Copyright: ©

Бишкекте “Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдө кардиологияны өнүктүрүүдөгү инновациялар жана технологиялар” конгресси өтүүдө

27.03.2024 / Просмотров: 3128

2024-жылдын 27-мартында Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн Эл аралык медициналык конгресси ишин баштады. Конгресс 27-марттан 29-мартка чейин өтөт.

Көрүнүктүү окумуштуу жана клиницист академик, Социалисттик эмгектин баатыры Мирсаид Миррахимовдун жаркын элесине арналган конгресске ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, ШКУга мүчө-мамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн кардиология, ички жана тоо медицинасы боюнча алдыңкы окумуштуулары жана адистери, жаш окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын жана илимий уюмдардын өкүлдөрү, ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук илимий жана медициналык борборлорунун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын, анын ичинде ДССУнун өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

Конгресстин максаты - ШКУга мүчө мамлекеттерде кардиология жана ички оорулар тармагындагы заманбап жетишкендиктерди жана алдыңкы тажрыйбаларды көрсөтүү, инновациялык технологияларды, фармацевтикалык продукцияларды жана медициналык жабдууларды практикалык медицинага киргизүү.

  «Бүгүн биз маанилүү саламаттык сактоо маселелерин талкуулоо жана конкреттүү иш пландарды иштеп чыгуу үчүн чогулуп жатабыз. Ар түрдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү жалпы максат болгон  журок-кан тамыр жана жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү үчүн бириккен. Биздин биригүүбүз жана билим алмашуубуз бул көйгөйлөргө каршы күрөшүүдө күчтүү курал болот деп ишенем. Кыргызстан изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү активдештирүүгө жана кардиология, кардиохирургия жана ички оорулар боюнча заманбап илимий кластерлерди түзүүгө умтулууда. Бул аракеттер бизге дарт аныктоонун жана дарылоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга, биздин медициналык практиканын натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлүм деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Аны менен катар эл аралык кызматташуунун жана тажрыйба алмашуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешибиз керек”, - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө.

Адистердин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2021-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун көрсөткүчү 52,3%ды, ал эми жалпысынан жугуштуу эмес оорулардан көз жумгандардын көрсөткүчү 80% ашуунду түздү. Жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмгө учурагандар негизинен жүрөктүн коронардык оорусунан (ЖКО), анын ичинде миокарддын курч инфаркты (МКИ), артериялык гипертензиядан (АГ), олуттуу жүрөк аритмиясынан жана өнөкөт жүрөк жетишсиздигинен (ӨЖЖ) келип чыгат. Ошондуктан стратегияларды жана стандарттарды иштеп чыгуу, жаңы жогорку эффективдүү моделдерди жана башкаруунун жогорку технологиялык жана инновациялык ыкмаларын киргизүүнүн негизинде ЖКТО менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруунун заманбап системасын түзүү маанилүү.

Белгилей кетчү нерсе, өлүмдүн жана майыптуулуктун жогорку көрсөткүчтөрүнөн улам жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес оорулар Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдө да олуттуу көйгөй болуп саналат. Бул өз кезегинде биргелешкен стратегияларды иштеп чыгуу жана ДССУнун программаларынын жана БУУнун Миң жылдыктын Декларациясынын алкагында саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык жардамды уюштуруунун жогорку эффективдүү моделдери жана системаларын түзүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат.

Конгресстин программасы кардиология, кардиохирургия, ички жана тоо медицинасы чөйрөсүндөгү акыркы сунуштарга жана иштеп чыгууларга, далилдерге негизделген маалыматтарга, саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык жардамдын жогорку натыйжалуу системасын өркүндөтүүгө жана түзүүгө, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык жаңы муундагы адистерди даярдоого багытталат.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

07.05.2024
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алды

Бүгүн, 7-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кенештин социалдык комитетинин башчысы Винера Раимбачаева менен биргеликте Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алып, дарылоо боюнча өз сунуштамаларын берди.

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген.

 

Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

 

Бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы туруктуу жакшырып калгандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Аталган бөлүмдө жаткан балдардын абалдары жакшы, тиешелүү медициналык жардамды алышууда. 

 

Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

 

Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында  балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.

06.05.2024
Ош шаарында 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 6-майда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында шаардын жана облустун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депуты Айбек Маткеримов катышты.

Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. “Калктын саламаттыгын сактоо – 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын маанилүү артыкчылыктарынын бири”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев. Министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго саламаттык сактоо тармагына, тактап айтканда, Ош шаарындагы жаңы аймактык оорукананын курулушуна ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Жалпы аянты 6633,5 м2 болгон 300 орундуу оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмү, ашкана, кир жуучу жай, кампа жай жана башкалар уюштурулат.

06.05.2024
Министр ОшМУнун медициналык клиникасы менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 6-майында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУнун медициналык клиникасында болду. Клиникадагы боор алмаштыруу операцияларын жасоого түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, клиниканын дарыгерлери менен жолугушту. 

Медициналык клиникада трансплантоло́гия бөлүмү ачылып, боор алмаштыруу операцияларын жосоого керектелүүчү эмеректер, медициналык жабдыктар менен толукталууда. 

Клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат. Учурда боор алмашытырууга муктаж болгон бейтаптар кайрылып, дарыгерлерден кеп-кенештерин алууда. Алгачкы беш бейтапты опреацияга даярдоо иштери жүрүп жатат. Май айынын аягында алгачкы опреациялардын жасалуусу күтүлүүдө.