Өз алдынча дарыланбаңыздар: үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылыңыздар, алар дем алыш күндөрү дагы иштешет

29.11.2022 / Просмотров: 1289

Борбор калаадагы үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды дем алыш күндөрү дагы кабыл алууда. Бул балдардын арасында дем алуу органдарынын патологиясы көбөйгөнүнө байланыштуу.

Ушул себептен улам, Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна медициналык жардам сурап кайрылган бейтаптардын саны жогорулады.

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы тарабынан "Медициналык жардамды камсыздоо жана сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын алдын алуу чараларын күчөтүү жөнүндө" буйругу чыккан.

Азыркы учурда, шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды  төмөнкү иш сааттары менен кабыл алууда:
- иш күндөрү жана ишемби күнү саат 08.00 дөн 18.00гө чейин;
- жекшемби күнү саат 08.00 дөн 14.00гө чейин.

Мындан тышкары, ҮМБнын дарыгерлери ишемби жана жекшемби күндөрү саат 08.00дөн 20.00гө чейин  Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө нөөмөттө болушат.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы суук тийген оорунун белгилери пайда болгондо (дене табынын көтөрүлүшү, мурундун бүтүшү, жөтөл, ангина) шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлерине кайрылууга жана оорунун баштапкы стадиясында эле алдын алууга чакырат. Биздин медиктер сизге керектүү жардамды көрсөтүүгө ар дайым даяр. Суранабыз, өз алдынча дарыланбаңыздар.

Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун  каттоо жайларынын актуалдуу телефондору:

* №1 ҮМБ - 0312 64 45 42;
* №2 ҮМБ - 0312 21 03 57;
* №3 ҮМБ - 0312 32 52 32;
* №4 ҮМБ - 0312 43 39 07;
* №5 ҮМБ - 0312 63 51 23;
* №6 ҮМБ - 0312 57 02 84;
* №7 ҮМБ - 0312 66 20 44;
* №8 ҮМБ - 0312 42 69 62;
* №9 ҮМБ - 0312 21 17 32;
* №10 ҮМБ - 0312 67 82 74;

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.

 

30.04.2024
"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

2024-жылдын 23-24-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында П.Е. Лукомский жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85 жылдыгына арналган "Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы эл аралык ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Иш-чара И.К.Ахунбаев атындагы КММА тарабынан Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коому  менен биргеликте уюштурулган.

 

Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан кардиология, ревматология, нефрология, гастроэнтерология, геронтология, эндокринология тармагындагы алдыңкы адистер  жана клиникалык фармакологдор катышты. Ошондой эле ар кандай медициналык университеттердин (Бишкек, Ош, Бухара, Шымкент) жаш изилдөөчүлөрү жана терапевттери баяндама жасашты.

 

Жаш терапевттердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, анын жыйынтыгында эң мыкты иштер үчүн Ардак грамоталар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, ачылыш аземинде бир катар илимпоздор жана практик дарыгерлер Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коомунун «Гравертон ыраазычылык» жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.