Copyright: ©

КР Саламаттык сактоо министри БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы өкүлү менен жолугушту

03.04.2024 / Просмотров: 3338

Бүгүн, 2024-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын Борбордук Азиядагы качкындар боюнча аймактык өкүлү Ханс Фридрих Шоддер мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар качкындар жана башпаанек издегендер, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн медициналык кызматтарга бирдей укуктарды камсыз кылуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Качкындардын глобалдык форумунун алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар талкууланды.

 

Министр Кыргызстан БУУга мүчө жана БУУнун Качкындардын статусу боюнча эл аралык конвенциясына кол койгон мамлекет катары качкындардын жана башпаанек издегендердин медициналык кызматтарга бирдей укуктарын таануу жана биздин өлкөнүн жарандары менен бирдей камсыз кылуу боюнча бир катар милдеттенмелерди алганын белгиледи.

Ошентип, качкындар жана башпаанек издегендер үчүн мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, б.а. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин каттоосунда турган качкындар медициналык тейлөөнүн негизги пакети менен камсыздалат.

Кыргызстан БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы менен 2003-жылы качкындарга медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча биринчи келишимдер түзүлгөндөн бери тыгыз кызматташып келет.

Учурда министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык 81 мамлекеттик жана жеке менчик төрөт үйлөрүндө “Туулгандыгы жана өлүмү тууралуу санариптик медициналык күбөлүк” маалыматтык тутумун иштеп чыгып, ишке киргизген. Система Калкты каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын жазуу органынын маалыматтык системасы менен интеграцияланган жана туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн негиз болуп саналат.

Ошондой эле, жаңы төрөлгөн балдарды мамлекеттик каттоо  менен 100 пайызга камсыз кылуу максатында «Мамлекеттик акселераторлор» программасы ишке киргизилген.

Программанын алкагында КРнын СӨМ жана КРнын ЭСКММ менен биргеликте ата-энелердин жаңы төрөлгөн балдарын каттоодон өткөрбөй коюу фактыларын жоюу боюнча чараларды көрүү пландаштырылууда. Маалыматтын негизги булагы болуп туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктөр жана жарандык абалдын актыларын жазуу органынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү болот.

«Биз качкындар жана башпаанек издегендер туш болгон кыйынчылыктарды түшүнөбүз. Биздин өлкөдө качкындарга жана башпаанек издегендерге медициналык жардам көрсөтүү боюнча БУУнун эл аралык конвенциясынын шарттарын сактоону улантабыз. Ал эми БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте мындан ары да жемиштүү иштейбиз деп ишенебиз”, - деп жыйынтыктады Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

05.05.2024
НЕКРОЛОГ

Баткен облустук ооруканасынын ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы неонатолог дарыгер Мастура Курбанова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Курбанова Мастура Нарзиевна 1964-жылы 9-мартта Таджик Республикасынын Ленинабад областынын, Исфара районунун, Шахран айылында төрөлгөн. 1988-1989-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда 1 жылдык интернатурасын аяктап “Педиатрия” адистигине ээ болгон. 2002-2003-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунда 1 жылдык клиникалык интернатурасын аяктап “Үй-бүлөлүк дарыгер” адистигин алган.
Курбанова Мастура Нарзиевна өз эмгек жолун 1989-жылы Ош областына караштуу Лейлек райондук борборлоштурулган ооруканасынын балдар консультация бөлүмүндө педиатр дарыгери болуп иштөө менен баштаган. 


Ошол эле 1989-жылы Ленинабад областынын, Исфара райондук борборлоштурулган ооруканасында педиатр дарыгери болуп иштеген. 
1990-жылдан баштап Баткен райондук борборлоштурулган ооруканасында педиатр дарыгери болуп иштеген. 
1992-жылдын 2-сентябрь айында Лейлек райондук борборлоштурулган ооруканасынын СВА Коммунизм бөлүгүндө педиатр дарыгери болуп иштеген. 
1993-жылы Ош областына караштуу Сүлүктү шаардык ооруканасынын балдар консультация бөлүмүндө педиатр болуп иштеген. 
2002-жылы Сүлүктү шаарында Үй-бүлөлүк медицина тобунда педиатр болуп иштей баштаган. 2003-жылы №4 Баткен областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна клиникалык жетекчиси болуп дайындалган. 
2013-жылы Баткен областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун №3 Кызыл-Жол Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна үй-бүлөлүк дарыгери болуп которулган. 
2014-жылдан тартып, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнө неонатолог дарыгери болуп иштеген. 
2015-жылы Ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы болуп, дайындалып бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келди. 
2019-жылы Баткен облустынын башкы неонатологу болуп дайындалган. 

Медицина тармагына 35 жылдык өмүрүн арнаган Мастура Нарзиевна облустун саламаттык сактоо тармагындагы реформаларга көңүл буруу менен мамлекеттик жана улуттук программаларды ишке ашырууда алгылыктуу кадамдарды жасаган. 


Коомдук иштерге активдүү катышуу менен, жогорку категориядагы неонатолог дарыгери катары жаңыдан иш баштаган кесиптештерине медицина тармагында тең келгис кеңешчи, өзүнүн эмгек жолунда билимин жана тажрыйбасын такай жаш неонатолог дарыгерин даярдоого жумшап, “Насаатчылык» иш-чараларын алгылыктуу алып барган. Мындан тышкары, ата-энелеринен ажыраган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келген. 


Өзүнүн иш билгичтиги, адамгерчиликтүүлүгү, уюштуруучулук касиеттери менен өз кесиптештери жана эл ичинде кадыр баркка ээ.


Алган сыйлыктары:
2005-жылы Баткен областтык Саламаттыкты сактоонун координаторунун “Ардак грамотасы”, 
2006-жылы “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси  
2017-жылы Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын “Ардак грамотасы”
2018-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин “Ардак грамотасы”, 
2018-жылы КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамотасы”
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин жана жалпы медицина коомчулугунун атынан Курбанова Мастура Нарзиевнанын жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.