Copyright: ©
Кызамык оорусуна байланышкан кырдаал боюнча маалымат
13.11.2023 / Просмотров: 3895
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери кызамык менен ооруган 3618 учур аныкталган. Аймактар боюнча: Бишкек шаары – 1076 учур, Ош шаары – 333 учур, Ош облусу – 695 учур, Баткен облусу – 96 учур, Чүй облусу – 562 учур, Жалал-Абад облусу – 650 учур, Талас облусу – 95 учур, Ысык-Көл облусу – 72 учур, Нарын облусунда – 39 учур. ⠀
Жашы боюнча бөлүштүргөндө 88% же 3195 учур 10 жашка чейинки балдар арасында катталган. Оорулуулардын эмдөө абалы боюнча 87% же 3140 бейтап ар кандай себептер менен эмдөө алган эмес.
Кызамык вирусунун активдүү циркуляциясы Бишкек, Жалал-Абад жана Чүй облустарында байкалууда, бул жерде вирустун жугушу уюшкан топтордогу эмделбеген балдар арасында кездешүүдө.
Уюшкан жамааттарда кызамыктын очогун жок кылуу үчүн кызамыкка жана кызылчага каршы вакцина менен кошумча эмдөө жүргүзүлүүдө, кызамыкка жана кызылчага каршы “толуктоочу” эмдөө кызылча-паротит-кызамыкка каршы вакцина менен кызамыкка каршы пландуу эмдөөнүн алкагында жүргүзүлүүдө, медицина кызматкерлери активдүү очокторго күчөтүлгөн тартипте көз салууда. Жалпысынан кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда.
9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдарды кызылча жана кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясы вирус эң активдүү жайылган аймактарда: Бишкек, Ош шаарларында, Ош, жана Чүй облустарында улантылууда. Жалал-Абад облусунда кызамык оорусу күчөгөнүнө байланыштуу уюшкан топтордогу балдарды кошумча эмдөө иштери башталды. Мындан тышкары, бардык курактагы байланыштагы адамдар 72 сааттын ичинде ыкчам түрдө эмдөөдөн өтүшөт.
Оорунун жайылышын үзгүлтүккө учуратуу үчүн эмдөө менен камтуу 95% дан жогору болушу керек. Кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында бүгүнкү күндө 462 692 бала вакцина алды, бул 77%ды түзөт.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
07.02.2025
ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлигине 507 даана компьютер тапшырды
Бүгүн, 2025-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Эркин Чечейбаев менен ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапанын жолугушуусу болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө ЮНИСЕФ министрликке «iEMDOO» маалымат системасын ишке киргизүү үчүн 507 моноблок тапшырды. Бул система баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде эмдөө программасына санариптик инструменттерди киргизүүгө, персоналдаштырылган эсепти жакшыртууга жана балдарды эмдөө менен камтууну жогорулатууга мүмкүндүк берет. Демилге Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамды модернизациялоого жана саламаттыкты сактоодо санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЮНИСЕФтин 2023-2027-жылдарга карата өлкө программасы да талкууланды. Самман Тапа Саламаттыкты сактоо министрлиги, ЮНИСЕФтин жүргүзүлүп жаткан иш-чаралары жана иш планы менен тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, уюмдун Кыргызстандагы балдардын ден соолугун, өнүгүүсүн жана бакубаттуулугун жакшыртууга умтулуусун баса белгиледи. Бул аракеттер бардык жарандардын өмүр бою негизги медициналык кызматтардын толук спектрин камтыган, финансылык кыйынчылыктарсыз сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүүсүн камсыз кылууга багытталган.
«I-EMDOO» системасы Кыргызстандагы медициналык кызматтарды санариптештирүүдөгү олуттуу прогрессти билдирет. Эмдөөлөрдү каттоону толугу менен санариптештирүү менен система медициналык кызматкерлердин административдик жүгүн азайтат, бул аларга бейтаптарды тейлөөгө көбүрөөк көңүл бурууга жана коомдук саламаттыкты сактоонун алдын алуу чараларынын алкагында камтылбай калган балдарды жана калкты оңой көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Учурдагы саламаттык сактоо маалымат базалары жана платформалары менен интеграциялоо коомдук саламаттыкты сактоону эффективдүү башкаруу үчүн маанилүү болгон ар тараптуу жана так маалыматтарды чогултууну камсыздайт», - деди Самман Тапа.
«ЮНИСЕФтин Өкүлү Самман Тапа мырза менен жолугуп жатканыбызга кубанычтабыз жана Кыргызстанга, өзгөчө эне жана баланын саламаттыгы тармагында көрсөтүлүп келе жаткан колдоо үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Биздин кызматташтыгыбыз уланып, чыңдалып жатканы маанилүү. Өткөн жылы эле биз өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүдө олуттуу ролду ойногон 3 миллион долларга жакын жардам алдык. ЮНИСЕФтин COVID-19 пандемиясынын учурунда маанилүү болгон иммунизация системасын санариптештирүүгө кошкон салымы өзгөчө баалуу. Биз мындан ары жемиштүү өнөктөштүктү, анын ичинде техникалык колдоо жана эксперттик жардам маселелерин чыдамсыздык менен күтөбүз. Учурда биз саламаттыкты сактоо тутумундагы кырдаалга комплекстүү баа берүүнү жүргүзүп жатабыз жана бирдиктүү эксперттик топ түзүү үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде ЮНИСЕФтин, ДССУнун жана башка уюмдардын аракеттерин бириктиришибиз керек. Бул бизге Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча негиздүү сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет»,-деди КРнын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.
2025-жылы эмдөө процессин кагазсыз эсепке алууга толук өтүү үчүн шарттарды камсыз кылуу пландалып жатканын белгилейбиз. Бул үчүн бардык журналдарды жана эсепке алуу формаларын санариптештирүү, ошондой эле республика боюнча 1750гө жакын эмдөө пункттарында «iEMDOO» маалымат системасын киргизүү талап кылынат.
Маалымат үчүн:
Компьютерлер ЮНИСЕФтин аракеттеринин алкагында ГАВИ (Вакциналар жана иммунизация боюнча Глобалдык альянс) жана Канада Өкмөтүнүн колдоосу менен тапшырылды. Бул салым ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо боюнча жүргүзүп жаткан аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. ЮНИСЕФ ГАВИ менен биргеликте жакында төрөт үйлөрүндөгү дагы бир маалыматтык система үчүн 117 компьютер, 9500дөн ашык жеке коргонуу каражаттары жана Саламаттык сактоо министрлигине вакциналарды ташуу үчүн 26 жол тандабас алып берген.
05.02.2025
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда операциялык зал, жандандыруу жана паллиативдик жардам бөлмөлөрү уюштурулду
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы бөлүмүндө онкологиялык патологиясы бар балдар үчүн операциялык зал, жандандыруу жана паллиативдик жардам бөлмөлөрү ачылды. Мындай чаралар онкологиялык патологиясы бар балдарга адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.
Химиотерапия же нур терапиясын алган балдардын өмүрүнө коркунуч туудурган кыйынчылыктар сейрек эмес. Алардын иммундук системалары бул дарылоо аркылуу басылып, инфекцияларга алсыз болуп калат. Ошондуктан, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында жаңы адистештирилген түзүмдөрдүн ачылышыизоляцияга алынган бейтаптарга күнү-түнү мониторинг жүргүзүүгө, инфекциялык оорлошууларды алдын алууга, начарлоонун алгачкы белгилерине ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, балдар чоңдорго караганда респиратордук жардамга көбүрөөк муктаж.
Паллиативдик жардам негизги дарылоого толуктоо катары диагноз коюлган учурдан башталышы керек. Аны онкопатологиянын терминалдык баскычы менен гана байланыштыруу жаңылыштык. Мындай жардамдын негизги максаты - ыңгайлуу шарттарды түзүү, баланын жана үй-бүлөнүн жашоо сапатын жакшыртуу, физикалык, эмоционалдык жана социалдык кыйынчылыктарды жеңүүдө колдоо көрсөтүү. Изилдөөлөр паллиативдик кызматтарды эрте тартуу ата-энелердин тынчсыздануу жана депрессия деңгээлин азайтарын жана ооруканага шашылыш жаткырылгандардын санын азайтарын тастыктайт.
Бул түзүмдөрдү уюштуруу мультидисциплинардык бригаданы (онколог, реаниматолог, психолог, физиотерапевт жана социалдык кызматкер) жана кошумча каржылык чыгымдарды талап кылат.
Биз бул багытка инвестиция салуу медициналык гана зарылчылык эмес, ошондой эле аярлуу бейтаптар алдындагы коомчулуктун моралдык милдети деп эсептейбиз.
05.02.2025
КР Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев тармакты өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүштү
Бүгүн, 2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттарды белгиледи:
«Мен саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүдө негизги деп эсептеген багыттарга токтолгум келет. Биринчи кезекте – бул башкаруу деңгээлиндеги системалуу коррупцияга каршы күрөш. Бул жөнөкөй дарыгерлерге эмес, чечим кабыл алган жетекчилерге, Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын, республикалык медициналык уюмдардын жетекчилерине, башкы дарыгерлерге, мамлекеттик каражатты бөлүштүргөн жана сатып алууларды жүргүзгөн адамдарга тиешелүү. Коррупцияга каршы күрөш – менин ишмердүүлүгүмдөгү эң маанилүү багыттардын бири.
Экинчиден, калкты дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен жеткиликтүү камсыздоо. Бул финансылык жактан гана эмес, физикалык жана географиялык жеткиликтүүлүктү да камтыйт. Айрыкча алыскы аймактардагы жарандар өздөрүнө керектүү дары-дармектерди оңой сатып ала алышы керек. Бул багытта Кыргызстанда азыр олуттуу көйгөйлөр бар.
Үчүнчүдөн, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы боюнча маселе. Дары-дармектердин баасын жөнгө салуу идеясы абдан жакшы, бирок аны ишке ашыруунун механизмдери жакшыртууну талап кылат. Алгач пилоттук долбоорлорду киргизип, бардык процесстерди так иштеп чыгуу зарыл. Медицина мекемелеринде дары-дармектердин жетишсиздиги болбошу керек, калк зарыл болгон медикаменттер менен камсыз болушу керек. Учурда биз кырдаалды талдап жатабыз, андан кийин өз сунуштарыбызды киргизебиз.
Төртүнчү багыт – стационардык кызматты чыңдоо. Ооруканаларды куруу, оңдоо жана заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо иштерин улантуу зарыл. Өлкө боюнча ооруканалардын абалы начар, жана биз муну өзгөртүшүбүз керек. Айрыкча алыскы аймактарда, райондордо жаңы клиникалар курулушу керек. Азыр клиникалар ар кандай фонддордун жана башка каржылык булактардын эсебинен курулууда, бул ишти күчөтүү керек.
Кадр маселеси дагы чоң көйгөй бойдон калууда. Медициналык адистердин жетишсиздиги аймактарда гана эмес, Бишкек жана Ош шаарларында да байкалууда. Бизге врачтар, орто медициналык кызматкерлер жетишпейт. Медициналык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу бул көйгөйдү чечүүнүн негизги фактору болуп саналат. Биз буга байланыштуу комплекстүү анализ жүргүзүп жатабыз жана жакынкы убакта өз сунуштарыбызды киргизебиз.
Жана акыркы маанилүү маселе – бул оорулардын алдын алуу жана профилактиканы өнүктүрүү. Азыркы учурда саламаттык сактоо тутуму негизинен оорулардын кесепеттери менен күрөшүүгө багытталган. Бирок биз алдыбызга калктын орточо жашоо узактыгын жогорулатуу, улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу сыяктуу башка максаттарды коюубуз керек. Пенсионерлер ооруканага барып убакыт өткөрбөстөн, дени сак жана активдүү жашоо кечириши керек. Бирок мунун баары профилактикага жетиштүү деңгээлде каржы бөлүүгө байланыштуу. Азыр саламаттык сактоо бюджетинин болгону 5% гана профилактикага жумшалат, биз бул көрсөткүчтү жогорулатышыбыз керек.
Жалпысынан, мен саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүдө төрт негизги багытты көрүп турам – коррупцияга каршы күрөш, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, кадр саясаты жана профилактика», – деп билдирди Эркин Чечейбаев.