Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин Бүткүл дүйнөлүк гемофилия федерациясынын президенти жана “Кыргыз Республикасындагы гемофилия менен ооруган майыптар коому” бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуусу

06.06.2023 / Просмотров: 839

Бүгүн, 2023-жылдын 6-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Бүткүл дүйнөлүк гемофилия федерациясынын президенти Сезар Карридо мырза, Федерациянын Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык менеджери Карине Кочорян айым жана «Кыргыз Республикасындагы гемофилия менен ооруган майыптар коому» бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушууда гемофилия менен ооруган балдарды жана чоң кишилерди гемофилияга каршы факторлор менен камсыздоо, комплекстүү медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана лабораториялык диагностиканы жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маанилүү маселелер талкууланды.

Бүткүл дүйнөлүк гемофилия федерациясынын президенти Сезар Карридо мырза Кыргызстанда гемофилия менен ооруган бейтаптарга комплекстүү медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурууда оң өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Сезар Карридо мырзага жалпы максатка - Кыргызстандагы гемофилия менен ооруган бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга жетишүүдө көрсөткөн баалуу колдоосу жана өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал мамлекет жыл сайын бейтаптар үчүн антигемофильдик факторлорду сатып аларын, бирок бул жетишсиз экенин белгилеп, Бүткүл дүйнөлүк Гемофилия федерациясына жыл сайын гуманитардык жардам аркылуу кошумча факторлорду берип жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, бул оорулуулардын жашоо сапатын жакшыртууда чоң мааниге ээ. 

Кошумчалай кетсек, министр Баатырова 2022-жылы антигемофильдик факторду сатып алууга кошумча 96 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөрүн билдирди.

Тараптар гемофилияны диагностикалоонун жана дарылоонун сапатын жогорулатуу, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн мындан аркы өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашышты. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги өнөктөштөр жана кызыкдар уюмдар менен бирдикте гемофилия менен ооруган бейтаптарды медициналык тейлөөнү жана дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү жакшыртууну улантууга умтуларын баса белгилейт.

Маалымат үчүн:

Кыргызстанда гемофилия менен 425 бейтап (кайрылуусуна жараша) каттоодо турат, анын 187си 16 жашка чейинки балдар.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.

 

30.04.2024
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери аяктады

Бүгүн, 2024-жылдын 30-апрелинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 3 кабаттуу корпусунун ачылышы болду.

Иш-чара министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева, Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева, РКЖООнун жетекчилиги жана жамаатынын катышуусунда өттү.

 Медициналык имараттын капиталдык ремонту Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоору аркылуу каржыланып, ага 72 миллион сом бөлүнгөн.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, 200 орунга эсептелген бул имарат 2023-жылдын июль айынан бери капиталдык ремонтко жабылган. Имарат 1989-жылы пайдаланууга берилген жана эксплуатацияга берилгенден бери эч кандай оңдоо же курулуш иштери (капиталдык оңдоо) жүргүзүлгөн эмес, оорукананын кызматкерлери тарабынан косметикалык оңдоо иштери гана жүргүзүлгөн.

Жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды дарылоодо бөлүмдөрдүн ишинин өзгөчөлүгүн эске алганда, дезинфекциялык каражаттар менен бат-баттан тазалоодон улам, өзгөчө COVID-19 пандемиясынын учурунда дубалдар жана шыптар сыйрылып, жарыла баштаган. Линолеум капталган полу шишип, эскирип, көпкө пайдаланылгандыктан имараттын инженердик системалары: суу, канализация, жылуулук, электр тармактары, вентиляция жана сантехникалык жабдууларын 100% алмаштырууга муктаждык бар эле», - деди башкы дарыгер.

3 кабаттуу имараттын эшиктерин, полдорун алмаштыруу, канализация, суу менен камсыздоо жана жылытуу системаларын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле электр чубалгыларын жана приборлорун алмаштыруу менен электрдик монтаждоо иштери жүргүзүлүп, палаталарга жаңы душ, сантехника орнотулду. Имаратта заманбап вентиляция системасы бар. Учурда имаратка эки лифт орнотулууда.

«Бул оорукана инфекциялык ооруга кабылгандарга медициналык жардам көрсөткөн республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын флагманы болуп саналат жана бул оорукананы өнүктүрүү, өркүндөтүү Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, өзгөчө COVID-19 пандемиясында дагы буга күбө болдук. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун колдоосу менен жугуштуу оорулар ооруканасынын капиталдык ремонту бейтаптарга сапаттуу жардам көрсөтүүгө, биздин кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Инфекциялык оорукананын өзүнүн спецификасы бар экенин билебиз, андыктан абаны тазалоодо жана сууну чыпкалоодо айлана-чөйрөгө эч кандай оору козгогуч кирбеши үчүн кылдат мамиле жасоо талап кылынган. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген, оңдоп-түзөөдөн өткөн имараттын ишке берилиши коркунучтуу жугуштуу ооруларга каршы натыйжалуу күрөштүн кепилдиги болот”, - деди министрдин орун басары, Бүбүжан Арыкбаева. 

 Курулуш-оңдоо иштеринин аякташына байланыштуу РКЖОО 2024-жылдын 1-майынан тартып 500 койка менен штаттык режимде ишин улантат жана калкка өз убагында, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө даяр.