Copyright: ©

КР Саламаттык сактоо министри Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору менен жаңы долбоорду ишке ашырууну талкуулады

06.02.2024 / Просмотров: 2469

2024-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широковдун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар «Ден соолук кербени» жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын автопарктарын жаңылоо сыяктуу мурунку долбоорлордун жыйынтыктарын, ошондой эле Кыргызстанды кошумча тез жардам унаалары менен камсыз кылуу боюнча саламаттыкты сактоо тармагындагы жаңы долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Министр Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директоруна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Ден соолук кербени» долбоорунун алкагында бизге айыл жергесинин жана жетүүгө кыйын аймактардын калкынын арасында оорулардын алдын алуу жана эрте аныктоо үчүн эки автопоезд берилди. Баштапкы профилактикалык кароолорду өткөрүү жана ден соолукту чыңдоо биздин артыкчылыктуу багыттардын бири. Ошондой эле өткөн жылы 107 унаа алдык. Биздин саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгыбыз өз ара пайдалуу кызматташтык шарттарында тереңдейт жана бекемделет деп ишенебиз”, - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Министр ошондой эле учурда кыргыз тарап жарыяланган 3-конкурстун алкагында Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун гранттык жардамына арыздарды чогултуу боюнча иш алып барып жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков, Кыргызстанга гранттык жардам көрсөтүү боюнча кезектеги долбоордун алкагында Кыргызстанга ушул жылдын аягына чейин адистештирилген унааларды сатып алуу боюнча иш жүргүзүлүп, жабдыктарды сатып алуу процесси башталаарын блдирди. 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

30.04.2024
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери аяктады

Бүгүн, 2024-жылдын 30-апрелинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 3 кабаттуу корпусунун ачылышы болду.

Иш-чара министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева, Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева, РКЖООнун жетекчилиги жана жамаатынын катышуусунда өттү.

 Медициналык имараттын капиталдык ремонту Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоору аркылуу каржыланып, ага 72 миллион сом бөлүнгөн.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, 200 орунга эсептелген бул имарат 2023-жылдын июль айынан бери капиталдык ремонтко жабылган. Имарат 1989-жылы пайдаланууга берилген жана эксплуатацияга берилгенден бери эч кандай оңдоо же курулуш иштери (капиталдык оңдоо) жүргүзүлгөн эмес, оорукананын кызматкерлери тарабынан косметикалык оңдоо иштери гана жүргүзүлгөн.

Жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды дарылоодо бөлүмдөрдүн ишинин өзгөчөлүгүн эске алганда, дезинфекциялык каражаттар менен бат-баттан тазалоодон улам, өзгөчө COVID-19 пандемиясынын учурунда дубалдар жана шыптар сыйрылып, жарыла баштаган. Линолеум капталган полу шишип, эскирип, көпкө пайдаланылгандыктан имараттын инженердик системалары: суу, канализация, жылуулук, электр тармактары, вентиляция жана сантехникалык жабдууларын 100% алмаштырууга муктаждык бар эле», - деди башкы дарыгер.

3 кабаттуу имараттын эшиктерин, полдорун алмаштыруу, канализация, суу менен камсыздоо жана жылытуу системаларын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле электр чубалгыларын жана приборлорун алмаштыруу менен электрдик монтаждоо иштери жүргүзүлүп, палаталарга жаңы душ, сантехника орнотулду. Имаратта заманбап вентиляция системасы бар. Учурда имаратка эки лифт орнотулууда.

«Бул оорукана инфекциялык ооруга кабылгандарга медициналык жардам көрсөткөн республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын флагманы болуп саналат жана бул оорукананы өнүктүрүү, өркүндөтүү Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, өзгөчө COVID-19 пандемиясында дагы буга күбө болдук. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун колдоосу менен жугуштуу оорулар ооруканасынын капиталдык ремонту бейтаптарга сапаттуу жардам көрсөтүүгө, биздин кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Инфекциялык оорукананын өзүнүн спецификасы бар экенин билебиз, андыктан абаны тазалоодо жана сууну чыпкалоодо айлана-чөйрөгө эч кандай оору козгогуч кирбеши үчүн кылдат мамиле жасоо талап кылынган. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген, оңдоп-түзөөдөн өткөн имараттын ишке берилиши коркунучтуу жугуштуу ооруларга каршы натыйжалуу күрөштүн кепилдиги болот”, - деди министрдин орун басары, Бүбүжан Арыкбаева. 

 Курулуш-оңдоо иштеринин аякташына байланыштуу РКЖОО 2024-жылдын 1-майынан тартып 500 койка менен штаттык режимде ишин улантат жана калкка өз убагында, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө даяр.

 

 

30.04.2024
"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

2024-жылдын 23-24-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында П.Е. Лукомский жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85 жылдыгына арналган "Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы эл аралык ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Иш-чара И.К.Ахунбаев атындагы КММА тарабынан Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коому  менен биргеликте уюштурулган.

 

Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан кардиология, ревматология, нефрология, гастроэнтерология, геронтология, эндокринология тармагындагы алдыңкы адистер  жана клиникалык фармакологдор катышты. Ошондой эле ар кандай медициналык университеттердин (Бишкек, Ош, Бухара, Шымкент) жаш изилдөөчүлөрү жана терапевттери баяндама жасашты.

 

Жаш терапевттердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, анын жыйынтыгында эң мыкты иштер үчүн Ардак грамоталар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, ачылыш аземинде бир катар илимпоздор жана практик дарыгерлер Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коомунун «Гравертон ыраазычылык» жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.

30.04.2024
Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

2024-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Элдар Сулайманов менен бирге Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылыш аземине катышты.

Чоң-Алай райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Ысламидин Бакиров министр менен депутатка облустун калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Жаңы рентген кабинетинин курулушу Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, дарыкана имараты демөөрчүлөрдүн каражатына курулган.

«Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылышы калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат деп ойлойм. Бул аймакты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу менен бирге, дарт аныктоону жогорку деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна жана бул маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө.

Чоң-Алай райондук ЖДПБсы 26 миңге жакын адамды тейлесе, анын ичинен 12 857си 14 жашка чейинки балдар.