ММК өкүлдөрүнө чакыруу: 17-Эл аралык “Кыргыз Республикасындагы ден соолук жумалыгы” конгресс-көргөзмө форуму

03.04.2023 / Просмотров: 46822

2023-жылдын 4-апрелинде саат 11:00дө  Ахунбаев көч., 97 дарегинде жайгашкан Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын (КСАФКиС) манежинин имаратында 17-Эл аралык “Кыргыз Республикасындагы ден соолук жумалыгы” конгресс-көргөзмө форуму башталат.

Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо көргөзмөсү 2023-жылдын 4-апрелинен 6-апрелине чейин өтөт жана Борбордук Азиядагы беш ири көргөзмөнүн бири болуп саналат.
Форум эки эл аралык адистештирилген көргөзмөнү бир платформада бириктирет:
• MedExpo Kyrgyzstan 2023 – 17-Эл аралык адистештирилген медицина көргөзмөсү;
• Dental-Expo Kyrgyzstan 2023 – Стоматологиянын 7-Эл аралык адистештирилген көргөзмөсү.

Быйыл биргелешкен көргөзмөгө 10 өлкөдөн 70тен ашык компания катышат. Катышуучулардын географиясы: Беларусь, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Польша, Россия, Түркия, Өзбекстан, Түштүк Корея.

Көргөзмөгө салт боюнча Бурятия Республикасынын, Новосибирск облусунун, Беларусь Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жамааттык экспозициясы катышууда.
Экспоненттердин географиясы 120 ири өндүрүш ишканаларынын расмий өкүлдөрү болуп саналган кыргызстандык компаниялардын катышуусу менен толукталат.

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

06.05.2024
ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу

7-майда саат 09:00 КММАнын конференц-залында (Ахунбаев көч., 92) Бүткүл дүйнөлүк медайымдардын күнүнө жана Акушерлердин күнүнө арналган V Эл аралык медайымдык форум өтөт.

Форум И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын 85 жылдык мааракесине туш келди. Беш жылдан бери Форум медайымдык жана акушердик чөйрөдөгү актуалдуу жана маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн ачык аянтча катары кызмат кылып келет. Бул жылы форумдун негизги темаларынын арасында саламаттыкты сактоодогу медайымдын ролу, кесиптин имиджин жогорулатуунун жолдору жана медайымдарды даярдоонун билим берүү системасына сереп салуу каралат.

 

Форум саламаттыкты сактоо тармагынын, медициналык билим берүүнүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү көпүрөсү болуп саналат.

01.04.2024
ЖМК өкүлдөрү үчүн чакыруу: Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы

2024-жылдын 2-апрелинде саат 10:00дө Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын (КМДТжСА) Ахунбаев көч., 97 дарегинде жайгашкан манежинин имаратында “Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы” 18-Эл аралык конгресс жана көргөзмө форуму башталат.

 

Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо көргөзмөсү 2023-жылдын 2-апрелинен 4-апрелине чейин өтөт, ал Борбордук Азиядагы беш ири көргөзмөнүн бири болуп саналат.

 

Борбор Азиядагы медицина тармагы боюнча беш ири көргөзмөнүн бири болгон бул иш-чара, саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер үчүн маанилүү окуя болуп саналат. MedExpo Kyrgyzstan 2024 – тармактын лидерлери менен жолугушуу, тажрыйба алмашуу жана медицина тармагындагы акыркы жетишкендиктер жана технологиялар менен тааныштыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

 

Быйылкы биргелешкен көргөзмөгө 10 өлкөдөн 80ден ашык компания катышат. Катышуучулардын географиясы: Беларусь, Италия, Пакистан, Польша, Россия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Япония, ошондой эле Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин жамааттык стенддери жана Беларусь Республикасынын “Белфармпром” холдингинин стенди түзүлдү.

 

01.04.2024-ж. саат 18:00гө чейин аккредитациядан өтүү үчүн байланыш телефондор: 0556303086, Жылдыз Айгерчинова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы.

01.04.2024
ЖМК өкүлдөрүн чакыруу: Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата чуркоо – 2024 "Ден соолугум - менин укугум"

Жыл сайын 7 - апрелде белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн утурлай Бишкекте "Менин ден соолугум - менин укугум", аттуу  ураан астында массалык чуркоо болуп өтөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР алдыңкы спортчулары Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда өтмөкчү.

Иш-чараны КР Саламаттык сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) менен бирге уюштурду. Борбор калаадагы чуркоо бир жуманын ичинде өлкөнүн бардык аймактарын камтыган "ден соолук кербенинин" башталышы болот.

Башталышы: 6-апрель, 10:00, Жайыл Баатыр көч., 66 "Газпром" спорт комплекси. Чуркоо аралыгы: 1,5 км.

Иш-чара ата мекендик эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен коштолот.

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү - бул сергек жашоо образы жөнүндө ойлонууга жана өзүңүздүн жыргалчылыгыңыз үчүн жоопкерчиликтүү болууга  сонун мүмкүнчүлүк. Физикалык жана психикалык саламаттыгыңызды жакшыртуу үчүн кичинекей, бирок маанилүү кадамдарды бүгүндөн кеч калбай жасай баштаңыз. Мисалы, көбүрөөк басуу, жаман адаттардан баш тартуу ж.б.

Биргелешип, биз өзгөрүүлөргө жетишип, коомубуздун дени сак келечегин түзө алабыз!

###

 

01.04.2024-ж. саат 18:00гө чейин аккредитациядан өтүүңүздү өтүнөбүз. Байланыш үчүн телефондор: 0556303086, Жылдыз Айгерчинова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы.