Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

30

04

2024

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери аяктады

30.04.2024

"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

30.04.2024

Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

22.08.2023
КР Саламаттыкты сактоо министри менен ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы жетекчиси саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулашты

2023-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы жетекчиси доктор Ливиу Ведраско менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен ДССУнун ортосундагы өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын реформалоо жана өркүндөтүү боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өлкө боюнча кеңсесинин жаңы жетекчиси кеңсенин артыкчылыктары жана келечектеги пландары тууралуу маалымат берди. Ал КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун ортосундагы кызматташтыктын жети жылдык планын иштеп чыгууну талкуулады, ал эң артыкчылыктуу багыттарды камтыйт жана ден соолукту коргоо жана 2030-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук программага шайкеш келет. План ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагына финансылык инвестицияларды тартууга жана баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоого жардам берет. Доктор Ведраско саламаттыкты сактоо системасы эффективдүүлүгү жана медициналык туризм боюнча лидерлердин бири болгон Таиландды мисал келтирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстанда олуттуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган эки тараптуу кызматташууга макулдашышты. Алар кызматташтыкты өркүндөтүү жана өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу үчүн биргелешип иштөө ниетин билдиришти.

«Бул кызматташтыктын маанилүүлүгүн түшүнүү менен биз ДССУ менен болгон өнөктөштүгүбүз Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүдө жана модернизациялоодо, ошондой эле жарандарыбызга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө маанилүү роль ойнойт деп ишенебиз», - деди министр Гүлнара Баатырова жолугушуу учурунда.

21.08.2023
Ош шаарындагы баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматынын инфраструктурасын жакшыртуу

Ош шаарынын саламаттыкты сактоо тармагында, анын ичинде шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун (ҮМБ) жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун (ҮДТ) инфраструктурасында олуттуу жылыштар байкалууда. 750 миң адамдан ашкан калктын динамикалык өсүшү менен медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Шаардын саламаттыкты сактоо боюнча координатору Эрмек Нурумбетов белгилегендей, расмий статистикада 367 548 жашоочу катталганы менен, иш жүзүндө медициналык мекемелер жана алардын филиалдары 1 миллионго жакын жаранды тейлейт.

 

Жалпысынан борбордук ҮМБда, 11 филиалында жана 10 фельдшердик-акушердик пунктта 900дөн ашык медицина кызматкери эмгектенет, бул алардын иштөө шарттарын жакшыртуу зарылдыгын көрсөтөт. Маалым болгондой, Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратында косметикалык оңдоо иштери кызуу жүргүзүлүп, инфраструктурасы жаңыланууда. ҮМБнын №8 филиалында канализация түтүктөрүн алмаштыруу, терезелерди алмаштыруу жана фасадды жаңылоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, №2, 3 жана 4-филиалдарында да оңдоо иштерин жүргүзүү пландалган.

 

Мындан тышкары, бардык медициналык мекемелерде коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп,видеокөзөмөл системасы орнотулууда.

Ички органдардын ооруларын диагностикалоо жана алдын алуу иштерин жакшыртуу максатында 7 даана УЗИ диагностикалык аппараттар сатылып алынып, аларды Ош шаарынын БҮМБнын бардык бөлүмдөрүнө бөлүштүрүү пландалууда. Ошондой эле флюорографиялык аппарат сатып алуу да планда бар.

 

Лабораториялык кызматты борборлоштуруунун алкагында лабораториялык анализдерди жана стерилдүү медициналык аспаптарды ташуу үчүн автотранспортторду сатып алуу пландаштырылууда. Бул кадамдар Ош шаарында саламаттыкты сактоону жакшыртуу жана өсүп жаткан калкка медициналык тейлөөнү жакшыртуу аракетинин бир бөлүгү.

 

Медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана медициналык практиканын жогорку деңгээлин камсыз кылуу максатында дарыгерлерди, медайымдарды жана башка адистерди системалуу окутуу семинарларын жана курстарын өткөрүү пландаштырылууда. Бул медицина тармагындагы заманбап билимдерди жана көндүмдөрдү өркүндөтүүгө жана дарылоонун заманбап ыкмаларын колдонууга мүмкүндүк берет.

 

Бейтаптар менен байланыш түзүүгө да өзгөчө көңүл бурулат. Кабыл алуу, консультацияларды жана медициналык маалыматтарды алуу үчүн маалымат каналдарын жана онлайн платформаларды өнүктүрүү пландаштырылууда. Бул медициналык система менен өз ара аракеттенүүнү ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.

 

Мындай масштабдуу пландар жана аракеттер Ош шаарында медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана бейтаптарга да, медицина кызматкерлерине да ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

 

Жалпысынан алганда, Ош шаарынын саламаттыкты сактоо системасын өркүндөтүү пландары инфраструктураны жана технологиялык ресурстарды жаңылоодон баштап, бейтаптарды тейлөөнү жакшыртууга жана медициналык персоналды колдоого чейин комплекстүү мамилени камтыйт. Бул чаралар шаардын бардык жашоочулары үчүн дени сак жана бакубат чөйрөнү түзүүгө багытталган.

18.08.2023
Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн тренинг: Заманбап коммуникация каражаттарын жана технологияларын өздөштүрүү

Заманбап саламаттыкты сактоо жогорку деңгээлдеги медициналык билимди гана эмес, эффективдүү коммуникация жөндөмүн да талап кылат. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен сапаттуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Ош шаарынын жана Ош облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн тренинг өткөрүү демилгесин көтөрдү. Ушундай эле тренинг Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн өткөрүлөт жана келечекте башка аймактарды да тартуу жана окутуу пландалууда.

Бул тренингдерди уюштуруунун максаты - тренингдин катышуучуларынын коммуникация чөйрөсүндөгү көндүмдөрүн жана билимдерин өнүктүрүү жана атайын медициналык тармакка багытталган заманбап коммуникациялык куралдарды, анын ичинде социалдык медиа маркетинги (SMM) жана мобилографияны колдонууда ишенимин арттыруу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана позитивдүү тажрыйбаны камсыз кылуу үчүн инсанга багытталган мамилени киргизүү.

 

Бул тренингдер “Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө көмөктөшүү” кыргыз-герман GIZ долбоорунун техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.

18.08.2023
Улуттук госпиталдын кызматкерлери акцияны колдоп кан тапшырышты

Башкы дарыгер баштаган Улуттук госпиталдын жетекчилиги жана кызматкерлери четте калбай, кан тапшыруу боюнча кайрымдуулук акциясына активдүү катышты.

Адатта, "баррикаданын каршы тарабында" туруп, донорлорду кабыл алган оорукананын кызматкерлери бул жолу өздөрү маанилүү иш-чаранын катышуучулары болушту.

Госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов белгилегендей, донордук - жардамга муктаж бейтаптардын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, жарандык позициянын, коом алдындагы жоопкерчиликтин жана жакыныңа болгон камкордуктун белгиси. «Донор болуу – бул башка адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн өзүңүздүн бир бөлүкчөңүздү берүү. Бүгүн биз сиздерди донордук акцияга катышууга чакырабыз. Бул сиздин бир-эки сааттык убактыңызды алат, бирок ал кимдир бирөөгө бүтүндөй өмүр тартуулайт”, - деген чакырык жасады Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов.

Башкаларга жардам берүү ар дайым актуалдуу болуп саналат жана мындай иш-аракеттер медицина тармагынын өкүлдөрү тарабынан колдоого алынганда, бул бүткүл коомду шыктандырат. Улуттук госпиталдын кызматкерлеринин үлгүсү дагы көп адамдарды кайрымдуулук жана донордук иш-чараларга катышууга үндөйт деп ишенебиз!

18.08.2023
Бишкектеги «Кургак учук учурун башкаруу»

Бишкек шаарынын №9-ҮМБнын (үй-бүлөлүк медицина борборунун) райондук фтизиатры Бүкөш Асылымбекова мурда кургак учук негизинен стационардык дарыланганын, б.а. оорулуулар кургак учукка каршы ооруканаларда айлап жатууга туура келгенин, жумушун же окуусун көпкө калтырганын эскерет. Алардын жакындарына ооруканада узак убакыт жаткан тууганын колдоо психологиялык жана экономикалык жактан да кыйын болгон. «Бирок, белгилүү болгондой, кургак учукка каршы дарыланып жаткан адамдар дарылоо башталгандан көп өтпөй башкаларга жугуштуу болбой калышат, - деп белгилейт дарыгер. - Демек, мындан ары алар дарылоону амбулатордук шарта, б.а. үйдө – тааныш шарттарда жашап, күн сайын жакынкы баштапкы медициналык мекемеге дарыланууга барып, уланта алышат».

Кыргызстанда 2018-жылдан баштап, кургак учукту амбулаториялык дарылоо USAIDдин колдоосу менен иштелип чыгып, ишке киргизилип жаткан «Кургак учук учурун башкаруу» ыкманын негизинде ишке ашырылууда. Бул ыкма боюнча бейтаптын дарылоосун райондук фтизиатр-дарыгер, үй-бүлөлүк дарыгер, үй-бүлөлүк медайым (же айылдык фельдшер) түзгөн медкызматкерлердин тобу жүргүзөт. «Бейтапты жашаган жери боюнча дарылоодо чоң плюс бар, анткени үй-бүлөлүк дарыгер жана үй-бүлөлүк медайым бул бейтаптын кандай шартта жашаарын, дарыланууга канчалык берилерин башкалардан жакшы билишет», - деп эсептейт №9-ҮМБ караштуу Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун биринин үй-бүлөлүк дарыгери Шайирахан Махмудова.

№9-ҮМБнун директорунун орун басары Лира Жайлообаеванын айтымында, медициналык кызматтын бейтаптын жашаган жерине жакындашы – бул бир жагынан бейтаптын ыңгайлуулугу, экинчи жагынан үзгүлтүккө учураган дарылоолордун азайышы: «Биз шаардын четинде турабыз, адамдар болсо, шаарды аралабай, үйдүн жанында дарыланганды ыңгайлуу көрүшөт. Жол киреге да корошпойт. Натыйжада учурда биз дарылоосун үзгүлтүккө учураткан кургак учук менен ооруган бейтаптардын санын азайгандыгын көрүп жатабыз».

Кургак учукту ийгиликтүү дарылоонун башкы шарты – бул медициналык кызматкердин көзөмөлү астында кургак учукка каршы дары-дармектерди күн сайын кабыл алуу. Ошондуктан баштапкы медициналык мекеменин милдети – бейтаптын кызыкчылыгын эске алуу менен үзгүлтүксүз дарылоо үчүн шарттарды уюштуруу. Үй-бүлөлүк дарыгер Махмудованын камкордугундагы бир бейтап жалпы пикирди мындайча билдирет: «Белгилүү бир убакта медайым бизди күтөт, дарыларыбызды убагында ичебиз. Айына бир жолу текшерилип, анализдерди тапшырабыз. Кезекке турмай жок».

Бишкек шаарында кургак учук менен ооругандарды үй-бүлөлүк медицинанын камкордугуна өткөрүү алдында USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбору №9-ҮМБда эле 130га жакын кызматкерди окуткан. Андан башка, ишин санариптештирүүдөн баштап бардык керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздоого чейин, райондук фтизиатрдын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, кургак учук менен ооруган бейтаптарды баштапкы медициналык мекемелерге берүү алардын кызматкерлеринин жумушун көбөйүшүнө алып келгендиктен, аларга материалдык стимулдаштыруу атайын системасы иштелип чыккан. Бул система боюнча оң натыйжанын негизинде, б.а. дартты ийгиликтүү дарылоо үчүн гана төлөмдөр каралган: 

-12000 сом – дарыга сезгич кургак учук менен ооруган бейтапты дарылоо үчүн,

- 24000 сом – дарыга туруктуу кургак учук менен ооруган бейтапты дарылоо үчүн.

Лира Жайлообаеванын айтымында, «бул каражаттар аткарылган иштин көлөмүнө жараша аталган бейтаптын дарылоосуна катышкан медкызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрүлөт. Өткөн жылдан бери №9-ҮМБнун кызматкерлери кургак учук менен ооруган 52 бейтапты ийгиликтүү дарылагандыгы үчүн эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү алышкан».

Мындай медициналык кызматкерлердин бири үй-бүлөлүк медайым Нарынгүл Шамшиева алгачкы эки бейтап үчүн төлөм алганда таң калганын эскерет: «Ошол акча жакшы иштерге жарап берди. Курулуш иштерин жүргүзүп атам, көптөгөн чыгымдарды жаба алдым». Учурда Нарынгүлдүн дагы бир бейтабы кургак учукка каршы дарылоо курсун ийгиликтүү аяктап, шаардык консилиумунун чечимин күтүп жаткан кез. Анын жыйынтыгында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бул бейтапты дарылаган медкызматкерлерге стимул төлөмдөрдү берүү жөнүндө чечим кабыл алыш керек.

 

18.08.2023
Түрк медициналык конгрессинин алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды

16-17-августта Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өткөн Түрк медициналык конгрессинин алкагында Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жана Түркия, Өзбекстан, Азербайжан өлкөлөрүнүн Саламаттык сактоо министрлери менен эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү. 
Жолугушууларда Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн медициналык уюмдары менен медициналык жогорку окуу жайларынын ортосундагы байланышты активдештирүү, Түрк медицинасы ассоциациясын түзүү маселелери талкууланды. Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын медициналык дипломдорун өз ара таанууну камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарда өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

16.08.2023
Кыргызстандын делегациясы медициналык форумга катышууда

2023-жылдын 16-17-августунда Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында эл аралык медициналык иш-чара өтүп жатат, ага Кыргызстандан саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев баштаган делегация катышууда. Иш-чаранын негизги максаты - Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө болгон Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия мамлекеттеринин калкынын бакубаттуулугун жана саламаттыгын камсыздоо.

Иш-чаранын программасына ылайык Бүткүл дүйнөлүк түрк медициналык конгресси өтүп, ага катышуу үчүн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин гана эмес, Татарстандын да саламаттыкты сактоо министри келди.

Конгрессти Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев ачып, бүгүнкү иш-чаранын мааниси, максаттары жана күтүлүп жаткан жыйынтыктарга токтолду.

КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев өз сөзүндө бул конгресс түрк мамлекеттеринин медицина адистеринин башын кошкон маанилүү окуя экенин белгиледи. Ал ошондой эле конгресстин жүрүшүндө катышуучу өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу боюнча инновациялык сунуштар айтыларын кошумчалады. «Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы кабыл алынып, анда өлкөбүздү өнүктүрүүнүн негизги социалдык-экономикалык демилгелери аныкталган. Улуттук программада белгиленгендей, өлкөнүн келечегине стратегиялык көз караштын болушу өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетишүүгө көмөктөшүүчү тармактык/системалык программалардын алкагында долбоорлорду жана пландарды ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Калктын ден соолугун коргоо жана Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» программасы өлкөнүн бардык аймагында калктын ден соолугун жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуучу системаларды чыңдоого, калктын ден соолук көрсөткүчтөрүн максималдуу жакшыртууга, ден соолукка болгон теңсиздикти кыскартууга жана финансылык жактан коргоого көмөктөшөт.

Системаны өнүктүрүүдө заманбап электрондук саламаттыкты сактоонун ролу абдан маанилүү, ошондуктан медициналык технологияларды өнүктүрүүгө, баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоого, ошондой эле мамлекеттердин улуттук илимий-техникалык билим берүү уюмдарынын ортосундагы тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Биз ошондой эле кызматташуунун маанилүүлүгүн жана саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринде, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууда сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгилейбиз.

Калкка сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызматтарды көрсөтүү максатында биздин өлкөлөр ортосундагы органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташууну кеңейтүү дагы эле өтө актуалдуу жана маанилүү маселе экендигин белгилегим келет.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу биздин тажрыйбабыз көрсөткөндөй, саламаттык сактоо системасын чыңдоо негизги медициналык кызматтарды колдоо үчүн гана эмес, өзгөчө кырдаалдарга эффективдүү жооп кайтаруу үчүн да маанилүү.

Мен биздин өлкөлөр бирдиктүү, тең укуктуу, туруктуу саламаттык сактоо системасын куруу жана бекемдөө милдеттерин чечүү үчүн БИРГЕ иш алып бараарыбызга ишенем», - деди министрдин орун басары.

 

Ошондой эле, программанын алкагында өзбек-түрк медициналык форуму өтүп, медициналык көргөзмө уюштурулду. Түштөн кийин Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин жыйыны болду. Жолугушууда саламаттыкты сактоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.

14.08.2023
Кыргыз Республикасында кызамык оорусунун абалы тууралуу маалымат

 

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери 1704 кызамык оорусу аныкталган. Кызамык оорусунун аймактык бөлүнүшү боюнча Бишкек шаарында - 361 учур, Ош шаарында - 277, Ош облусунда - 609, Баткен облусунда - 89, Чүй облусунда - 165, Жалал-Абад облусунда - 94, Талас облусунда - 74 , Ысык-Көл облусунда – 59 , Нарын облусунда – 6 учур катталды.

Акыркы маалыматтарга ылайык, КМШ өлкөлөрүндө кызамык оорусуна чалдыккандардын өсүшү төмөнкү мамлекеттерде белгиленген: Тажикстанда – 528, Россия Федерациясында – 5000, Казакстанда – 3000, Өзбекстанда – 89, Түркияда – 2147 учур. 

   Белгилей кетсек, баш тартуулар ата-энелери В вирустук гепатитине жана кургак учукка каршы профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тарткан жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында катталууда. Түзүлгөн кырдаал сезгич контингенттин топтолушуна, популяциялык (жамааттык) иммунитеттин төмөндөшүнө жана вакцина менен алдын ала турган кооптуу жугуштуу оорулардын айлануусу үчүн шарттарды түзүүгө алып келет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында кызамык оорусунун татаалдашынан улам Бишкек шаары боюнча 3 жаш курагында жана Чүй облусунда 1 жаш курагында эки өлүм катталган. Эки учурда тең, балдар профилактикалык эмдөө календарына ылайык эмдөөлөрдү алышкан эмес,  ата-энелер диний көз караштан улам баш тартышкан.

 

Маалымат үчүн:

Урматтуу ата-энелер!

Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө Кодексинин негизинде:

9-берене. Баланын ден соолугун коргоо укугунун негизги кепилдиктери.

1. Ар бир бала, жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте камсыз кылынуучу ден соолукту коргоонун, чыңдоонун жана медициналык-санитардык жардам алуунун ажыратылгыс укугуна ээ.

5. Ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар балдардын ден соолугуна тиешелүү кам көрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

6. Ата-энелер жана аларды алмаштырган адамдар, атайылап медициналык жардамга кайрылбагандар, эгерде бул баланын ден соолугуна зыян келтирсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде 5-беренеде. Иммунопрофилактиканы жүзөгө ашыруудагы жарандардын укуктары жана милдеттери

Профилактикалык эмдөөлөрдүн жоктугу төмөнкүлөргө алып келет:• массалык жугуштуу оорулар же эпидемия коркунучу болгон учурда жарандарды билим берүү мекемелерине жана ден соолукту чыңдоочу мекемелерге кабыл алуудан убактылуу баш тартуу;• жарандарды ишке алуудан баш тартуу же жарандарды жумуштан четтетүү, алардын аткарылышы жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу менен байланышкан.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандарты жөнүндө токтомуна ылайык, 11-глава. 62-пункт. Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр баланы мектепке чейинки билим берүү уюмуна жайгаштырууда медициналык маалымкатты жана эмдөө картасын (063/У жана 26/У формалары) берүүгө жана мектепке чейинки билим берүү уюмунун кызматкерине анын саламаттыгы жөнүндө туруктуу негизде маалымдап турууга милдеттүү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2026-жылдын 11-апрелиндеги № 201 “Билим берүү уюмдарында окутуунун шарттарына жана уюштуруусуна карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” токтому 12-глава, 203-пункт. Балдарды мектепке кабыл алуу ден соолугунун абалы, эмдөөлөр жана жугуштуу оорунун жоктугу жөнүндө медициналык документтер болгондо жүргүзүлөт.Кызамык оорусу татаалдашуу менен коркунучтуу, өпкөнүн, мээнин, көздүн сезгенүүсү жана сокурлукка алып келиши мүмкүн. Оор учурларда өлүмгө алып келиши ыктымал.Кызамыка каршы эмдөө 12 айында жана 6 жашында  жүргүзүлөт.

14.08.2023
Кыргызстанга «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы тарабынан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн сатылып алынган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын алгачкы партиясы келе баштады

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 21-июнунда «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармек сатып алуу үчүн 1 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Ал эми 2023-жылдын июль айынан тарта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жогорку технологиялык фондунун жана борборлоштурулган иш-чаралардын алкагында саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармектерди, ошондой эле бул фонддордон тышкары дары-дармектердин айрым позицияларын алгачкы сатып алуу иштери башталган.

Алсак, июль айында Улуттук фтизиатрия борборуна, Улуттук госпиталга, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, ошондой эле экинчи баскычтагы башка саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармектер келип түшкөн.

2023-жылдын 14-августунда онкологиялык ооруларга каршы европалык өндүрүүчүлөрдөн 227 миллион сомго жакын суммага химиотерапиялык дарылар өлкөгө келе баштады.

Мындан тышкары, өлкө неонаталдык скрининг үчүн, эрте аныктоо, өз убагында дарылоо, майыптуулуктун жана оор клиникалык кесепеттерди алдын алуу, ошондой эле тукум куума оорулардан балдардын өлүмүн азайтуу үчүн европалык өндүрүштөн алынган дарыларды алат.

Жеткирүү графигине ылайык, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жума сайын келүүсү күтүлүүдө.

Алсак, Жогорку технологиялар фондунун өтүнмөлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борборлоштурулган иш-чараларынын алкагында келишимдерди түзүү аяктоодо, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жеткирүү график боюнча жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган фонддордун жана түзүлгөн келишимдердин алкагында дары-дармек каражаттарын сатып алуу менен 250 миллион сомго жакын каражат үнөмдөлгөн.

11.08.2023
iLab тутумунун жардамы менен Баткен облусунун тургундары үчүн 150 миңден ашык лабораториялык жыйынтыктар онлайн режиминде жеткиликтүү

«Санарип MED» максаттуу моделинин алкагында иштелип чыккан ILab лабораториялык маалымат системасы бүткүл өлкө боюнча ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Баткен облусунда 150 миңден ашык лабораториялык жыйынтыктар системага катталып, жарандарга онлайн режиминде жеткиликтүү. Санариптик ден соолуктун бул кадамы лабораториялык натыйжаларга ыңгайлуулук жана жеткиликтүүлүк алып келет.

iLab системасы бардык жарандарга лабораториялык натыйжаларды онлайн режиминде тез жана ыңгайлуу түрдө алууга мүмкүндүк берген санариптик чечим болуп саналат. Эми бейтаптар өз анализдерин көрө алышат, ошондой эле дарыгерлер же адистер менен аралыктан маалымат бөлүшө алышат, система QR-код менен корголгон, медициналык мекемеге барбастан, лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгын PDF форматында жүктөп алууга мүмкүндүк берет.

Ушул сыяктуу саламаттыкты сактоо маалымат системалары бюрократиялык жүктөрдү азайтат, натыйжаларды жеткирүү убактысын кыскартат жана кагаз документтерди алуу үчүн медициналык мекемелерге физикалык түрдө баруу зарылдыгын жокко чыгарат.

Лабораториялык натыйжаларга онлайн режиминде кирүүнү кааласаңыз, сизге төмөнкүлөр керек:

1. https://ilab.med.kg/ сайтына өтүңүз

2. "Анализ натыйжалары" бөлүмүнө өтүңүз

3. ПИН-кодду, паспорттун сериясын жана паспорттун номерин сактаңыз

4. Сиздин лабораториялык натыйжалар даяр

 

Ошондой эле, жарандарга Тундук мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу өз анализдеринин жыйынтыгын алуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча иштер жүрүп жатат, иш 2023-жылдын сентябрына чейин бүткөрүлөт.

Буга байланыштуу биз булуттук санариптик кол тамгаларды алууну жана саламаттыкты сактоо тармагында санариптик кызматтарды онлайн режиминде колдонууну сунуштайбыз.

Буга байланыштуу биз булуттук санариптик кол тамгаларды алууну жана саламаттыкты сактоо тармагында санариптик кызматтарды онлайн режиминде колдонууну сунуштайбыз.

10.08.2023
Алдынкы 7 жылга саламаттыкты сактоонун Улуттук планын иштеп чыгуу пландаштырылды

Замглавы Минздрава Бакыт Джангазиев провел совещание секретариата по разработке Национального плана по обеспечению безопасности здоровья, где были обсуждены результаты:

  • Совместной внешней оценки реализации мероприятий Международных медико-санитарных правил в республике
  • ежегодный отчет на основе самооценки по реализации мероприятий ММСП по 15 ключевым направлениям
  • оценки всех рисков в республике при проведении массовых мероприятий, в выявлении всех угроз, связанных с мероприятием, проведение оценки и количественного определения общего уровня риска, а также определение и учет мер предосторожности, которые помогут снизить риск и повысить уровень безопасности мероприятия
  • дорожной карты по единому здоровью

 

“Мы обязаны приложить все усилия и принять все необходимые меры по обеспечению готовности нашей системы для ответных мер на любые угрозы в области общественного здравоохранения”, - отметил заместитель министра здравоохранения Кыргызской Республики Бакыт Джангазиев.

На основе результатов всех ранее проведенных мероприятий запланирована разработка Национального плана по обеспечению безопасности здоровья на ближайшие 7 лет. Реализация данного Национального плана усилит подготовленность организаций здравоохранения к реагированию на различные чрезвычайные ситуации.

09.08.2023
Кыргызстан саламаттыкты сактоодо инсанга багытталган моделди киргизүү тажрыйбасын талкуулоо үчүн аймактын алдыңкы эксперттерин чогултту

Үстүбүздөгү жылы 9-10-августта Ысык-Көл облусунда “Кыргыз Республикасында инсанга багытталган моделдин негизинде баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде интеграцияланган кызматтарды ишке ашыруу. Алдынкы практика жана тажрыйба алмашуу” аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Конференция Германия өкмөтүнөн кражыланып, GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстанда баштапкы медициналык санитардык жардамды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» кыргыз-герман долбоорунун алкагында уюштурулду.

  «Инсанга багытталган мамиленин концепциясы медициналык жардамдын сапаты менен ажырагыс байланышта. Концепция көрсөтүлгөн жардам адамдын жеке каалоолоруна, муктаждыктарына жана баалуулуктарына жооп бериши жана клиникалык чечимдерди кабыл алууда анын каалоолору эске алынышы керек дегенди билдирет», - деди өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева.

Мындай ыкманы Кыргызстанга киргизүү 2018-жылы Казакстан Республикасынын Астана шаарында БУУга мүчө өлкөлөр кол койгон Декларациянын принциптерине туура келет. Анда баштапкы медициналык-санитардык жардамды (БМСЖ) өнүктүрүүгө күч-аракет жумшалат жана натыйжада негизги басым аныктоочу факторлорду жана инсанга багытталган мамилени эске алуу менен профилактикага жана ден соолукту чыңдоого жасалат.

Конференцияда Казакстан Республикасынан келген спикерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Алматыдагы баштапкы медициналык-санитардык жардам борборунун колдоосу менен Жамбыл облусунда адамга багытталган мамилени ишке ашыруудагы кадамдары менен бөлүштү. Ал эми Ош шаарындагы жана Чүй облусундагы пилоттук саламаттыкты сактоо уюмдары өздөрүнүн тажрыйбалары жана алынган сабактары менен бөлүшүштү.

Кыргызстандагы инсанга багытталган мамиленин символу каттама курак тандалып алынды, анын ар бир катмары адам жашаган, окуган жана иштеген чөйрөнү (инсан, үй-бүлө жана коом) чагылдырат, ал эми чырмалышуусу анын ден соолугуна таасир этүүчү шарттар – каржы, саясат, экология ж.б. ДСУнун маалыматы боюнча калктын ден соолугунун деңгээли саламаттык сактоо системасынын шарттарынан 10% гана көз каранды, калган факторлор социалдык шарттар, жашоо образы жана тукум куучулук болуп саналат. Ошондуктан медициналык жардам көрсөтүүдө аларды эске алуу маанилүү.

09.08.2023
Кызыл-Кыя жалпы дарыгердик практикалык борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери уланууда

Ушул жылдын 8-августунда Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Жигитов Канатбек жана көз оорулар боюнча координатору Давранов Бакытбек тарабынан 2 млн 120 миң сомдук операциялык микроскоп жана 45 миң сомдук стабилизатор көз оорулар бөлүмүнө белекке берилди. 

 

Бул да болсо бейтаптарга жана кайрылган жарандарга сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүүгө болгон жетекчиликтин менен кызматкерлердин аракети. Буюрса, дагы да оорукананын материалдык техникалык базасын чыңдоо, толуктоо аракети улана бермекчи. 

 

Оорукананын ар тараптан өнүгүүсүнө кошкон салымы жана кызматташтыгы үчүн Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборунун эмгек жамааты Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомуна ыраазычылык билдирет.

03.08.2023
Чек талап кылып, байге утуп ал!

Урматтуу саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери, кассалык чек талап кылып, экономиканын көмүскө секторун ачыкка чыгарууга салым кошууга чакырабыз!

 Салык кызматынын лотереясына катышып, баалуу белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн өткөрүп жибербеңиз. 25-30-декабрда лотереянын утушунун 2-этабы болот, анда 1244 байге, анын ичинде Бишкектен 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.

 Товарларды же кызматтарды сатып алууда алынган кассалык чектерди «Салык чек» тиркемесинен сканерден өткөрүңүз. 

Толук маалыматты lottery.salyk.kg сайтынан алууга болот.

02.08.2023
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы МРТ аппаратын орнотуу иштери башталды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (ЭжБКУБ) жаңы МРТ аппаратын орнотуу иштери баштады. Жаңы медициналык жабдуу алдыңкы технологиялар менен жабдылган жана бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык текшерүүгө мүмкүндүк берет. Учурда медициналык жабдууну орнотуу иштери жүрүп жатат, андан соң тууралоо иштери жүргүзүлөт. Аппаратты ишке киргизүү августтун аягына пландалууда.

Бул аппарат Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоору аркылуу сатылып алынган.

1996-жылдан бери иштеп келе жаткан Бишкектеги жалгыз мамлекеттик МРТ аппараты 2022-жылы иштен чыккан. МРТ текшерүүсүнө муктаж бейтаптар жеке медициналык борборлорго кайрылууга аргасыз болуп, бейтаптарга жана медицина кызматкерлерине ыңгайсыздыктарды жаратууда. MРТ диагностикасы балдар жана ымыркайлар үчүн да коопсуз, анткени ал магниттик таасирге негизделген, анын натыйжасында бейтаптар радиациянын төмөн дозасын алышат.

Ошондой эле, быйылкы жылы КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга дагы бир МРТ аппаратынын келиши жана орнотулушу күтүлүүдө.

"COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун максаты - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19 коркунучун алдын алууда, аныктоодо жана ага жооп кайтарууда жана саламаттыкты сактоонун улуттук системасын бекемдөөгө колдоо көрсөтүү.

01.08.2023
Кытайдан келген офтальмолог дарыгерлер Ошто катаракта илдетине 300 операция жасашат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын микрохирургия бөлүмүнүн базасында 2023-жылдын 18-сентябрынан 28-сентябрына чейин “Экспресс ден соолук – Жаркын саякат” долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынан келген офтальмолог дарыгерлер текшерүүлөрдү жана операцияларды (катаракта илдетине 300 операция) жасашат.

Оорулууларды алдын ала текшерүү жана каттоо жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.

Бейтаптарга маалымат үчүн - жаныңызда өздүгүңүздү тастыктаган документтериңиз, күбөлүгүңүз (пенсия, майыптыгы, баатыр эне ж.б.) болушу керек.

Кошумча суроолор боюнча: 0999 94 95 91; 0551 68 66 17

01.08.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам борборун каржылоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

2023-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам борборун каржылоо маселесин талкуулаган жыйын өткөрдү. Жыйынга борбордун жетекчилиги, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын жана ММК фондунун өкүлдөрү катышты. Талкуунун негизги темасы борбордун дарыгер, орто жана кенже кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасы болду.

Тез жардам борборунун директору Искендер Шаяхметов кызматкерлердин эмгек акысынын учурдагы абалы тууралуу кеңири маалымат берди. Ал белгилегендей, кызматкерлер кепилденген эмгек маяна алышууда, мындан тышкары эмгек акы фондусун үнөмдөөнүн эсебинен түзүлө турган эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКК) түрүндөгү үстөк бар.

Белгилей кетсек, COVID-19 пандемиясынын учурунда кошумча төлөмдөр чегерилген, алар 2022-жылдын апрелинен тарта өзгөчө кырдаалдын алынып салынышына байланыштуу токтотулган. Алсак, 2020-жылдан 2022-жылдын апрелине чейин COVID-19 менен ооругандарды ташуу үчүн кошумча төлөмдөргө 25,5 миллион сом бөлүнгөн. Дарыгерлерге – 750 сом, орто кызматкерге – 600, кенже кызматкерлерге жана айдоочуларга – 500 сомдон.

2020-жылга - 4445,6 миң сом;

2021 -18170,0 миң сом, анын ичинен - ​​1701,0 миң сом кызматкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөмдөр;

2022-жылдын 12-апрелине чейин - 2977,9 миң сом, анын ичинен - ​​712,5 миң сом кызматкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөмдөр.

«Кызматкерлердин эмгек акыларын текшерүү учурунда Тез жардам борборунун айрым кызматкерлеринин айлык акысы 25 миң сомдон 11 миң сомго чейин кыскарганы тууралуу маалымат тастыкталбаганы белгилүү болду», - деди Искендер Шаяхметов. "Маалыматтарга кылдат талдоо жүргүзүлүп, кызматкерлерге туура маяна толук төлөнүп берилгени белгилүү болду. Бирок фельдшерлердин биринин айлык жүктөмүн толук аткарбагандыгы (толук эмес милдеттеме) аныкталып, натыйжада анын айлыгынын азайышы, бул адистин чегерилиши 25 миц сомду тузет.

Жыйындын жыйынтыгында министр Гүлнара Баатырова Финансы башкармалыгына жана ММК фондуна Медициналык тез жардам борборунун кызматкерлеринин эмгек акысын карап чыгууну тапшырды. Министр бюджеттик каражаттарды сарптоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жол берилгис каталарды же мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо максатында үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жана аудиттерди жүргүзүү зарылдыгына көңүл бурду. Текшерүүлөр жана аудиттер жөнүндө отчеттор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине берилүүгө тийиш, ошондой эле бардык кызыкдар тараптардын таанышуусу үчүн жеткиликтүү болушу шарт.

Министр ошондой эле Бишкектеги Медициналык тез жардам борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметовго кызматкерлерге чегерүүлөр жана эмгек акылар тууралуу маалымат берүү ишин жакшыртууну каалады.

"Биз өз ара сый жана ишеним атмосферасын түзүшүбүз керек, анда команданын ар бир мүчөсү анын укуктары жана кызыкчылыктары корголгондугун билиши керек. Ачык диалогду жүргүзүү эмгек акы системасындагы мүмкүн болгон кемчиликтерди аныктоого жана оңдоого жана аны жакшыртуу боюнча биргелешип аракеттенүүгө жардам берет. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын бардык жетекчилеринин медицина кызматкерлери менен ачык баарлашуусу абдан маанилүү. Коллектив менен үзгүлтүксүз байланыш түзүп, администрациянын да, саламаттыкты сактоо министрлигинин да жүргүзүлүп жаткан иштери, анын ичинде эмгек акы боюнча, айрыкча эмгек акы системасында өзгөрүүлөр болгондо өз убагында маалымат берип туруу зарыл. Жумуштагы айкындуулук жана ачыктык -ишенимдин жана кызматташтыктын негизи болуп саналат», - деп баса белгиледи Гүлнара Баатырова.

01.08.2023
Кытайдан келген офтальмологдор катаракта дартына текшерүү жана операцияларды жасашат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда №1 жана №2 көз микрохирургиясы бөлүмдөрүнүн базасында 2023-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрына чейин «Экспресс ден соолук – Жаркын саякат» долбоорунун алкагында, Кытай Эл Республикасынан келген офтальмологдор текшерүүлөрдү жана операцияларды (катаракта диагнозу боюнча 300 операция) жасашат.

Алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо Тоголок Молдо 1/7 дареги боюнча (Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасы) 07.08.23-08.09.23  (Дүйшөмбүдөн Жумага чейин) 9:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. 

Бейтаптарга маалымат үчүн - жаныңарда өздүгүңүздү тастыктаган документтериңиз, маалымкаттарыңыз (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу ж.б. күбөлүгү) болушу керек.

Байланыш үчүн телефон: 0990800483

31.07.2023
Республика боюнча медициналык кызматкерлер үчүн кызамык менен кызылчанын жайылышын өз убагында локализациялоо боюнча окутуу тренингдер өткөзүлүүдө

2023-жылдын 31-июлдан 17-августка чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору, Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана үй-бүлөлүк медайымдардын ассоциациясы менен биргеликте эпидемиялогиялык көзөмөл системасын активдештирүү жана кызамык менен кызылчанын жайылышын өз убагында чектөө максатында биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү (БМСЖ), стационардык жана коомдук саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн кызамык/кызылча ооруларынын эпидемиологиялык көзөмөлүн жогорулатуу жана ошондой эле полиомиелитке/курч шал оорусуна (ВКБ) эпидкөзөмөлүнө сак болуу маселелери боюнча интеграцияланган тренингдерди өткөрүүдө. Ар бир облустан 40ка жакын медициналык кызматкер – үй-бүлөлүк дарыгерлер окутулат. 

Кызамык/кызылчанын өтө жугуштуулугуна байланыштуу эпидемиялогиялык көзөмөл системасын күчөтүү иш-чаралардын жүргүзүлүшүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында жана оорукананын ичинде инфекциянын, өзгөчө 1 жашка чейинки балдарга таралуу коркунучу бар.

Медициналык кызматкерлерди окутуунун негизги максаты - бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын кызамык жана кызылча ооруларына, ошондой эле полиомиелит оорусуна чалдыккандардын эң кичинекей топторун да табууга жөндөмдүүлүгүн жана вирустун үзгүлтүксүз табигый циркуляциясын аныктоого билим деңгээлин жогорулатуу. 

Окутуунун жүрүшүндө медицина кызматкерлери этиологиясы, диагностикасы, дарылоосу жана алардын клиникалык табияты боюнча кеңири маалымат алышат, жана ошондой эле байкоо системасынын иштеши ооруларды иликтөө жана диагнозду тастыктоо боюнча да кеңири талкууланат. 

Тренингдер КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 28-июлунда №908 «Баштапкы медициналык-санитардык жардам боюнча медициналык кызматкерлери үчүн кызамык жана кызылча ооруларын өз убагында локализациялоо тууралуу окутуу тренинг өткөрүү жөнүндө» буйругунун негизинде, БДССУнун техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө. 

Бул иш-чаранын жыйынтыгында республика боюнча 300дөн ашык медицина кызматкерлери окутулат.

 

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 1507 кызамык оорусу катталган.

   Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун маалыматы боюнча, Россия Федерациясында 4274 учур, Казакстан Республикасында 2700 учур, Өзбекстанда 50 учур жана Түркияда 1543 учур катталган.

28.07.2023
Калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупциянын алдын алуу

КР Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо тармагында аткарылып жаткан иштер жана коррупциянын алдын алуу боюнча калкка маалымат берүү иштерин күчөтүү багытында жыйындар өткөрүлө баштады. Алсак, Ош жана Баткен облустарындагы иш-чарага саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери жана негизги тармактык эксперттер чогулуп, бул маанилүү максаттарга жетүү үчүн активдүү талкуулап, стратегияларды иштеп чыгышты.

 

Жыйындын негизги максаты саламаттыкты сактоо тармагынын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана калктын саламаттыкты сактоо системасына болгон ишенимин арттыруу үчүн бекем негиз түзүү болду. Коомчулук менен эффективдүү байланыш бул максатка жетүү үчүн абдан маанилүү, анткени туура байланыш саламаттыкты сактоо уюмдарын алар тейлеген жамааттар менен байланышта кармап турат.

 

Жолугушууда негизги талкуулар төмөнкүлөрдү камтыды:

 

1. Коомдук маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу: Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери коомчулуктун кеңири маалымат стратегиясын иштеп чыгуу керек деген пикирге келишти. Бул стратегия уюмдардын иши, медициналык кызматтар, демилгелер жана жетишкендиктер тууралуу маалыматты ачык-айкын жайылтуу үчүн түрдүү медиа-платформаларды, социалдык тармактарды жана башка каражаттарды колдонууну камтыйт.

 

2. Коомчулук менен өнөктөштүк: Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери коомчулукту чечимдерди кабыл алууга жана медициналык кызматтарды көрсөтүүгө жигердүү тартуунун маанилүүлүгүн түшүнүштү. Буга байланыштуу саламаттык сактоо системасын жакшыртуу боюнча коомчулук өз ой-пикирлерин жана сунуштарын бөлүшө ала турган кайра байланыш механизмдерин иштеп чыгуу талкууланды.

 

3. Кадрларды окутуу: Коррупциянын алдын алуунун негизги аспектилеринин бири медициналык кызматкерлерди этикалык принциптерге жана жүрүм-турум стандарттарына үйрөтүү болуп саналат. Дарыгерлердин жана медициналык кызматкерлердин арасында жогорку профессионалдуулукту жана ак ниеттүүлүктү камсыз кылуучу окуу программаларын үзгүлтүксүз өткөрүү пландары түзүлдү.

 

4. Коррупцияга каршы чараларды белгилөө: Жыйындын катышуучулары саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупция менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Медицина кызматкерлеринин арасында ар кандай коррупциялык элементтердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча кошумча чараларды көрүү зарылчылыгы жөнүндө макулдашууга жетишилди. Бул коррупциялык фактыларды билдирүүнүн жана маалымат берүүчүлөрдү коргоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камтыйт.

 

5. Мониторинг жана баалоо: Бардык көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун камсыздоо үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери мониторинг жана баалоо системасын түзүүнү макулдашышты. Бул коомчулукту маалымдоо жана коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле чакырыктарга жана көйгөйлөргө жооп берүүгө мүмкүндүк берет.