Copyright: ©

Неонаталдык скрининг тубаса кемтиктерди алгачкы этапта аныктоого мүмкүндүк берет

04.12.2023 / Просмотров: 3441

Кыргыз Республикасында 2019-жылдан тартып тубаса ооруларды – тубаса гипотиреозду (ТГ) эрте аныктоо үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда пилоттук негизде неонаталдык скринин жасала баштаган. 2023-жылы жаңы төрөлгөн ымыркайларды мындай скрининг менен ырааттуу камтуу Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жүргүзүлдү. 2023-жылы 72 миң жаңы төрөлгөн ымыркай текшерүүдөн өткөн. Тубаса гипотиреоз 370 ымыркайда аныкталган.

Тубаса гипотиреоз – балдардын калкан сымал безинин эң кеңири тараган тубаса ооруларынын бири, ал гормондордун толук же жарым-жартылай жетишсиздигинен келип чыгып, организмдин бардык органдарынын жана системаларынын өнүгүүсүнүн артта калышына алып келет.

Андан соң экинчи оору - фенилкетонурияга скрининг жасала башталды.

Фенилкетонурия – фенилаланин аминокислотасын ажыратуучу ферменттин активдүүлүгү жок же азайган оору. Акыркысы кандагы фенилаланиндин топтолушу менен коркунучтуу, ал өз кезегинде неврологиялык ооруларга, мээнин бузулушуна жана акыл-эстин артта калышына алып келет.

Кошумчалай кетсек, пилоттук долбоордун алкагында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ара төрөлгөн балдардын ретинопатиясын аныктоочу скрининг да киргизилген. “Ара төрөлгөн балдардын ретинопатиясын диагностикалоо, башкаруу жана дарылоо протоколунун” долбоору бекитүүгө даярдалды.

Ошондой эле жаш балдар аудио-скринингден өткөрүлүүдө. ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын аймактарындагы төрөт үйлөрүнө жана баштапкы медициналык-санитардык жардам борборлоруна 22 даана аудиоскинерлер сатылып алынган.

 

Маалымат үчүн:

Неонаталдык скрининг – жаңы төрөлгөн балдарды тукум куума ооруларга (тубаса гипотиреоз, фенилкетонурия ж. б.) массалык текшерүү. Мындай изилдөөлөр тукум куума оорулардын оор клиникалык кесепеттерин эрте аныктоого, өз убагында дарылоого жана алдын алууга багытталган.

Скрининг үчүн кан алуу атайын даярдыктан өткөн кызматкер тарабынан жүргүзүлөт. Тесттин жыйынтыгы бир нече күндүн ичинде чыгарылат.

 

АКШда жаңы төрөлгөн ымыркайлар 50 ооруга, ал эми Орусияда 36га текшерилет.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

18.05.2024
Бишкектеги окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15  адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

18-майда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.


 

 

18.05.2024
Бишкекте жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча VII эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында, Бишкек шаарында маанилүү юбилей - академик Иса Коноевич Ахунбаев жасаган Борбордук Азиядагы алгачкы жүрөк операциясынын 65 жылдыгына арналган жыл сайын өтүүчү VII Эл аралык илимий-практикалык конференция ишин баштады.

Конференция Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуучуларга жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген конокторго амандашуу сөзү менен ачылды.

Министр өз сөзүндө көрүнүктүү академик, хирург жана таланттуу дарыгер – Иса Коноевич Ахунбаевге терең ыраазычылык билдирди, анын эмгеги аймактагы медицина тармагындагы көптөгөн жетишкендиктерге башат болгон. Бул конференция тажрыйба жана билим алмашууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, биз кесиптештердин идеяларынан шыктанып, илимий жана практикалык билимибизди тереңдетип, адамдардын ден соолугун жана жашоосун жакшыртуу үчүн жаңы чечимдерди жана технологияларды издөөдө бириге турган жайга айланат.

Талкуунун негизги темалары жаңы технологияларды, дарылоо жана диагностикалык методдорду, ошондой эле келечекте медицинаны өнүктүрүүнүн перспективаларын камтыды.

Мындан тышкары 19-майда Ысык-Көлдө салттуу веложүрүш жана Тору-Айгыр айылындагы И.К. Ахунбаевдин эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.

18.05.2024
Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унаалары тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Ысык-Көл жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу иш-чарасы болду. Автоунаалардын ачкычын КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.

 Министр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына жети тез жардам унаасын өткөрүп бергенин, анын бири мурда Тамчы айылындагы тез жардам пунктуна, дагы үч унаа Балыкчыдагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна, Боом капчыгайындагы тез жардам пунктуна жана Ысык-Көл районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна тапшырылып жатканын билдирди.

«Бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган тез медициналык жардам унааларынын тапшырылышы Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна тез медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жасалган олуттуу кадам болуп саналат. Саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткан  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдиребиз», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.