Copyright: ©
14-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк хоспистик жана паллиативдик жардам күнү
11.10.2023 / Просмотров: 130934
Паллиативдик жардам ассоциациясы КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Швейцариянын Морис фондунун, Сорос Кыргызстан фондунун, Эргенэ КФ, Ракка каршы бирге КФ колдоолору менен Бүткүл дүйнөлүк хоспистик жана паллиативдик жардам күнүнө арналган бир катар иш-чараларды өткөрөт.
18-октябрда саат 10:00до Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык техника борборунда ушул маселелердин чечүү максатында, суроолорду талкуулоо үчүн бардык кызыкдар тараптар чогулушат. Ошондой эле 16-17-октябрда Нарын шаарында жана Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда да семинарлар жана жолугушуулар өтөт.
17 жылдан бери дүйнө жүзү боюнча октябрдын ар бир экинчи ишембисинде хоспистик паллиативдик жардам күнү белгиленип келет, бул дүйнө жүзү боюнча паллиативдик жардамга, ооруну басаңдатуучу дары-дармектерге болгон жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында өткөрүлөт.
Паллиативдик жардам калкты медициналык тейлөө жана алгачкы медициналык-санитардык жардам менен жалпы камтыган саламаттык сактоо тутумунун негизги компоненттеринин бири катары таанылган. Бүткүл дүйнөлүк хоспистик паллиативдик жардам альянсынын маалыматы боюнча, жыл сайын паллиативдик жардамга 57 миллион адам, өмүрүнүн аягында 25 миллиондон ашык адам муктаж болсо, 18 миллион адам ага жетпегендиктен ашыкча азап чегет. Жардамдын жоктугу көйгөйүнүн көпчүлүгү паллиативдик жардам кандайча көрсөтүлүшү керектигин жана ал эмне үчүн маанилүү экендигин билбегендиктен келип чыгат.
Кыргызстанда жылына 25 миңден ашык чоң киши паллиативдик жардамга муктаж. Бул өнөкөт жүрөк оорулары, өпкө оорулары, рак оорулары, диабет, кургак учук, СПИД жана башка оорулар боюнча оор стадиядагы бейтаптар.
Бардык кошумча суроолор боюнча: Тынара Аскаровна Касымалиева, тел: (0555) 922 604
Прикрепленные файлы:
Другие Мероприятия
19.11.2024
АНОНС
2024-жылдын 20-ноябрында саат 12:00дө (Шакиров көч., 4) Нефрология, диализ жана трансплантология борборунун курулушуна капсула салуу аземи болот.
Салтанаттуу иш-чара КРнын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өтөт.
Объекттин сметалык баасы 446 604 640 сомду түзөт. Бул объектти ишке ашыруу толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан керектүү эл аралык класстагы медициналык жабдууларды, жумшак жана катуу эмеректерди берет.
04.09.2024
ЖМК өкүлдөрүн чакыруу
2024-жылдын 5-сентябрында саат 10:00дө Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын аймагында (Юлиус Фучик көч., 15/1) терапия бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу расмий аземи болот.
Салтанат КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшаянын катышуусунда өтөт.
Маалымат үчүн:
Объекттин сметалык баасы 80 000 000 сомду түзөт. Бул объектти ишке ашыруу толугу менен «Ас-Сафа Центр» уюму тарабынан каржыланат.
Курулуш иштери аяктагандан кийин керектүү эл аралык класстагы медициналык жабдуулар, жумшак жана катуу эмеректер менен камсыздалат.
25.07.2024
ПРЕСС-АНОНС
2024-жылдын 26-июлунда саат 9.30да Жукеева-Пудовкина, 75 дарегинде жайгашкан №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда баасы 2000 евро турган Cervix Wisap 6001 Муздак коагулятор аппаратын тапшыруу аземи болот.
Репродуктивдүү системанын ар кандай ооруларына медициналык жардам көрсөтүүгө арналган жабдыктар «Аялдардын ден соолугу» долбоорунун алкагында «Чек арасыз дарыгерлер» медициналык гуманитардык уюму аркылуу кайтарымсыз негизде берилет.
Эми №6 ҮМБда эң акыркы муундагы кольпоскоп жана коагулятор аппараттары менен жабдылган жатын моюнчасынын рагын аныктоочу кабинет иштейт. Мындай технологиялардын аркасында жатын моюнчасынын патологиясын аныктоонун жана ооруларды алгачкы этапта дарылоонун сапаты жакшырат.