Ош облусундагы наркология борбору менен Ош облустук психикалык ден соолук борбору бирикти

11.01.2022 / Просмотров: 1759

 2022-жылы КР Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы демилгелеген реформасынын негизинде Ош облусундагы наркология борбору менен Ош облустук психикалык ден соолук борбору бирикти.
Жогоруда аталган медициалык жайлар Ош облустук психиатрия жана наркология борбору болуп бириктирилгени менен олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон жок.
Ошол эле бюджет жана керебет орундар болот.
 "Ош облустар аралык наркология борбору менен Ош облустук психикалык ден соолук борборунун биригиши кызматкерлер үчүн ыңгайсыздык жаратпайт. Себеби, бул реформа өзү акыркы 5 жылдыкта боло турган процесс болчу. Анткени бизге саламаттык сактоо министрлигинин чыгарып берген буйруктары, мыйзамдары окшош. 
Бизде мурда кандай багытта иштер жасалса, азыр деле бардык дарыгерлер, медайымдар жана тартип сакчылары ишин өзгөртүүсүз уланта беришет.
Биздин мурдагы аталышыбыз "Ош областтык психикалык ден соолук борбору" калк арасында психикалык саламаттыгы бузулган бейтаптарды карачубуз, ал эми экинчи жагы "Ош областтык, областтар аралык наркология борбору" бул аракечтик жана наркоманиядан жабыркаган адамдарды кабыл алып, реабилитация жүргүзүүчү мекеме болчу.

Албетте, бир аз кыскартуу иштери административдик башкаруучу кадрларга таасирин тийгизди, эгер алар ишсиз калса мамлекет тарабынан компенсация төлөнүп берилет, бирок менимче ишсиз калышпайт, себеби бизде айрым дарыгерлер жетишсиз болгондуктан алардын ордуна эле толуктап алганга даярбыз. 
Ал эми айлык-маяна маселесине келсек административдик башкаруу бөлүмүнүкү көтөрүлдү. Бул нерсе мисалы, биздин алган айлыгыбыз 7 миң сом болсо жумуштан сырткары, келтирилген оорчулук үчүн, айлыктан сырткары дагы 50%ы кошумча төлөнүп берилет деген сөз.
Эки борбордун биригүүсүнүн жакшы жери карапайым калк үчүн да өзгөчө шарт түздү. Себеби, айрым юридикалык документ иштерине психиатрия борборунан, наркология борборунан өз-өзүнчө маалым кат (справка) алуусу керек болгон учурлар бар эле, ал үчүн эки башка жерге барып, архивди издеттиргенге да көп убакыт кетчү, азыр болсо бир жерден алат жана биз архивдеги маалыматтардын баарын электрондук каттоо системасына киргизип бүттүк. Электрондук каттоого өткөнүбүздүн дагы бир себеби бизде каттоодо алынган жарандардын маалымдама кагаздары эреже боюнча 75 жылга чейин сакталышы керек.
Азыр документти ашып кетсе 5 мүнөт аралыгында бүтүрүп беребиз, мурда бир бейтапка 35-40 мүнөткө чейин убакыт коротчубуз. 
Ошондой эле бизде онлайн кеңеш берүү бөлүмү да бар, ал жерге байланышка чыгуу үчүн "Кактус Медиа" сайтына ж.б ЖМК дарек номерлерибизди бергенбиз. Ал жерде дагы онлайн кеңеш берүүлөрдү жүргүзөбүз.
Бул мүмкүнчүлүктөрдүн баары бизге жана калкка да өтө ыңгайлуу шарт болду деп айта алам.
Ошондой эле  жаңы түзүлгөн борбордогу орундардан дагы кыскарган жок", -деп билдирди Ош облусунун психикалык жана наркология борборунун директорунун орун басары Нурланбек Акпышаров.


Прикрепленные файлы:

Другие Новости

18.05.2024
Бишкекте жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча VII эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында, Бишкек шаарында маанилүү юбилей - академик Иса Коноевич Ахунбаев жасаган Борбордук Азиядагы алгачкы жүрөк операциясынын 65 жылдыгына арналган жыл сайын өтүүчү VII Эл аралык илимий-практикалык конференция ишин баштады.

Конференция Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуучуларга жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген конокторго амандашуу сөзү менен ачылды.

Министр өз сөзүндө көрүнүктүү академик, хирург жана таланттуу дарыгер – Иса Коноевич Ахунбаевге терең ыраазычылык билдирди, анын эмгеги аймактагы медицина тармагындагы көптөгөн жетишкендиктерге башат болгон. Бул конференция тажрыйба жана билим алмашууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, биз кесиптештердин идеяларынан шыктанып, илимий жана практикалык билимибизди тереңдетип, адамдардын ден соолугун жана жашоосун жакшыртуу үчүн жаңы чечимдерди жана технологияларды издөөдө бириге турган жайга айланат.

Талкуунун негизги темалары жаңы технологияларды, дарылоо жана диагностикалык методдорду, ошондой эле келечекте медицинаны өнүктүрүүнүн перспективаларын камтыды.

Мындан тышкары 19-майда Ысык-Көлдө салттуу веложүрүш жана Тору-Айгыр айылындагы И.К. Ахунбаевдин эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.

18.05.2024
Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унаалары тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Ысык-Көл жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу иш-чарасы болду. Автоунаалардын ачкычын КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.

 Министр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына жети тез жардам унаасын өткөрүп бергенин, анын бири мурда Тамчы айылындагы тез жардам пунктуна, дагы үч унаа Балыкчыдагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна, Боом капчыгайындагы тез жардам пунктуна жана Ысык-Көл районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна тапшырылып жатканын билдирди.

«Бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган тез медициналык жардам унааларынын тапшырылышы Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна тез медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жасалган олуттуу кадам болуп саналат. Саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткан  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдиребиз», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

18.05.2024
Бишкектеги окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15  адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

18-майда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.