Республикада кызамык боюнча абал туруктуу

23.01.2023 / Просмотров: 1960

Республикалык иммунопрофилактика борбору 2023-жылдын январь айында өлкөдө кызамык жана кызылча оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн алкагында кызамык жана кызылча оорусуна шектелген 10 кан үлгүсү лабораториялык текшерүүдөн өткөнүн, анын ичинен 4 анализ кызамык оорусуна  оң натыйжа, алардын бири Түркиядан алынып келинген жана 2 анализ кызылча оорусуна оң натыйжа берген.

Жалпысынан 2023-жылдын 23-январына карата 4 кызамык жана 2 кызылча оорусу катталган. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, дарыгерлер көзөмөл жүргүзүп жатат.

Республикада кызамык боюнча абал туруктуу, кызамык оорусунун айрым учурлары катталган. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча 2022-жылы 1 учур, 2021-жылы 3 учур катталган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ыкчам штаб түзүлүп, тиешелүү протоколдук тапшырмалар кабыл алынды: кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөлөрдү күчөтүү, эмдөөнүн маанилүүлүгү жана кызамыкты алдын алуу боюнча маалымдуулукту жогорулатуу иш-чараларын күчөтүү. Ошондой эле, саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан оорулуу менен байланышта болгондорду көзөмөлдөө боюнча эпидемиологиялык чаралар көрүлүүдө.

Маалымат үчүн:

Кызамык - бул вирус козгогон өтө жугуштуу инфекциялык оору. Бул инфекция жогорку сезгичтиги менен мүнөздөлөт - башкача айтканда, мурда кызамык менен оорубаган жана эмдөөдөн өтпөгөн адам кызамык менен ооруган адам менен байланышта болсо, ооруп калуу ыктымалдыгы өтө жогору. Кызамык аба аркылуу жугат.

Инфекциянын булагы болуп кызамык менен ооруган бейтап саналат, ал инкубациялык мезгилдин акыркы 2 күнүнөн баштап тактар пайда болгондон 4-күнүнө чейин башкаларга жугузат. Оорунун башталшында сасык тумоого окшош симптомдор пайда болот: жалпы алсыздык, баш оору. Оорунун 1-2-күнүндө жаактын былжыр челинде майда аппак тактар ​​пайда болот, андан соң оору башталгандан 4-5 күндөн кийин тактар акырындык менен жайылып баштайт: адегенде кулактын артына, бетте, моюнда, кийинки сутка аралыгында денеде жана колдо, 3-күнү буттарда пайда болот. Жакынкы 3-5 күндүн ичинде оорунун белгилери азайып, температура төмөндөйт.

Кызамыктын атайын дарылоосу жок. Бирок оорунун алдын алса болот. Алдын алуунун жападан жалгыз эффективдүү ыкмасы бул эмдөө. Эгерде вирус эмдөө менен камтуу 98% кем эмес чөйрөгө кирсе, оору жайылбайт. Эмдөө менен камтуу жамааттык иммунитетти түзөт. Эмдөө календарына ылайык, кызамыктан коргонуу үчүн вакцинанын эки дозасын алуу керек: 1 жашта жана 6 жашта. КПК вакцинасы коопсуз жана эффективдүү, бир эле учурда үч жугуштуу ооруга каршы иммунитетти камсыз кылат: кызамык, паротит жана кызылча.

Урматтуу ата-энелер!

Эгерде сиздин балаңыз кызылчага каршы эмдөө ала элек болсо, анда азыр эмдөөдөн өтүү мезгили келди! Дарыгерге барганда балаңыздын профилактикалык эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүктү өзүңүз менен кошо ала кетүүнү унутпаңыз.

Калкты эмдөө коомдук саламаттыкты сактоонун эң ийгиликтүү жана эффективдүү чараларынын бири болуп саналат. 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.

 

30.04.2024
Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

2024-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Элдар Сулайманов менен бирге Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылыш аземине катышты.

Чоң-Алай райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Ысламидин Бакиров министр менен депутатка облустун калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Жаңы рентген кабинетинин курулушу Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, дарыкана имараты демөөрчүлөрдүн каражатына курулган.

«Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылышы калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат деп ойлойм. Бул аймакты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу менен бирге, дарт аныктоону жогорку деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна жана бул маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө.

Чоң-Алай райондук ЖДПБсы 26 миңге жакын адамды тейлесе, анын ичинен 12 857си 14 жашка чейинки балдар.