Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
29
12
2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
24.07.2023
Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрдык резервинде турган адамдар үчүн “Саламаттык сактоону башкаруу” квалификациясы боюнча баштапкы аттестациялоонун алкагында тестирлөө өткөрүлүүдө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунда (ССжМТӨБ) саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрдык резервинде турган адамдар үчүн «Саламаттык сактоону башкаруу» квалификациясы боюнча баштапкы аттестациялоонун алкагында тестирлөө өткөрүлүүдө.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ССжМТӨ борборунун, Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин Ассоциациясынын жана “Саламаттык сактоону башкаруу системасын чыңдоо” Долбоорунун/PHA – II фазасынын өкүлдөрү катышты.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү куттуктоо сөзүндө тестирлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 39 Токтому менен бекитилген «Кадрлардын резервин түзүүнүн жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону» иш жүзүндө ишке ашыруунун маанилүү кадамдарынын бири экендигин белгилешти.
Тесттин жыйынтыгы боюнча керектүү баллды топтогон катышуучуларга “Саламаттыкты сактоону башкаруу” квалификациясы боюнча аттестациянын сертификаттары тапшырылат. Сертификат алгандан кийин саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрдык резервине кирген адамдар саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынакка катыша алышат.
«Саламаттык сактоону башкаруу системасын чыңдоо» долбоору Euro Health Group (Дания) жана «Саламаттыкты сактоо демилгелери» КФ (Кыргызстан) тарабынан ишке ашырылып, Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланат.
21.07.2023
Кыргызстан глобалдык коркунучка каршы: Антибиотиктерге туруктуулуктун таралышы боюнча дүйнөдөгү биринчи пилоттук улуттук изилдөө
Микробго каршы дары-дармекке туруктуулук проблемасы өлкөлөрдүн саламаттыгына жана өнүгүүсүнө глобалдуу коркунуч болуп саналат. ДССУ антимикробдорго каршы дары-дармекке туруктуулук проблемасын калктын саламаттыгына коркунуч туудурган адамзаттын алдындагы 10 глобалдык коркунучтун бири деп атады.
2023-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде ДCСУнун техникалык гранттык колдоосу менен антибиотиктерге туруктуулуктун таралышы боюнча биринчи пилоттук улуттук изилдөө жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарын даярдоо боюнча семинар өткөрүлдү. Бул изилдөө дүйнөдө биринчи жолу жүргүзүлүүдө.
«Кыргыз Республикасында кан агымындагы бактериялык инфекциялардын микробго каршы туруктуулугунун (МКТ) таралышын биринчи улуттук изилдөө» долбоорунун алкагында стационардын деңгээлинде МКТнын таралышына эпидемиологиялык көзөмөл системасын уюштуруу реалдуу кырдаалга объективдүү баа берүү жана МКТны жайылтпай кармап туруу стратегиясын андан ары иштеп чыгуу, МКПны колдонуу тактикасын аныктоо, МКП менен рационалдуу жана натыйжалуу дарылоону жүргүзүү, инфекцияны дары каражаттары менен дарылоодо МКПны негиздүү тандоо; ооруканаларда көп дарыга туруктуу микроорганизмдердин таралышын кармап турууда обочолоо жана чектөө чаралын жүргүзүү үчүн актуалдуу болуп саналат. Бул изилдөөнүн алкагында МКПга туруктуулуктун түзүмү жөнүндө маалыматтарды чогултуунун ишенимдүү системасын түзүү жана бул маалыматты клиникалык чечимдерди кабыл алуу жана саламаттыкты сактоонун тийиштүү саясатын иштеп чыгуу үчүн медицина кызматкерлерине берүү МКПны сарамжалдуу пайдаланууну жакшыртууга жана өлкөдө антибиотиктерге туруктуу инфекциялардын илдеттерин кыскартууга багытталган.
Бүгүнкү семинардын максаты – алдыдагы иштерди уюштуруу жана координациялоонун негизги приоритеттүү багыттарын түзүү, күтүлгөн натыйжаларга жетишүү үчүн ДССУ көрсөткөн техникалык колдоо менен бирге колдо бар ресурстарды баалоо, улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги мындан аркы кадамдарды аныктоо үчүн изилдөөнүн негизги максаттары, милдеттери жана мүнөздөмөлөрү менен бул изилдөөнү ишке ашырууга катышкан саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин тааныштыруу.
19.07.2023
Көзөмөлдөө системасынын экинчи этабы күчүнө кирди
2023-жылдын 4-мартында Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасында дары каражаттарын көзөмөлдөө системасын киргизүү жөнүндө” токтому күчүнө кирди. Бул система дарыканалардагы жана ооруканалардагы дары-дармекти (коддор менен белгиленген) өлкөгө киргенден баштап акыркы керектөөчүгө чейин байкоого жөндөмдүү.
Бүгүнкү күндө 487 дарыкана жана 222 саламаттыкты сактоо уюмдары дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө системасында иштейт. Ошол эле учурда система дары-дармек каражаттарынын 147 фирмалык аталышын карайт, алардын жалпы саны 600 000 таңгактан ашык.
2023-жылдын 1-июлунда дары каражаттарын көзөмөлдөө системасын ишке киргизүүнүн 2-этабы башталды. Буга байланыштуу Ош жана Баткен облустарындагы дарыкана мекемелеринин, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жана жеке менчик медициналык борборлордун фармацевттери үчүн кайталап окутуу иш-чаралары башталды.
19.07.2023
Кыргызстанда дары-дармектердин баасын жөнгө салуу боюнча жаңы эрежелер киргизилди
Калкты жеткиликтүү дары-дармектер менен камсыз кылуудагы маанилүү кадам болуп Министрлер Кабинетинин №292 «Дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому бекитилди. Бул чечим 2023-жылдын 31-майында кабыл алынган жана баалардын негизсиз жана кескин өсүшүнө жол бербөө максатында дары-дармек каражаттарына максималдуу дүң жана чекене бааларды белгилөөгө багытталган.
Бул эрежелердин негизги максаты - калк үчүн дары-дармектердин экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Маанилүү дары-дармек каражаттарынын улуттук тизмесине кирген дары-дармектерге максималдуу баалар белгиленет. Дары-дармектерге бааны түзүүдө ар кандай факторлор, анын ичинде башка өлкөлөрдөгү наркы, транспорттук чыгымдар, бажы төлөмдөрү ж.б. эске алынат. Мындан тышкары, үстөк баанын регрессивдүү шкаласы колдонулат, ага ылайык, дары каражаттын баасы канчалык жогору болсо, үстөк баа ошончолук төмөн болот. Белгилей кетсек, фармацевтикалык уюмдарга дары-дармектерди белгиленген баанын чегинен жогору сатууга тыюу салынат.
Эрежелер ата мекендик өндүрүшчүлөр чыгарган дары-дармектерге, ошондой эле рецептсиз сатылуучу дары-дармектерге жана жеткирүү баасы 100 сомго чейинки дары-дармектерге жайылтылбайт. Бул эрежелер Кыргыз Республикасында көзөмөлгө алынуучу наркотикалык жана психотроптук каражаттарга жайылтылбайт.
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармектердин баасын жөнгө салуу эрежелерин киргизүү бардык жарандардын дары-дармек менен камсыз болушуна шарт түзөт деп ишенет.
Эң жогорку дүң жана чекене бааларды эсептөө жана каттоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу дары-дармектердин баасын текшерүү үчүн жарандар берилген QR кодду колдонсо болот, ал эми дары-дармектердин баасын ашыкча көтөрүп саткан учурда www.pharm.kg сайтында жарыяланган нускамаларды аткаруу менен арыз калтырса болот.
18.07.2023
Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын медкызматкерлери эл аралык стандарттарга ылайык дары-дармек менен камсыздооду башкаруу, аларды туура сактоо жана сапатын көзөмөлдөө боюнча билимдерин өркүндөтүшүүдө
Республиканын түндүк аймактары жана Бишкек шаарынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын 60ка жакын медицина кызматкерлери эл аралык стандарттарга ылайык дары-дармектерди жеткирүү процессин башкаруу, аларды туура сактоо жана сапатын көзөмөлдөө боюнча билимдерин өркүндөтүштү. Тиешелүү тренинг Бишкекте USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун алкагында өттү.
Тренингтин катышуучуларын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) стандарттарына ылайык дары-дармектерди сактоо, бөлүштүрүү, ташуу жана бул процесстердин логистикасын санариптештирүү боюнча алдынкы тажрыйбалары менен USP – илимий бейөкмөт уюмунун эксперти Эрвин Лассой тааныштырды. Айта кетсек, азыркы учурда USP иштеп чыккан стандарттар140тан ашык өлкөдө иштеп жатат.
Кыргызстандын медициналык практикасында эл аралык стандарттардын колдонуусу кандай болушу керектиги – үстүбүздөгү жылдын май айында бекитилген КР Саламаттык сактоо министрлигинин эки документтин негизинде көрсөтүлгөн. Булар – Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында дарыканаларды башкаруунун тартиби жана Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоо тартиби. Эки документ тең «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун жана USP эксперттеринин техникалык жардамы менен иштелип чыккан. Эксперттердин айтымында, сатып алуудан баштап пациенттерге берүүгө чейин дары-дармектердин сапатын контролдоо дарылоонун коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылат. Андыктан тиешелүү стандарттарды киргизүү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармектердин сапатына байланышкан көйгөйлөрдү өз убагында аныктоого жана аларды чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Мындай экинчи тренинг август айына белгиленген. Бул ирет ага түштүк аймактарынын медицина кызматкерлери катышат.
13.07.2023
Улуттук госпиталда Кореядан келген дарыгерлер жарандарды кабыл алып, кеңеш беришет
“Сеул Асан” кайрымдуулук фондунун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Корея Республикасынын Элчилигинин колдоосу менен 2023-жылдын 17-18-июль күндөрү Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын базасында “Сеул Асан” госпиталынан (Корея Республикасы) келген дарыгерлердин төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алуусу жана консультация берүүсү пландаштырылууда:
- Офтальмология
- Оториноларингология
- Гастроэнтерология
- Терапия
-Кардиология
- Аллергология
- Стоматология
-Жалпы хирургия
- Көкүрөк хирургиясы
-Пластикалык хирургия
- Педиатрия
Консультация алууну каалагандар саат 8:00дөн 17:00гө чейин Улуттук госпиталдын көчмө клиникасы жайгашкан Тоголок Молдо, 1/7 (урология борборунун артында) дарегине келсе болот.
Кабыл алуу төмөнкү телефондор боюнча алдын ала жазылуу менен жүргүзүлөт: 0990800483; 0557191919
Жаныңызда:
- өздүгүн тастыктоочу документ
- медициналык документтер болушу керек.
13.07.2023
АКШ кургак учук менен күрөшүүнү колдоо үчүн 13 млн сомдук заманбап жабдууларды берди
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) аркасы менен Кыргызстандын кургак учукка каршы борборлорунда эки саатка жетпеген убакыттын ичинде кургак учукту табууга жөндөмдүү кыйла заманбап диагностикалык жабдуулар пайда болду. Кыргызстанда кургак учук менен күрөшүүнү күчөтүүгө багытталган USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» беш жылдык долбоорунун алкагында USAID кургак учуктун штаммын эки саатка жетпей аныктоого мүмкүндүк берген жана дарылоодо пайдаланылган маанилүү дары-дармектерге сезгичтикти аныктаган GeneXpert диагностикалык жабдуусун сатып берди.
Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Талас жана Ысык-Көл облустарынын кургак учук менен күрөшүү борборлоруна жаңы 10-түстүү диагностиканын технологиясы менен GeneXpert беш платформасы жеткирилет. Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасында жана региондордогу баштапкы медициналык-санитардык мекемелерде адистештирилген комьютердик жабдуулар орнотулат.
Эми жаңы сатып алынган жабдуулардын натыйжасында бир нече жерде орнотулган 29 GeneXpert платформасы кургак учуктун молекулярдык диагностикасын тездетүүнүн жалпы улуттук жеткиликтүүлүгүн камсыз кылмакчы.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаева жана USAIDдин Миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу Эндрю Мейбрук бүгүн Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборунда болуп өткөн жабдууларды расмий тапшыруу аземине катышышты.
Министрдин орун басары Б. Арыкбаева Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учук менен күрөшүү боюнча улуттук чараларды күчөтүүнү улантарын жана Кыргызстанда адамга багытталган медициналык жардамды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. «Кыргыз Республикасында кургак учук менен күрөшүүдө USAID негизги өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Берилген жабдуулар кургак учукка каршы кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бейтапка кыйла багытталгандай болушуна жардам берет», - деп белгиледи министрдин орун басары.
«Биргелешкен күч-аракеттин аркасында кургак учуктун жүгүн жана өлүмүн азайтууда олуттуу жылыштарга жетиштик. Бирок биздин максат – кургак учукту жоюу. USAID бул максатка жетүү үчүн Кыргыз Республикасы менен кызматташуууну уланта бермекчи», - дейт USAIDдин миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу Эндрю Мейбрук.
Кыргызстанда кургак учуктун көптөгөн дарыга туруктуу оору деңгээли боюнча дүйнөдө жогорку орундардын биринде турат. Кургак учукту ийгиликтүү дарылоо үчүн мүмкүн болушунча дартты эрте аныктоо жана бейтаптарга дарылоонун алда канча натыйжалуу курсун белгилөө үчүн штаммын табуу маанилүү болуп саналат. Дарыга туруктуулукту табуу ыкмасы татаал лабораториялык инфратүзүмдү жана анализдерди жүргүзүү үчүн окутулган кызматкерлерди талап кылат.
###
USAID кургак учук менен күрөшүүдө Кыргызстан менен көптөн берки өнөктөш болуп саналат. Азыркы учурда JSI менен өнөктөштүктө «Кургак учукту айыктыруу» беш жылдык долбоорун ишке ашырууда. 20,2 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция дартты аныктоонун, дарылоонун жана дарыларга туруктуу кургак учук менен ооруган бейтаптарды сакайтуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Кыргызстандын Өкмөтүнүн күч-аракетин колдоого жумшалууда.
13.07.2023
Усиление системы эпидемиологического надзора за распространенностью антибиотикорезистентности и организации рационального пересмотра Перечня жизненно-важных лекарственных средств Кыргызской Республики
Проблема устойчивости к противомикробным препаратам представляет собой глобальную угрозу для здоровья и развития стран. ВОЗ назвала проблему устойчивости к противомикробным препаратам одной из 10 стоящих перед человечеством глобальных угроз здоровью населения.
С 11-13 июля 2023 года при технической поддержке регионального офиса ВОЗ прошел семинар по результатам эпидемиологического надзора за потреблением антимикробных ЛС и исследований по использованию антимикробных препаратов в Кыргызстане.
Во время семинара рабочая группа по разработке порядка формирования Национального перечня жизненно-важных ЛС совместно с международными экспертами обсудила с представителями ОЗ, ассоциаций, ФОМС, и другими заинтересованными сторонами:
- вопросы надзора за потреблением антимикробных лекарственных средств в Кыргызстане;
- внедрения клинических протоколов по лечению заболеваний, ассоциированных бактериальными инфекциями;
- обзора по антибиотикам в национальных перечнях жизненно важных лекарственных средств
- Инструменты ВОЗ по выбору антибиотиков (классификация AWaRe и книга антибиотиков)
- Антибиотики в ПЖВЛС Кыргызстана
12.07.2023
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы бир катар медициналык мекемелерге барды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерге барды.
Алгач, МинКаб Төрагасы ачылуу алдында турган Перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган бул перинаталдык борбор жакын арада заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат.
Медициналык мекемеде кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүлөт. Ооруканада 100дөн ашуун бейтапка орун каралган.
Белгилей кетсек, бул Перинаталдык борбордун курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Борбор ушул жылдын аягына чейин ишке берилиши күтүлүүдө.
МинКаб Төрагасы белгилегендей, медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мындай Перинаталдык борборлор Ош жана Талас облустарында дагы курулат.
“Заманбап перинаталдык борборлорду, балдар ооруканаларын, төрөт үйлөрүн куруу, андагы медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана техникалык абалын жакшыртуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири”, – деди Акылбек Жапаров.
Андан ары МинКаб Төрагасы Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына барып, ооруканын жаңы хирургиялык кабыл алуу бөлүмүн реконструкциялоо иштери менен таанышып чыкты.
12.07.2023
Кыргызстанда вирустук гепатит менен күрөшүү боюнча эл аралык симпозиум өтүүдө
Кыргызстанда вирустук гепатит менен күрөшүү боюнча эл аралык симпозиум өтүп жатат. Иш-чара Россия Федерациясынын колдоосу менен КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулду.
Симпозиум «В жана С вирустук гепатиттерин аныктоо, дарылоо жана алдын алуудагы инновациялык тажрыйбалар» деген ураан астында өтүп, тажрыйба алмашууга жана билимдери менен бөлүшүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүп, бул чөйрөдөгү алдыңкы эксперттерди жана адистерди бириктирет.
Талкуунун жүрүшүндө В жана С гепатиттерин диагностикалоо, дарылоо жана алдын алууга, ошондой эле бул оорулардын таралышын азайтуунун эффективдүү стратегияларына өзгөчө көңүл бурулат.
В жана С вирустук гепатиттерин диагностикалоо, дарылоо жана алдын алуу боюнча сунушталган инновациялык тажрыйбалар жана ыкмалар саламаттыкты сактоонун абалын андан ары өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн маанилүү стимул болот.
Ошондой эле, симпозиум вирустук гепатитке каршы эмдөө программасын баштоого көмөктөшүп жаткан Россия Федерациясынын колдоосунун маанилүүлүгүн белгилейт. Россиялык өнөктөштөр менен кызматташуунун аркасында В гепатитине каршы эмдөөнүн жеткиликтүүлүгү жана натыйжалуулугу кыйла жогорулады, бул аталган илдеттерге каршы күрөшүүдө жана калктын ден соолугун коргоодо маанилүү кадам болуп саналат.
11.07.2023
Аномалдуу ысык аба ырайында ден соолукка кам көрүү боюнча кеңеш
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология агенттигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 12-14-июль күндөрү аномалдуу ысык аба ырайы күтүлүүдө.
Саламаттыкты сактоо министрлиги алдыдагы аномалдуу ысыкта ден соолукка кам көрүү боюнча сунуштарды берет.
Абанын температурасынын ашыкча жогорулашы адамдын организмине, өзгөчө жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизет. Мындай аномалдуу ысык аба ырайында организмдин кургап калышынан жана ысык же күн өтүп кетишинен сактануу үчүн мүмкүн болушунча көлөкө жерде болууга аракет кылыңыз.
Ысык же күн өтүп кетишинин белгилери:
Баш айлануу, баш оору, жүрөктүн тез кагышы, жүрөк айлануу, муздак тер, бет терисинин кызарышы, алы кетүү.
Оор учурларда катуу ысыктын же күндүн таасири астында адам эсин жоготуп, дене табы 41°Сге чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
Ысык өтүп кетишинин алдын алуу
Баш кийимсиз күн астында көпкө туруу сунушталбайт. Чаңкооңузду салкын, бирок өтө муздак эмес суусундуктар менен кандыруу зарыл: суу, көк чай, шире, бирок эч качан спирт, кофе же сыра болбойт. Алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу керек. Ысык аба ырайында режимди сактоо өтө маанилүү болуп саналат - суюктук, жок эле дегенде, 1,5 - 2,5 литр, ашыкча тоюп жеген болбойт.
Бөлмөнүн температурасын көзөмөлдөө жана түздөн-түзжелдеткичтин же кондиционердин астында турбаш керек.
Бөлмөнүн ашыкча ысып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жалюзи колдонуу, терезелердин ички жагына чагылдыруучу фольганы же тешикчелери бар кадимки ак кагазды жабыштыруу сунушталат.
Табигый кездемелерден (кебез, зыгыр буласынан, жибектен) тигилген жеңил, ачык түстөгү кийимдерди кийүү керек.
Курчап турган чөйрөнүн температурасы 25 градустан жогору болсо, оор физикалык жумуш, терапиялык массаж, жылуулук физиотерапиясы, ден соолукту чындоочу көнүгүүлөрдү жасоого тыюу салынат, анткени булар жүрөк-кан тамыр системасына кошумча күч келтирет.
Жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары менен жабыркагандар дарыгердин сунуштарын так аткарып, белгиленген дары-дармектерди өз убагында кабыл алышы керек. Артериалдык гипертониядан жапа чеккен адамдар кан басымын дайыма көзөмөлдөп турушу керек. Кант диабети менен ооруган бейтаптар кандагы канттын көлөмүн кылдаттык менен көзөмөлдөөсү керек. Бул жөнөкөй алдын алуу чараларын колдонуу менен, аномалдуу ысык аба ырайына оңой туруштук бере аласыз жана ден соолугуңуздун начарлашынан сактана аласыз.
11.07.2023
Бишкекте полиомиелитке каршы даярдык боюнча тренинг өтүүдө
2023-жылдын 11-12-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ДССУ ЕРБнын консультанттары менен биргеликте полиомиелиттин чыгышына каршы аракеттенүү боюнча тренинг өткөрүүдө. Симуляциялык машыгуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Эмдөө боюнча Улуттук техникалык эксперттик топтун мүчөлөрүнүн, Республикалык иммунопрофилактика борборунун, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун, Дары-дармек департаменти жана облустук деңгээлдеги иммунолог, эпидемиолог адистеринин катышуусунда өткөрүлүүдө.
Тренингдин негизги максаты – улуттук өнөктөштөрдүн жана эксперттердин эпидемиологиялык жактан коопсуз өлкөлөрдөн оору жуктуруп келген учурга жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруудаярдыгын жогорулатуу.
Тренингде дүйнөдөгү жана аймактагы кырдаалга сереп салуу, полиовирустун жайылуу тобокелдигине баа берүү, жапайы полиовирустун келишинен улам же вакцина менен байланышкан полиовирустун (cVDPV) циркуляциясынан улам чыгышы мүмкүн болгон полиомиелиттин учурундагы тобокелдиктер боюнча ДСУнун сунуштары жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына негизделген андан аркы аракеттер көрсөтүлөт. Тренингдин жыйынтыгында полиовирустук учурга же эпидемияга каршы Улуттук колдонмо жана чара көрүү планы жаңыланат.
11.07.2023
Чүй облустук бириккен ооруканасына Эрнст Акрамовдун аты ыйгарылды
Чүй облустук бириккен ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Эрнст Хашимович Акрамовдун хирургиянын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизген хирургиялык практикага жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымын жана жетишкендиктерин баса белгилейт. Анын тажрыйбасы жана чеберчилиги медициналык практиканын кесипкөйлүгүнүн жана жогорку сапатынын үлгүсү болуп саналат.
Маалымат үчүн: Чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен кабыл алынган.
10.07.2023
Мобилдик мульти-диагностикалык комплекс өз ишин Аксы жергесинде улантат
Мобилдик мульти-диагностикалык комплекс Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрөт. 2023-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев комплекстин жашоочуларды кабыл алууга жана текшерүүгө даярдыгы менен таанышты.
Мобилдик мульти-диагностикалык комплекстин ачылыш аземи Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиевдин, Аксы районунун акиминин орун басары Бердалы Мырзагуловдун, Кербен шаарынын мэри Эрнст Зияйдиновдун, мобилдик комплекстин адистеринин жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү.
Диагностикалык комплекс райондун бардык жашоочулары үчүн акысыз медициналык текшерүүлөрдү, дарылоо жана консультацияларды, ошондой эле ыңгайлуу жана жеткиликтүү форматта диагностикалык кызматтарды көрсөтөт.
Мобилдик комплекс медициналык изилдөөлөрдүн көптөгөн түрүн жүргүзүүгө жана ар кандай ооруларды диагностикалоого мүмкүндүк берүүчү заманбап жабдуулар менен жабдылган. Анын иши медицинага жетүүдө көйгөйлөргө туш болгондорго сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.
«Көптөгөн адамдар үчүн бул аймактан чыкпай туруп эле адистер менен өз маселелерин карап чыгуу жана талкуулоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк», - деп баса белгиледи Тилек Мамадалиев.
Мобилдүү комплекстин ишин уюштурууга колдоо көрсөткөн жергиликтуу бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиребиз.
Эске салсак, долбоор 5 жылга эсептелген жана ИӨБ мобилдик клиниканын ишин тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар жана күйүүчү май менен камсыздап, дарыгерлердин айлык акысын каржылайт. Мобилдик клиника дарыгерлер үчүн бөлмөлөр, анализ жүргүзүү лаборатория, компьютердик томография жана маммография, операциялык блок, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борборунан турат. Ошондой эле мобилдик клиниканын курамында калкты ташыган кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да каралган.
07.07.2023
Кыргыз Республикасындагы Эл аралык медициналык санитардык эрежелерге Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы жыйынтыкталды
Бүгүн, 7-июлда Кыргыз Республикасындагы Эл аралык медициналык санитардык эрежелерге Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы аяктады.
Бул маанилүү миссиянын алкагында Кыргыз Республикасына коомдук саламаттык сактоодогу коркунучтарга жооп кайтарууга даярдыгын жана жөндөмдүүлүгүн системалуу баалоодон өтүү мүмкүнчүлүгү берилди.
Баалоо Эл аралык медициналык санитардык эрежелерди ишке ашыруу контекстинде жүргүзүлдү, ал адамдарды коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдардын бардык түрлөрүнөн коргоо үчүн негиз болуп саналат.
Апта ичинде эл аралык жана улуттук эксперттер 19 техникалык багытты изилдешти. Алар саламаттык сактоо системасынын ишинин натыйжалуулугун, жардамдын сапатын, өзгөчө кырдаалдарды пландаштыруу жана жооп кайтаруу, лабораториянын мүмкүнчүлүктөрүн, маалыматтарды чогултуу жана талдоо ж.б.
Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы саламаттык сактоо системасын мындан ары жакшыртуу боюнча баалуу сунуштарды берди. Баалоонун натыйжалары медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча стратегиялык чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле калктын ден соолук коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга багытталат.
«Биргелешкен тышкы баалоонун ыктыярдуу миссиясын кабыл алуу Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын тынымсыз жакшыртууга жана калктын ден соолук коопсуздугун камсыздоого умтулуусун тастыктайт. Миссия чоң иш аткарды. Алынган жыйынтыктар саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү потенциалын күчөтүү боюнча мындан аркы иш аракеттерди көрүү үчүн негиз болуп, эксперттердин сунуштары биздин ишибизде маанилүү багыт болот», - деди Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев. Ал мындан тышкары, Биргелешкен тышкы баалоого катышкан эксперттерге ыраазычылык билдирди.
Министрдин орун басары эл аралык коомчулук менен кызматташууну күчөтүү жана эл аралык стандарттарды жана эрежелерди колдонуу Кыргыз Республикасында күчтүү жана ишенимдүү саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн негизги фактору экенин баса белгиледи.
07.07.2023
Республикалык иммунопрофилактика борбору Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн облустук борборлору менен байланышты жакшыртуу үчүн жабдуу алды
2023-жылдын 7-июлунда ЮНИСЕФтин техникалык жардамы менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборуна (РИБ) заманбап жабдуулардын жети комплекти берилди. Жаңы жабдуу COVID-19 пандемиясы сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда координацияны жакшыртып, адистерди аралыктан окутуу үчүн бардык облустук борборлорду туташтырууга жардам берет. Вакцинация жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянстын (ВИГА) CDS-2 долбоорунун алкагында берилген жабдуулардын жалпы наркы 2,5 млн сомдон ашык.
Жабдууну расмий тапшыруу салтанаты Бишкекте РИБдин директору Гүлбара Ишенапысова менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиолонун катышуусунда өттү.
Гүлбара Ишенапысованын айтымында, бул жабдуу калктын вакциналарга болгон ишенимин арттыруу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жардам берет.
“Жабдуулар вакциналар менен башкарууга боло турган инфекцияларга эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү үчүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн бардык облустук борборлоруна өткөрүлүп берилет. Бул бардык тапшырмаларды бирдиктүү маалыматтык мейкиндикке интеграциялоону камсыз кылат жана иштин натыйжалуулугун олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет. Көрсөтүлгөн техникалык жардам үчүн ЮНИСЕФке ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деп белгиледи ал.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн облустук борборлору интерактивдүү такталар, видеобайланыш үчүн микрофондор жана камералар менен жабдылат.
“COVID-19 пандемиясы кризис учурунда натыйжалуу координация, байланыш жана даярдык чечүүчү мааниге ээ экенин көрсөттү. Биз бул жаңы жабдуу Кыргызстандын саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын мындан ары жогорулатууга жардам берет деп үмүттөнөбүз”, — деди Кристина Бруджиоло.
ЮНИСЕФ COVID-19га жана башка ооруларга каршы эмдөөнү жайылтууда Кыргызстанга көрсөткөн колдоосун улантууда. ЮНИСЕФ вакциналарды сактоону жакшыртууга, санариптик чечимдерди киргизүүгө, медициналык кызматкерлерди окутууга жана вакциналарды сатып алууга жардам берип келатат.
Негизги максаты – эмдөөнү жана ар бир баланын саламаттыгын коргоону камсыз кылуу.
07.07.2023
Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти тарабынан «Дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын орусча-кыргызча сөздүгү» иштелип чыкты
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти (мындан ары Департамент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 510 «Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы» токтомун аткаруу максатында орусча-кыргызча медициналык терминдер сөздүгүн: «Дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын орусча-кыргызча сөздүгүн» даярдаган.
Департаменттин имаратында 2023-жылдын 6-июлунда Дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын орусча-кыргызча сөздүгүн биринчи талкуулоо иш-чарасы өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун» директору Н.К. Маражапова баш болгон комиссия мүчөлөрү жана Департаменттин жетекчилери менен бирге кызматкерлер катышты.
Иш-чара тил саясатын өнүктүрүүгө багытталып, адистештирилген сөздүк мамлекеттик тилдин беделин өстүрүүгө түрткү болуп, кыргыз тилинин тармактуу-медициналык, заманбап тил катары мамлекеттик деӊгээлде өнүгүшүнө салым кошот.
07.07.2023
В г.Чолпон-Ата прошла международная научно-практическая конференция
В г. Чолпон-Ата, в санатории «Голубой Иссык-Куль» прошла Международная научно-практическая конференция «Проблемные болезни 21 века, особенности течения в горных условиях», посвященная 30-летию Академического консорциума «Международный университет Кыргызстана» и II форум АКК «Курортная медицина», организаторами которой выступили Международная школа медицины Международного университета Кыргызстана, Ассоциация курортов Кыргызстана при поддержке Кыргызского Государственного медицинского института переподготовки и повышения квалификации имени С.Б. Даниярова, ОО «Активное долголетие кыргызстанцев» с участием Академии полярной медицины и экстремальной экологии человека (Россия), Альянса сотрудничества больниц стран ШОС, университета ОKAN и «Fountain Group» (Турция), первого Московского государственного медицинского университета им. И.М. Сеченова (Россия), «Союз здоровья» - «Ци Хуань» (Китай), представителей ассоциаций курортов Узбекистана, Казахстана, Болгарии и Латвии.
Цель конференции – обсуждение и анализ текущих тенденций в медицинском образовании с целью разработки новых подходов и стратегий, демонстрация научных достижений, повышение квалификации врачей, внедрение в практику последних достижений медицинской науки, а также повышение профессионального уровня специалистов различного профиля в области санаторно-курортного лечения, медицинской реабилитации и спортивной медицины, ознакомление с передовым опытом внедрения инновационных медицинских технологий.
С приветственным словом к участникам и гостям конференции выступили: президент Академического Консорциума «МУК», член-корреспондент НАН КР Айдаралиев А.А., президент Конгресса женщин Кыргызстана Акбагышева З.А., академик Европейской академии естественных наук д.м.н. Тогузбаева К.К. (Республика Казахстан); академик полярной медицины и экстремальной экологии человека профессор Чухрова М.Г. (Российская Федерация); президент ассоциации курортов Кыргызстана Батырбекова Л.К. и др.
Основными научными направлениями конференции стали: проблемы образования в медицинских вузах; клинические аспекты внутренних болезней и особенности течения в горных условиях, возрастные особенности патологии у жителей горных регионов и коморбидные заболевания, медицинская реабилитация больных с использованием лечебных климатических условий и природных лечебных ресурсов, медицинские и психологические аспекты жизнедеятельности и безопасности в экстремальных и чрезвычайных условиях.
В рамках работы конференции были проведены мастер-классы и школа для практических врачей с выступлением ведущих профессоров Кыргызстана по современной диагностике и особенностям лечения распространенных сердечно-сосудистых заболеваний в горных условиях.
В форуме «Курортная медицина» приняли участие представители многих курортных ассоциаций СНГ и дальнего зарубежья, которые поделились опытом современных тенденций использования природных ресурсов и климатических условий для лечения и восстановления здоровья людей.
Международная конференция, где приняли участие более 180 делегатов, стала авторитетной научной площадкой, где было представлено более 90 докладов по актуальным проблемам в области образования и медицины, а также курортной медицины. Кроме этого, обсуждены и определены приоритеты развития международного сотрудничества, стратегического партнерства и передача опыта в медицинском образовании и науке, проблемы геронтологии и гериатрии для разработки программы «Активное долголетие кыргызстанцев», повсеместное распространение концепции Активное долголетие.
07.07.2023
Кызамык менен ооругандардын 81% эмдөө албагандар
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Улуу Британия, Австрия, Түркия, Сербия, Армения, Тажикстан, Россия Федерациясы, Казакстан сыяктуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык регионунун 17ден ашык өлкөлөрүндө кызамык оорусунун көбөйүшүн эске алуу менен, өз убагындагы кызамыкка каршы эмдөөнүн маанилүүлүгүн эскертет.
COVID-19 пандемиясынын учурунда профилактикалык эмдөө менен камтуунун төмөндөшү дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда оорунун өсүшүндө негизги ролду ойноду.
Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусуна чалдыккандардын саны 1001ге жетти. Белгилей кетсек, ооругандардын көбү (81%) кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөн эмес. Эмдөөдөн өтпөгөн топтун 29%нын жаш курагы (6 жана 8 ай) жетишсиз болгондуктан эмдөөдөн өтүшкөн эмес, 33%ы эмдөөдөн баш тартышкан, 8%ы медициналык себептерден, 1,3%ы миграциялык факторлордун таасиринен улам эмдөөдөн өтүшкөн эмес жана 10 %ынын эмдөө статусу белгисиз.
Кызамык оорусун аймактар боюнча каттоо: Ош облусу - 394 учур, Ош шаары - 207 учур, Бишкек шаары - 135 учур, Баткен облусу - 67 учур, Жалал-Абад облусу - 55 учур, Чүй облусу - 44 учур, Талас облусу - 55 учур жана Ысык-Көл облусу - 44 учур. Бойго жеткен калктын арасында илдеттин катталышы бирин-серин.
Кызамыкка жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөө Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө графигине ылайык жүргүзүлөт. Кызамыкка каршы эмдөө балдарга 1 жашында (12 ай), ал эми кайталап эмдөө 6 жашында жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кызамык оорусунун жайылышын алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Учурда республиканын аймагында оорунун очогун аныктоо, андан ары жайылышын алдын алуу боюнча жана эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетчү нерсе, кызамыктын атайын дарылоосу жок, бирок эмдөө менен ооруну алдын алууга болот. Эмдөө кызамыктын жайылышын алдын алуунун жана калктын саламаттыгын сактоонун эң натыйжалуу жолдорунун бири.
Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык ата-энелерди жана камкорчуларды балдарын кызамык жана кызылчага каршы эмдөөнүн зарылдыгына көңүл бурууга чакырат.
Эмдөө балдарды коркунучтуу оорулардан гана коргобостон, инфекциялардын жайылышын алдын алуу менен социалдык бакубаттуулукка да салым кошот.
«Эмдөө балдардын жана коомдун ден соолугун вакцина менен алдын ала турган инфекциялардан коргоонун маанилүү кадамы болуп саналат. Бардык жарандарды Кыргызстанда кызамык оорусунун жайылышын алдын алууга жардам берүүгө чакырабыз. Биз биргеликте балдарыбыз жана жалпы коом үчүн коопсуз жана сергек чөйрөнү түзө алабыз”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Г.Баатырова.
05.07.2023
В рамках проекта «Экстренное реагирование на COVID-19» будут построены 8 складов для хранения вакцин по всей республике
В рамках проекта “Экстренное реагирование на COVD - 19”, финансируемого Всемирным банком, планируется строительство 8-ми складов для хранения вакцин в межрайонных центрах профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора по всей республике.
В настоящее время идет процесс строительства 6-ти складов для хранения вакцин в межрайонных центрах профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора в г. Токтогул, г. Ала-Бука, и г. Баткен, в центре профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора г. Джалал-Абад и санитарно-эпидемиологическом отделе в с. Араван и в Ак-Талинском районе. Ожидается начало строительных работ в ЦПЗиГСЭН г. Бишкек, санитарно-эпидемиологическом отделе г. Кербен.
Отметим, что в рамках проекта уже отремонтированы склады для хранения вакцин в санитарно-эпидемиологических отделах Московского, Кеминского, Базар-Коргонского районов, а также в межрайонном центре профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора г.Талас. Проведены отделочные работы внутри помещений с заменой окон, дверей, покрытий пола и электрических cетей. Также были установлены вытяжные системы вентиляции, водонагреватели и раковины, а также проведена прочистка канализационных труб. Ремонтные работы подходят к завершению в санитарно-эпидемиологическом отделе в с. Чаек.
Кроме этого, за счет Проекта для Департамента профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР было закуплено 50 морозильных камер и 50 термоконтейнеров для хранения вакцин. В рамках Проекта также ожидается поставка фризерной комнаты для Республиканского центра иммунопрофилактики (фризерная комната – это объемная специализированная морозильная холодильная камера для хранения вакцин при температуре хранения (-15-25 градусов)).
Цель Проекта-содействие Правительству Кыргызской Республики в укреплении способности реагирования на пандемию COVID – 19 путем обеспечения надлежащих профилактических мер, закупки лекарственных средств, расходных материалов и медицинского оборудования, а также улучшения условий в организациях здравоохранения.