Copyright: ©

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленүүдө

29.09.2022 / Просмотров: 1109

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү биринчи жолу 1999-жылы Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясынын демилгеси менен уюштурулган. Бул акция Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ), ЮНЕСКО жана башка маанилүү уюмдар тарабынан колдоого алынган. Бул күн алгач сентябрдын акыркы жекшембисинде белгиленип келген, бирок 2011-жылдан бери бул күн 29-сентябрга белгиленген.

Бул датаны өткөрүүнүн максаты - жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, алардын пайда болуу себептери жана алдын алуу ыкмалары тууралуу маалымат берүү.

Жүрөк ооруларынын жана инсульттун негизги тобокелдик факторлору туура эмес тамактануу, кыймылсыздык, тамеки тартуу жана спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуу.

Тамеки чегүүдөн баш тартуу, тузду азайтуу, жашылча-жемиштерди колдонуу, үзгүлтүксүз физикалык көнүгүү жана алкоголдук ичимдиктерди зыяндуу колдонуудан алыс болуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун азайтары далилденген.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча:

• Жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКО) дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн негизги себеби болуп саналат.

• 2016-жылы болжол менен 17,9 миллион адам жүрөк оорусунан каза болгон, бул дүйнө жүзү боюнча бардык өлүмдөрдүн 31%ын түзөт. Бул өлүмдөрдүн 85%ы инфаркт жана инсульттан улам болгон.

• Эгерде сиз тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуу сыяктуу жаман адаттардан баш тартып, дене салмагыңызды көзөмөлдөп, физикалык активдүүлүктүн деңгээлин сактасаңыз, жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбүн алдын алууга болот.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

26.04.2024
Төрөт үйлөрүндө бейтаптын электрондук картасын киргизүү

Sanarip MED санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделинин алкагында, өлкөнүн ооруканаларында санариптик чечимдерди киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

 

Ооруканалар үчүн башка саламаттык сактоо маалымат системалары менен интеграцияланган санариптик медициналык карта иштелип чыккан жана ишке киргизилген. Бул санариптик медкарта бейтаптар жана алардын стационардык саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медициналык абалы жөнүндө маалыматты камтыган кагаз жүзүндөгү медкартанын санарип формасы.

 

Бул бейтапка медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык этаптарын, анын ичинде кабыл алуу, диагностика, дарылоо жана байкоо жүргүзүүнү камтыган электрондук документ.

 

Модулдардын бири – Кыргыз Республикасында акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган төрөт жана төрөттөн кийинки жардамдын тарыхы. Төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде интра-наталдык жана постнаталдык жардам көрсөтүүнүн санариптик картасынын долбоору эненин жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын ден соолугун башкаруу максатында сапаттуу медициналык документация жүргүзүү үчүн иштелип чыккан.

 

Маалыматтарга тез жетүүнүн жана төрөттүн динамикасын автоматтык түрдө көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнүн аркасында көрсөтүлүүчү кызматтардын ачыктыгы жана сапаты жогорулайт. Бул клиникалык чечимдерде иш-аракеттердин алгоритмдерин деталдуу эсепке алууга мүмкүндүк берет жана чыгымдарды азайтууга жардам берет.

 

Бейтаптын санариптик медкартасынын жеткиликтүүгү, өзгөчө алыскы аймактардагы же жетүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн медициналык кызматкерлер менен байланышын жеңилдетет.

 

Кыргыз Республикасында бейтаптын санариптик медициналык картасын киргизүү жана колдонуу процессине көз салуу жана анын функцияларын жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарында медициналык персоналдын дараметин жогорулатуу боюнча тестирлөө башталды.

 

Учурда окутуу жана ишке ашыруу процесстери экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги беш акушердик уюмда, тактап айтканда, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында, Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасында, Ысык-Көл жана Чүй облустук бириккен ооруканаларында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда 2024-жылдын апрель жана май айларында жүрүп жатат.

 

Жогорудагы беш акушердик уюмдардын акушер-гинекологдору, акушеркалары, неонатологдору жана неонаталдык медайымдары бейтаптын санариптик медициналык картасын, анын ичинде акушердик жана неонаталдык бөлүктөрүн толтуруунун жана колдонуунун техникалык жана клиникалык аспектилери боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатууда.

 

Окутуу жана ишке ашыруу процесстери инновациялык чечимдер аркылуу алдын ала турган энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн жана оорууларын кыскартууга багытталган БУУнун Түштүк-Түштүк Кызматташтыгы долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоор КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылууда.

22.04.2024
Мини-футбол боюнча мелдеште Саламаттык сактоо министрлигинин футболдук командасы 1-орунду ээледи

Саламаттык сактоо министрлигинин футбол командасы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган кичи футбол боюнча мелдеште 1-орунду ээлеп, жеңишин майрамдоодо. 2024-жылдын 20-21-апрелинде өткөн бул турнир президенттин “Кыргызстанда 2024-2034-жылдарга футболду мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп, анын максаты - футболду өнүктүрүү ден соолукту сактоонун жана чыңдоонун багыты катары кызматкерлердин физикалык даярдыгын жогорулатуу жана спортту пропагандалоо.

Турнирге министрликтердин, ведомстволордун, Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин командалары катышты, бул спорттук иш-чараларга болгон кызыгууну жана алардын калк арасында физикалык активдүүлүктү жогорулатуудагы ролун чагылдырат.

22.04.2024
Европалык иммунизация жумалыгы муундар үчүн эмдөөнүн маанилүү экендигин баса белгилейт

Бүгүн 2024-жылдын 22-апрелинен 28-апрелине чейин белгиленген Европалык иммунизация жумалыгы башталды. Бул жылы жумалык ДССУнун Иммунизация боюнча кеңейтилген программасынын 50 жылдыгын жана Кыргызстандын улуттук эмдөө программасынын 30 жылдыгын белгилөөгө арналган. Евробиримдиктин, ДССУнун жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Саламаттыкты сактоо министрлиги жетектеген кампания эмдөө көптөгөн муундарды вакцина менен алдын ала турган оорулардан кантип коргогондугун көрсөтөт.

Негизги максат – жугуштуу оорулардын алдын алуу чарасы катары эмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө калкка маалымат жеткирүү. Бул жумалыкта узак жана ден-соолукта өмүр сүрүүгө салым кошкон вакциналарга кеңири жол ачууга чакырыктар айтылат.

1974-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан демилгеленген Иммунизация боюнча кеңейтилген программа ар бир баланын өмүрүн сактап калуучу вакциналарга тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Акыркы 50 жыылда вакциналар дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап, жугуштуу оорулардын жүгүн азайтып, дени сак келечекке жол ачты.

Кыргызстан калкты эмдөөдө орчундуу ийгиликтерге жетишти. ДССУнун Европа аймагынын башка өлкөлөрү менен биргеликте 2002-жылы Кыргызстан полиомиелиттен эркин өлкө катары тастыктама алган. Акыркы жылдарда ВИГА, ДССУ жана ЮНИСЕФтин колдоосу астында  Кыргызстандын улуттук эмдөөлөр календарына бир нече жаңы вакциналар: 2016-ж., пневмококк конъюгацияланган вакцина, 2018-ж., полиомиелитке каршы инактивацияланган вакцина, 2019-ж., ротавирус вакцинасы жана 2022-ж., адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы вакцина киргизилди. 

Бул жетишкендиктерге карабастан эмдөөлөрдөн баш тартуулар “Бир кумалак бир карын майды чиритет” деген макал сындуу кала берүүдө жана бул ДСУнун Европа аймагында кайрадан кызамыктын пайда болуусунун себептеринин бири болду. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кызамыктын 8029 учуру 2024-жылдан бери катталды. Эмдөө вакциналардын жардамы менен бөгөт коюлучу кызамыктын жана башка оорулардын жайылуусун алдын алуунун кыйла натыйжалуу каражаты болуп кала бере тургандыгын эстен чыгарбоо зарыл. Вакцинанын бирдей жеткиликтүү болуусун камсыздоо жана коомчулуктун иммунизация программаларына карата ишенимин бекемдөө аркылуу биз учурдагы жана келечектеги муундардын ден соолугун сактап кала алабыз. 

«Кыргызстан 20 жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык иммунизация жумалыгын өткөрүүдөгү демилгесин колдойт, 2024-жылы ал “Муундарды коргоо” урааны астында өтүп жатат. Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан калкты пландуу иммунизациялоонун жардамы менен кептөөр, селейме, жаңы төрөлгөн балдардагы кургак учук менингити, “В” вирустук гепатити 5 жашка чейинки балдар арасында катталган жок. 1993-жылдан тарта өлкө полиомиелиттен эркин өлкө статусуна ээ. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана КР Саламаттык сактоо министрлиги Иммунизациялоо программасын коомдук саламаттык сактоонун артыкчылыктуу программаларынын бири катары аныктайт жана калкка иммунизациянын сапаттуу кызматтарынын адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча бардык күч-аракетин жумшап жатат”,-деп белгиледи Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысынын м.а. Анара Мамбетисаева.

“Европалык иммунизация жумалыгы – бул коммуникациялык иш-чараларды, ошондой эле жогорку тобокелчилик тобундагы калкка иммунизация жүргүзүү аркылуу иммунизациялоого көңүл бурдуруу үчүн колдонулуучу регионалдык демилге.  Саламаттык сактоо министрлиги жана биздин өнөктөштөрдүн биргелешкен аракеттеринин, анын ичинде улуттук иммунизация программасынын талыкпаган ишинин жардамы менен биз калктын ден соолугун чыңдоодо чоң прогресске жетиштик. Бирок Кыргызстандагы жана дүйнө жүзүнүн башка көптөгөн өлкөлөрүндөгү кызамыктын чыгышы, адамдарды эмдөө маселеси туруктуу көңүл бурууну талап кыла тургандыгын көрсөтүүдө. Биз Кыргызстандын кызамыктын чыгуусуна бөгөт коюуга багытталган күч-аракетин жогору баалайбыз жана ден соолук сакчысы болуп кала беребиз”, -деп белгиледи Кыргыз Республикасындагы ДССУнун өкүлү, д-р Ливиу Ведраско.

«Эмдөө - Кыргызстандагы балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн гана эмес, аман калышы үчүн да эң зарыл чара. Азыркы учурда бул эң эффективдүү коомдук саламаттыкты сактоо чарасы. ЮНИСЕФ ар бир бала эмделип, анын ден соолугун коргоо үчүн Өкмөт жана башка өнөктөштөр менен иштөөнү улантууда», - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Сильви Хилл.

***

 

Маалымдама: жыл сайын БДСУнун Европа аймагында оорулардын алдын алуу жана өмүрлөрдү коргоо үчүн аябагандай чоң мааниге ээ болгон иммунизацияны жайылтууга багытталган Европалык иммунизация жумалыгы (ЕИЖ) өтөт. Алгачкы жолу ЕИЖ 2005-ж., өткөн жана ага Аймактагы болгону бир нече өлкө катышкан. Демилгенин максаты ар бир бала вакциналардын жардамы менен алдын алууга боло турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укуктуу экендиги тууралуу маалыматты жайылтуу жолу менен эмдөөгө камтууну көбөйтүүдө турган. ЕИЖ ошол замат Аймактагы коомдук саламаттык сактоо тармагындагы эң эле көрүнүктүү жана белгилүү кампаниялардын бири болуп калды жана Кыргызстанда ДССУ долбоору – Борбор Азия боюнча COVID-19га жооп кайтаруу боюнча Европа биримдигинин (CACCR) колдоосу астында жүзөгө ашырылып жатат.