Кыргызстан өлкөдөгү тамекиге каршы күрөшүүгө кошкон зор салымы үчүн ДССУнун жогорку сыйлыгына татыды

07.06.2022 / Просмотров: 1214

 Жыл сайын ДССУ ДСУнун Европа аймагында тамекиге каршы күрөшүү чараларын жайылткан жана ишке ашырган уюмдарды жана адамдарды сыйлайт. Жеңүүчүлөрдү ДССУ кылдаттык менен алардын узак мөөнөттүү милдеттенмелерин жана бул багыттар боюнча изилдөө, жайылтуу, ден соолукту чыңдоо жана потенциалды жогорулатууга кошкон зор салымын таануу үчүн тандайт.

 

Быйыл бул жогорку сыйлык алты өлкөнүн: Кыргызстандын, Грузиянын, Испаниянын, Швейцариянын, Украинанын жана Улуу Британиянын бир катар уюмдарына жана жеке адамдарга ыйгарылды.

 

Кыргызстандан бул сыйлыкты Кыргызстандагы “Аялдар кеңеши” коомдук бирикмесинин төрагасы, ЖКтин 5-6-чакырылышынын экс-депутаты Айнуру Алтыбаева айым алды.

 

Айнуру Алтыбаева 2015-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде иштеп турганда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташып, өлкөдө тамеки чегүүнү кыскартууга багытталган коомдук саламаттыкты сактоо боюнча демилгелерди активдүү жактап келген. Ал тамеки өнөр жайынын күчтүү кызыкчылыгы жана каршы аракеттерине каршы турууда жана коомдук талкуулар, тегерек столдор жана конференциялар аркылуу коомдук саламаттыкты сактоо кызыкчылыктарын алдыга жылдырууда маанилүү роль ойногон.

 

Алтыбаева 3 жылдан ашык убакыттан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде да, жалпыга маалымдоо каражаттарында да активдүү талкууланып жаткан тамекиге каршы күрөшүү боюнча мыйзамды (№121) иштеп чыгууда депутаттар тобун 2021-жылдын 15-сентябрында кабыл алынганга чейин жетектеп келгени көңүл бурууга татыктуу. Бул мыйзамды улуттук жана эл аралык өнөктөштөр Кыргызстандагы тамекиге каршы күрөштүн чоң жеңиши катары баалашууда.

 

Салтка ылайык, жеңүүчүлөрдү сыйлоо жыл сайын май айында өткөрүлөт жана жыл сайын 31-майда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күнүнө карата уюштурулат. Быйылкы Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күнү тамеки анын кесепеттери өмүр бою биз жашаган айлана-чөйрөнү булгап, адамдардын ден соолугуна кандай зыян келтирээрине көңүл бурат.

 

Бүткүл дүйнөлүк тамекиге каршы күрөшүү күнү улуттук жана эл аралык өнөктөштөргө чогулуп, бул жетишкендиктерди белгилөө менен бирге бүткүл дүйнө боюнча тамекиге каршы күрөшүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.

 

30.04.2024
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери аяктады

Бүгүн, 2024-жылдын 30-апрелинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 3 кабаттуу корпусунун ачылышы болду.

Иш-чара министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева, Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева, РКЖООнун жетекчилиги жана жамаатынын катышуусунда өттү.

 Медициналык имараттын капиталдык ремонту Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоору аркылуу каржыланып, ага 72 миллион сом бөлүнгөн.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, 200 орунга эсептелген бул имарат 2023-жылдын июль айынан бери капиталдык ремонтко жабылган. Имарат 1989-жылы пайдаланууга берилген жана эксплуатацияга берилгенден бери эч кандай оңдоо же курулуш иштери (капиталдык оңдоо) жүргүзүлгөн эмес, оорукананын кызматкерлери тарабынан косметикалык оңдоо иштери гана жүргүзүлгөн.

Жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды дарылоодо бөлүмдөрдүн ишинин өзгөчөлүгүн эске алганда, дезинфекциялык каражаттар менен бат-баттан тазалоодон улам, өзгөчө COVID-19 пандемиясынын учурунда дубалдар жана шыптар сыйрылып, жарыла баштаган. Линолеум капталган полу шишип, эскирип, көпкө пайдаланылгандыктан имараттын инженердик системалары: суу, канализация, жылуулук, электр тармактары, вентиляция жана сантехникалык жабдууларын 100% алмаштырууга муктаждык бар эле», - деди башкы дарыгер.

3 кабаттуу имараттын эшиктерин, полдорун алмаштыруу, канализация, суу менен камсыздоо жана жылытуу системаларын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле электр чубалгыларын жана приборлорун алмаштыруу менен электрдик монтаждоо иштери жүргүзүлүп, палаталарга жаңы душ, сантехника орнотулду. Имаратта заманбап вентиляция системасы бар. Учурда имаратка эки лифт орнотулууда.

«Бул оорукана инфекциялык ооруга кабылгандарга медициналык жардам көрсөткөн республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын флагманы болуп саналат жана бул оорукананы өнүктүрүү, өркүндөтүү Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, өзгөчө COVID-19 пандемиясында дагы буга күбө болдук. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун колдоосу менен жугуштуу оорулар ооруканасынын капиталдык ремонту бейтаптарга сапаттуу жардам көрсөтүүгө, биздин кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Инфекциялык оорукананын өзүнүн спецификасы бар экенин билебиз, андыктан абаны тазалоодо жана сууну чыпкалоодо айлана-чөйрөгө эч кандай оору козгогуч кирбеши үчүн кылдат мамиле жасоо талап кылынган. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген, оңдоп-түзөөдөн өткөн имараттын ишке берилиши коркунучтуу жугуштуу ооруларга каршы натыйжалуу күрөштүн кепилдиги болот”, - деди министрдин орун басары, Бүбүжан Арыкбаева. 

 Курулуш-оңдоо иштеринин аякташына байланыштуу РКЖОО 2024-жылдын 1-майынан тартып 500 койка менен штаттык режимде ишин улантат жана калкка өз убагында, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө даяр.

 

 

30.04.2024
Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

2024-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Элдар Сулайманов менен бирге Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылыш аземине катышты.

Чоң-Алай райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Ысламидин Бакиров министр менен депутатка облустун калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Жаңы рентген кабинетинин курулушу Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, дарыкана имараты демөөрчүлөрдүн каражатына курулган.

«Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылышы калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат деп ойлойм. Бул аймакты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу менен бирге, дарт аныктоону жогорку деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна жана бул маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө.

Чоң-Алай райондук ЖДПБсы 26 миңге жакын адамды тейлесе, анын ичинен 12 857си 14 жашка чейинки балдар.