Copyright: ©

ЖМК өкүлдөрүнө чакыруу

07.09.2023 / Просмотров: 57238

2023-жылдын 15-сентябрында саат 10:00дө Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында “Ар бир жүрөк маанилүү” аталышындагы пресс-кафе өтөт. Пресс-кафе жыл сайын 29-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата уюштурулат.

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү - бул саламаттык сактоо тармагындагы глобалдык кампания. Анын негизги милдети - жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, алардын пайда болуу себептери жана аларды алдын алуу жолдору тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу.

Жүрөк-кан тамыр ооруларын азайтуу үчүн алдын алуунун маанилүүлүгү тууралуу адистер айтып беришет. Жаңы “Ыкчам кардиология” программасы жана башкалар тууралуу маалымат берилет.

Ошондой эле, пресс-кафенин алкагында ММК өкүлдөрү төмөнкү ден соолук көрсөткүчтөрүн баалоону камтыган текшерүүдөн өтө алышат: тамеки тартуу; туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, дене массасынын индексин баалоо, кан басымын, жалпы холестеринди жана кандагы кантты өлчөө.

2023-жылдын 13-сентябрына чейин аккредитациядан өтүү үчүн 0556303086 телефону боюнча кайрылыңыз, Жылдыз Айгерчинова, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы.

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

06.05.2024
ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу

7-майда саат 09:00 КММАнын конференц-залында (Ахунбаев көч., 92) Бүткүл дүйнөлүк медайымдардын күнүнө жана Акушерлердин күнүнө арналган V Эл аралык медайымдык форум өтөт.

Форум И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын 85 жылдык мааракесине туш келди. Беш жылдан бери Форум медайымдык жана акушердик чөйрөдөгү актуалдуу жана маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн ачык аянтча катары кызмат кылып келет. Бул жылы форумдун негизги темаларынын арасында саламаттыкты сактоодогу медайымдын ролу, кесиптин имиджин жогорулатуунун жолдору жана медайымдарды даярдоонун билим берүү системасына сереп салуу каралат.

 

Форум саламаттыкты сактоо тармагынын, медициналык билим берүүнүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү көпүрөсү болуп саналат.

01.04.2024
ЖМК өкүлдөрүн чакыруу: Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата чуркоо – 2024 "Ден соолугум - менин укугум"

Жыл сайын 7 - апрелде белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн утурлай Бишкекте "Менин ден соолугум - менин укугум", аттуу  ураан астында массалык чуркоо болуп өтөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР алдыңкы спортчулары Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда өтмөкчү.

Иш-чараны КР Саламаттык сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) менен бирге уюштурду. Борбор калаадагы чуркоо бир жуманын ичинде өлкөнүн бардык аймактарын камтыган "ден соолук кербенинин" башталышы болот.

Башталышы: 6-апрель, 10:00, Жайыл Баатыр көч., 66 "Газпром" спорт комплекси. Чуркоо аралыгы: 1,5 км.

Иш-чара ата мекендик эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен коштолот.

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү - бул сергек жашоо образы жөнүндө ойлонууга жана өзүңүздүн жыргалчылыгыңыз үчүн жоопкерчиликтүү болууга  сонун мүмкүнчүлүк. Физикалык жана психикалык саламаттыгыңызды жакшыртуу үчүн кичинекей, бирок маанилүү кадамдарды бүгүндөн кеч калбай жасай баштаңыз. Мисалы, көбүрөөк басуу, жаман адаттардан баш тартуу ж.б.

Биргелешип, биз өзгөрүүлөргө жетишип, коомубуздун дени сак келечегин түзө алабыз!

###

 

01.04.2024-ж. саат 18:00гө чейин аккредитациядан өтүүңүздү өтүнөбүз. Байланыш үчүн телефондор: 0556303086, Жылдыз Айгерчинова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы.

01.04.2024
ЖМК өкүлдөрү үчүн чакыруу: Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы

2024-жылдын 2-апрелинде саат 10:00дө Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын (КМДТжСА) Ахунбаев көч., 97 дарегинде жайгашкан манежинин имаратында “Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы” 18-Эл аралык конгресс жана көргөзмө форуму башталат.

 

Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо көргөзмөсү 2023-жылдын 2-апрелинен 4-апрелине чейин өтөт, ал Борбордук Азиядагы беш ири көргөзмөнүн бири болуп саналат.

 

Борбор Азиядагы медицина тармагы боюнча беш ири көргөзмөнүн бири болгон бул иш-чара, саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер үчүн маанилүү окуя болуп саналат. MedExpo Kyrgyzstan 2024 – тармактын лидерлери менен жолугушуу, тажрыйба алмашуу жана медицина тармагындагы акыркы жетишкендиктер жана технологиялар менен тааныштыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

 

Быйылкы биргелешкен көргөзмөгө 10 өлкөдөн 80ден ашык компания катышат. Катышуучулардын географиясы: Беларусь, Италия, Пакистан, Польша, Россия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Япония, ошондой эле Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин жамааттык стенддери жана Беларусь Республикасынын “Белфармпром” холдингинин стенди түзүлдү.

 

01.04.2024-ж. саат 18:00гө чейин аккредитациядан өтүү үчүн байланыш телефондор: 0556303086, Жылдыз Айгерчинова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы.