ММК өкүлдөрүнө чакыруу: 17-Эл аралык “Кыргыз Республикасындагы ден соолук жумалыгы” конгресс-көргөзмө форуму

03.04.2023 / Просмотров: 47065

2023-жылдын 4-апрелинде саат 11:00дө  Ахунбаев көч., 97 дарегинде жайгашкан Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын (КСАФКиС) манежинин имаратында 17-Эл аралык “Кыргыз Республикасындагы ден соолук жумалыгы” конгресс-көргөзмө форуму башталат.

Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо көргөзмөсү 2023-жылдын 4-апрелинен 6-апрелине чейин өтөт жана Борбордук Азиядагы беш ири көргөзмөнүн бири болуп саналат.
Форум эки эл аралык адистештирилген көргөзмөнү бир платформада бириктирет:
• MedExpo Kyrgyzstan 2023 – 17-Эл аралык адистештирилген медицина көргөзмөсү;
• Dental-Expo Kyrgyzstan 2023 – Стоматологиянын 7-Эл аралык адистештирилген көргөзмөсү.

Быйыл биргелешкен көргөзмөгө 10 өлкөдөн 70тен ашык компания катышат. Катышуучулардын географиясы: Беларусь, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Польша, Россия, Түркия, Өзбекстан, Түштүк Корея.

Көргөзмөгө салт боюнча Бурятия Республикасынын, Новосибирск облусунун, Беларусь Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жамааттык экспозициясы катышууда.
Экспоненттердин географиясы 120 ири өндүрүш ишканаларынын расмий өкүлдөрү болуп саналган кыргызстандык компаниялардын катышуусу менен толукталат.

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

04.09.2024
ЖМК өкүлдөрүн чакыруу

2024-жылдын 5-сентябрында саат 10:00дө Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын аймагында (Юлиус Фучик көч., 15/1) терапия бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу расмий аземи болот.

Салтанат КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшаянын катышуусунда өтөт.

 

Маалымат үчүн:

Объекттин сметалык баасы 80 000 000 сомду түзөт. Бул объектти ишке ашыруу толугу менен «Ас-Сафа Центр» уюму тарабынан каржыланат.

Курулуш иштери аяктагандан кийин керектүү эл аралык класстагы медициналык жабдуулар, жумшак жана катуу эмеректер менен камсыздалат.

25.07.2024
ПРЕСС-АНОНС

2024-жылдын 26-июлунда саат 9.30да Жукеева-Пудовкина, 75 дарегинде жайгашкан №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда баасы 2000 евро турган Cervix Wisap 6001 Муздак коагулятор аппаратын тапшыруу аземи болот.

 

Репродуктивдүү системанын ар кандай ооруларына медициналык жардам көрсөтүүгө арналган жабдыктар «Аялдардын ден соолугу» долбоорунун алкагында «Чек арасыз дарыгерлер» медициналык гуманитардык уюму аркылуу кайтарымсыз негизде берилет.

 

 Эми №6 ҮМБда эң акыркы муундагы кольпоскоп жана коагулятор аппараттары менен жабдылган жатын моюнчасынын рагын аныктоочу кабинет иштейт. Мындай технологиялардын аркасында жатын моюнчасынын патологиясын аныктоонун жана  ооруларды алгачкы этапта дарылоонун сапаты жакшырат.

20.06.2024
АНОНС

2024-жылдын 21-июнунда саат 12:00дө Бишкек ш., Чүй пр., 112 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кыргызстандын Иммунопрофилактика программасынын 30 жылдыгына, жетишкендиктерге, көйгөйлөргө жана өнүгүү келечегине арналган илимий-практикалык конференция өтөт. 

 

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын программасына төмөнкү баяндамалар кирет:

- Кыргыз Республикасында иммунизациялоо кызматынын калыптануу тарыхы жана өнүгүү келечеги;

- Жугуштуу оорулардын алдын алууда эмдөөнүн мааниси.

- Жаңы вакциналарды киргизүүдө илимий негизделген чечимди кабыл алуу процесси, Иммунизация боюнча илимий-техникалык эксперттик топтун сунуштары. Кыргызстан;

- Кыргыз Республикасында В вирустук гепатитине каршы эмдөөнүн натыйжалуулугун баалоо;

- вакцина менен алдын ала турган инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал.

- КПК вакцинасы менен эмделгендердин иммунитетине серологиялык баа берүү.

 

Мындан тышкары, төмөнкү чакырылган коноктордун баяндамалары күтүлүүдө:

- Г.Н.Габричевский атындагы Москва эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту. Роспотребнадзор;

- Коомдук маалымдуулуктун ролу. Иммунизацияга болгон суроо-талапты жана ишенимди жогорулатуу. Өзбекстан Республикасы (макулдашуу боюнча);

- "М.П. Чумаков атындагы Иммунобиологиялык препараттарды изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча Федералдык илимий борбор" Федералдык мамлекеттик автономдуу илимий мекемеси.

- Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо жана жогорку билим берүү министрлигинин «И.И.Мечников атындагы Вакциналар жана сывороткалар илимий-изилдөө институту» Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемеси (макулдашуу боюнча).

- кызамык жана кызылча оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл системасы. Казакстан Республикасы (макулдашуу боюнча).

- “СПИД Инфосвязь” фонду. Орусия.