ЧЫЛЫМ ЧЕГҮҮ ЖӨНҮНДӨ ТАКТАЛГАН 10 ФАКТЫ
1 Тамеки тартуу адамдарды өлүмгө жеткирет. Алардын көбү
эмгекке жарамдуу куракта өпкө рагы, жүрөк-кан тамыр жана башка оорулардан каза
болушат. Тамеки чеккендер тамеки тартпагандарга караганда орто эсеп менен 7
жылга аз жашайт.
2 Тамеки чегүү миокард инфаркты,
мээ инсульту, перифериялык атеросклероз, аорта аневризмасы, өпкө рагы жана
башка органдардын рагы, өпкө оорулары, кант диабети үчүн олуттуу тобокелдик
факторлорунун бири болуп саналат.
3 Жүрөк-кан тамыр ооруларынын
пайда болуу ыктымалдыгы тамеки тартуунун интенсивдүүлүгүнө жараша болот:
канчалык көп тамеки тартсаңыз, коркунуч ошончолук жогору болот.
4 Тамеки чеккендердин жүрөгүнүн
капыстан токтоп калуу ыктымалдыгы 3 эсе жогору.
5 Тамеки тарткан эркектер тукумсуздуктан
көбүрөөк жабыркап, уруктугунун эрте түшүп калуусуна даттанышат.
6 Тамеки чегүү тукумсуздук
коркунучун жогорулатат, кош бойлуулук учурунда түйүлдүктүн гипоксиясы жана
боюнан түшүп калуу сыяктуу кыйынчылыктарга алып келет.
7 Тамеки тарткан аялдар
остеопорозго жана анын натыйжасында сөөктүн сынуусуна көбүрөөк чалдыгышат.
8 Тамеки тартуу эрте картаюуга
алып келет жана сырткы келбетти бир топ начарлатат.
9 Тамеки түтүнүндө 4000ден ашык
кошулмалар бар, алардын 250сү уулуу же канцерогендик.
10 Балдардын жана башка тамеки тартпагандардын
жанында тамеки чеккен адам алардын ден соолугуна олуттуу зыян келтиришет.