Copyright: ©
ЖМК өкүлдөрү үчүн чакыруу: Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы
01.04.2024 / Просмотров: 42142
2024-жылдын 2-апрелинде саат 10:00дө Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын (КМДТжСА) Ахунбаев көч., 97 дарегинде жайгашкан манежинин имаратында “Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы” 18-Эл аралык конгресс жана көргөзмө форуму башталат.
Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо көргөзмөсү 2023-жылдын 2-апрелинен 4-апрелине чейин өтөт, ал Борбордук Азиядагы беш ири көргөзмөнүн бири болуп саналат.
Борбор Азиядагы медицина тармагы боюнча беш ири көргөзмөнүн бири болгон бул иш-чара, саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер үчүн маанилүү окуя болуп саналат. MedExpo Kyrgyzstan 2024 – тармактын лидерлери менен жолугушуу, тажрыйба алмашуу жана медицина тармагындагы акыркы жетишкендиктер жана технологиялар менен тааныштыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.
Быйылкы биргелешкен көргөзмөгө 10 өлкөдөн 80ден ашык компания катышат. Катышуучулардын географиясы: Беларусь, Италия, Пакистан, Польша, Россия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Япония, ошондой эле Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин жамааттык стенддери жана Беларусь Республикасынын “Белфармпром” холдингинин стенди түзүлдү.
01.04.2024-ж. саат 18:00гө чейин аккредитациядан өтүү үчүн байланыш телефондор: 0556303086, Жылдыз Айгерчинова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы.
Прикрепленные файлы:
Другие Мероприятия
04.09.2024
ЖМК өкүлдөрүн чакыруу
2024-жылдын 5-сентябрында саат 10:00дө Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын аймагында (Юлиус Фучик көч., 15/1) терапия бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу расмий аземи болот.
Салтанат КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшаянын катышуусунда өтөт.
Маалымат үчүн:
Объекттин сметалык баасы 80 000 000 сомду түзөт. Бул объектти ишке ашыруу толугу менен «Ас-Сафа Центр» уюму тарабынан каржыланат.
Курулуш иштери аяктагандан кийин керектүү эл аралык класстагы медициналык жабдуулар, жумшак жана катуу эмеректер менен камсыздалат.
25.07.2024
ПРЕСС-АНОНС
2024-жылдын 26-июлунда саат 9.30да Жукеева-Пудовкина, 75 дарегинде жайгашкан №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда баасы 2000 евро турган Cervix Wisap 6001 Муздак коагулятор аппаратын тапшыруу аземи болот.
Репродуктивдүү системанын ар кандай ооруларына медициналык жардам көрсөтүүгө арналган жабдыктар «Аялдардын ден соолугу» долбоорунун алкагында «Чек арасыз дарыгерлер» медициналык гуманитардык уюму аркылуу кайтарымсыз негизде берилет.
Эми №6 ҮМБда эң акыркы муундагы кольпоскоп жана коагулятор аппараттары менен жабдылган жатын моюнчасынын рагын аныктоочу кабинет иштейт. Мындай технологиялардын аркасында жатын моюнчасынын патологиясын аныктоонун жана ооруларды алгачкы этапта дарылоонун сапаты жакшырат.
20.06.2024
АНОНС
2024-жылдын 21-июнунда саат 12:00дө Бишкек ш., Чүй пр., 112 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кыргызстандын Иммунопрофилактика программасынын 30 жылдыгына, жетишкендиктерге, көйгөйлөргө жана өнүгүү келечегине арналган илимий-практикалык конференция өтөт.
Эл аралык илимий-практикалык конференциянын программасына төмөнкү баяндамалар кирет:
- Кыргыз Республикасында иммунизациялоо кызматынын калыптануу тарыхы жана өнүгүү келечеги;
- Жугуштуу оорулардын алдын алууда эмдөөнүн мааниси.
- Жаңы вакциналарды киргизүүдө илимий негизделген чечимди кабыл алуу процесси, Иммунизация боюнча илимий-техникалык эксперттик топтун сунуштары. Кыргызстан;
- Кыргыз Республикасында В вирустук гепатитине каршы эмдөөнүн натыйжалуулугун баалоо;
- вакцина менен алдын ала турган инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал.
- КПК вакцинасы менен эмделгендердин иммунитетине серологиялык баа берүү.
Мындан тышкары, төмөнкү чакырылган коноктордун баяндамалары күтүлүүдө:
- Г.Н.Габричевский атындагы Москва эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту. Роспотребнадзор;
- Коомдук маалымдуулуктун ролу. Иммунизацияга болгон суроо-талапты жана ишенимди жогорулатуу. Өзбекстан Республикасы (макулдашуу боюнча);
- "М.П. Чумаков атындагы Иммунобиологиялык препараттарды изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча Федералдык илимий борбор" Федералдык мамлекеттик автономдуу илимий мекемеси.
- Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо жана жогорку билим берүү министрлигинин «И.И.Мечников атындагы Вакциналар жана сывороткалар илимий-изилдөө институту» Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемеси (макулдашуу боюнча).
- кызамык жана кызылча оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл системасы. Казакстан Республикасы (макулдашуу боюнча).
- “СПИД Инфосвязь” фонду. Орусия.