16 - январга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

16.01.2022

Айыккандар боюнча
Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 108, анын ичинде Бишкек ш.– 60, Ош ш. – 1, Чүй облусу – 13, Ош облусу – 9, Талас облусу – 0, Нарын облусу – 0, Ысык-Көл облусу – 4, Жалал-Абад облусу – 17, Баткен облусу – 4.  
Жалпы айыккандардын саны: 180 970 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

94.0

Ош шаары

97.7

Чүй облусу

95.7

Ош облусу

97.9

Талас облусу

93.7

Нарын облусу

96.1

Ысык-Көл облусу

97.2

Жалал-Абад облусу

97.2

Баткен облусу

96.3

 Жалпы:

95.4

 
Жаңы катталган учурлар
2022-жылдын 16 - январына карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 874 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 670, Ош ш. – 27, Чүй облусу – 69, Ош облусу – 12, Талас облусу – 22, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 7, Джалал-Абад облусу – 41, Баткен облусу – 21.
 Жалпы катталган учурлардын саны – 189 687 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 130 245, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 59 442.
Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 3,5 түздү.
Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

662

8

Ош шаары

27

0

Чүй облусу

55

14

Ош облусу

12

0

Талас облусу

22

0

Нарын облусу

4

1

Ысык-Көл облусу

6

1

Жалал-Абад облусу

38

3

Баткен облусу

21

0

 Жалпы:

847

27

 
Акыркы суткада    4 933 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.
Республика боюнча дарыланып жаткандар
Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 836 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 3 562 бейтап бар.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 440, Ош ш. – 37, Чүй облусунда – 190, Ош облусунда – 66, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 18, Джалал-Абад облусунда – 41, Баткен облусунда – 19. Стационарда дарыланып жаткан 836 бейтаптардын ичинен, 7 (0,7%) канааттандыраарлык,  501 (59,9%) орто оордукта, 279 (33,3%) оор абалда жана 49 (5,8%) өтө оор абалда.
Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 2796, Ош ш. – 101, Чүй облусунда – 236, Ош облусунда – 58, Талас облусунда –  88, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 80, Джалал-Абад облусунда – 135, Баткен облусунда – 57.
Каза болгон учурлар
Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон – 2 учур катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 1 учур, Бишкекте;  клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 1 учур, Бишкекте (вакцина албагандар). Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2830 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1157, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1673.
Медицина кызматкерлери
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 36 медициналык кызматкер катталды, Бишкекте - 21,  Баткен обл – 5, Жалал-Абад обл – 4, Чуй обл – 6. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7256 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 2 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 5 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 6953 медициналык кызматкер айыкты.