16 - февральга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат
16.02.2022
Айыккандар боюнча
Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук
жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19
илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 207, анын ичинде Бишкек ш.– 154, Ош ш. – 6, Чүй облусу – 16, Ош облусу – 5, Талас облусу – 5, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 3,
Жалал-Абад облусу – 15, Баткен
облусу – 1.
Жалпы айыккандардын саны: 193 385 бейтапты түздү.
Регион |
% |
Бишкек
шаары |
96,5 |
Ош шаары |
97,4 |
Чүй облусу |
96,2 |
Ош облусу |
98,3 |
Талас
облусу |
93,2 |
Нарын
облусу |
95,7 |
Ысык-Көл
облусу |
96,4 |
Жалал-Абад
облусу |
97,6 |
Баткен
облусу |
96,3 |
Жалпы: |
96,6 |
Жаңы катталган учурлар
2022-жылдын 16 - февралына карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 54 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 25, Ош ш. – 2, Чүй облусу – 9, Ош облусу – 0, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 0, Ысык-Көл облусу – 6, Джалал-Абад облусу – 10, Баткен облусу – 0.
Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү
Регион |
Лаборатордук
тастыкталган |
Клинико-эпидемиологиялык |
Бишкек
шаары |
12 |
13 |
Ош шаары |
0 |
2 |
Чүй облусу |
5 |
4 |
Ош облусу |
0 |
0 |
Талас
облусу |
1 |
1 |
Нарын
облусу |
0 |
0 |
Ысык-Көл
облусу |
5 |
1 |
Жалал-Абад
облусу |
5 |
5 |
Баткен
облусу |
0 |
0 |
Жалпы: |
28 |
26 |
Акыркы суткада – 2 543 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 378 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда – 1910 бейтап бар.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 196, Ош ш. – 17, Чүй облусунда – 98, Ош облусунда – 7, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 0, Ысык-Көл облусунда – 27, Джалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 22. Стационарда дарыланып жаткан 378 бейтаптардын ичинен, 177 (46,8%) орто оордукта, 158 (41,7%) оор абалда жана 43 (11,3%) өтө оор абалда.
Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 935, Ош ш. – 153, Чүй облусунда – 222, Ош облусунда – 72, Талас облусунда – 121, Нарын облусунда – 45, Ысык-Көл облусунда – 188, Джалал-Абад облусунда – 108, Баткен облусунда – 66.
Каза болгон учурлар
Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон – 3 учур катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 3 учур, Бишкекте – 2, Ысык-Кол обл - 1 (вакцина албагандар). Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2935 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1235, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1700.
Медицина кызматкерлери
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 1 медициналык кызматкер катталды, Таласта. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7737 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 1 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден – 7 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча – 7386 медициналык кызматкер айыкты.