 3 кабаттуу корпусунун ачылышы болду.

Иш-чара министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева, Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева, РКЖООнун жетекчилиги жана жамаатынын катышуусунда өттү.

 Медициналык имараттын капиталдык ремонту Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоору аркылуу каржыланып, ага 72 миллион сом бөлүнгөн.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, 200 орунга эсептелген бул имарат 2023-жылдын июль айынан бери капиталдык ремонтко жабылган. Имарат 1989-жылы пайдаланууга берилген жана эксплуатацияга берилгенден бери эч кандай оңдоо же курулуш иштери (капиталдык оңдоо) жүргүзүлгөн эмес, оорукананын кызматкерлери тарабынан косметикалык оңдоо иштери гана жүргүзүлгөн.

Жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды дарылоодо бөлүмдөрдүн ишинин өзгөчөлүгүн эске алганда, дезинфекциялык каражаттар менен бат-баттан тазалоодон улам, өзгөчө COVID-19 пандемиясынын учурунда дубалдар жана шыптар сыйрылып, жарыла баштаган. Линолеум капталган полу шишип, эскирип, көпкө пайдаланылгандыктан имараттын инженердик системалары: суу, канализация, жылуулук, электр тармактары, вентиляция жана сантехникалык жабдууларын 100% алмаштырууга муктаждык бар эле», - деди башкы дарыгер.

3 кабаттуу имараттын эшиктерин, полдорун алмаштыруу, канализация, суу менен камсыздоо жана жылытуу системаларын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле электр чубалгыларын жана приборлорун алмаштыруу менен электрдик монтаждоо иштери жүргүзүлүп, палаталарга жаңы душ, сантехника орнотулду. Имаратта заманбап вентиляция системасы бар. Учурда имаратка эки лифт орнотулууда.

«Бул оорукана инфекциялык ооруга кабылгандарга медициналык жардам көрсөткөн республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын флагманы болуп саналат жана бул оорукананы өнүктүрүү, өркүндөтүү Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, өзгөчө COVID-19 пандемиясында дагы буга күбө болдук. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун колдоосу менен жугуштуу оорулар ооруканасынын капиталдык ремонту бейтаптарга сапаттуу жардам көрсөтүүгө, биздин кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Инфекциялык оорукананын өзүнүн спецификасы бар экенин билебиз, андыктан абаны тазалоодо жана сууну чыпкалоодо айлана-чөйрөгө эч кандай оору козгогуч кирбеши үчүн кылдат мамиле жасоо талап кылынган. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген, оңдоп-түзөөдөн өткөн имараттын ишке берилиши коркунучтуу жугуштуу ооруларга каршы натыйжалуу күрөштүн кепилдиги болот”, - деди министрдин орун басары, Бүбүжан Арыкбаева. 

 Курулуш-оңдоо иштеринин аякташына байланыштуу РКЖОО 2024-жылдын 1-майынан тартып 500 койка менен штаттык режимде ишин улантат жана калкка өз убагында, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө даяр.

 

 

30.04.2024
Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

2024-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Элдар Сулайманов менен бирге Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылыш аземине катышты.

Чоң-Алай райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Ысламидин Бакиров министр менен депутатка облустун калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Жаңы рентген кабинетинин курулушу Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, дарыкана имараты демөөрчүлөрдүн каражатына курулган.

«Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылышы калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат деп ойлойм. Бул аймакты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу менен бирге, дарт аныктоону жогорку деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна жана бул маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө.

Чоң-Алай райондук ЖДПБсы 26 миңге жакын адамды тейлесе, анын ичинен 12 857си 14 жашка чейинки балдар.