Энелер күнү: Бүбүжан Арыкбаева: Дени сак энеден дени сак наристе төрөлөт

22 May 2023 / Просмотров: 1192

Ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде республика аймагында "Энелер күнү" белгиленет. Быйыл да адаттагыдай эле Бишкекте энелер күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Республикалык аялдар кеңеши тарабынан уюштурулган бул майрамдык кече жыл сайын ар кандай концепциялык темада өтөт. Быйылкы темада ден соолук багыты тандалып алынган.
Мааракеде Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана ДСУнун Кыргызстандагы өкүлү Алиина Алтымышева катышып куттуктоо сөздөрүн айтышты. 
Саламаттык сактоо министринин орун басары Арыкбаева Бүбүжан өз сөзүндө «Кыргызстанда тун баласын төрөгөн энелердин орточо курагы 23 жаштын тегерегинде. 2000-жылдан бери Кыргызстанда төрөттүн өсүшү байкалган. 15-49 жаштагы бир аялга орто эсеп менен үч бала туура келет. Бул биздин өлкөдө калктын кеңири көбөйүшүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү көрсөткүч. Ошондуктан өлкөбүздүн, коомубуздун өсүшүнө энелердин кошуп жаткан салымы өтө чоң. Ошондой эле министрлик тараптан биз энелердин ден соолугуна арналган көптөгөн программаларды түзүп иштеп келебиз, анын ичинде энелердин чың ден соолугу үчүн төрөткө чейин жана төрөттөн кийин көзөмөлгө алуу, жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу боюнча бир топ программаларыбыз бар. Учурдан пайдаланып энелерге айта кетет элем, ден соолукту чыңдоо ар бир аялдын өз колунда, өз ден соолугуңуздарга кайдыгер мамиле кылбастан дарыгердин көзөмөлүнөн улам өтүп туруңуздар, ар бир эненин ден соолугу Кыргызстандын келечеги үчүн өтө маанилүү себеби дени сак энеден дени сак наристе төрөлөт, эненин саламаттыгы өлкөнүн саламаттыгы», - деп белгиледи.  
“Республикалык аялдар кенеши жыл сайын энелердин күнүн өзгөчө белгилейт анткени, биздин мамлекетте коомдо эненин орду өзгөчө ошол себептен жыл сайын өткөрөбүз. Ал эми быйыл темабызды энелердин жана кыздардын ден соолугу деген концепция менен тандап алдык. Учурдан пайдаланып Саламаттык сактоо министрлигине чоң ыраазычылык билдирет элем. Анткени жети дубандан биригип 1200 айым келди. Балким аларга өзгөчө мүмкүнчүлүк болду деп ойлойм, иш-чара башталардын астында, дарыгерлер эшиктин кире беришинде болушту, алардын кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин өлчөп беришти, керек болсо дарыгерден керектүү кеңештерди да алганга жетишишти. Бул иш-чаранын биринчи бөлүгү болду анан албетте келген энелерге бул учур абдан жакты, ыраазычылыктарын айтышты, кээ бир эмес көпчүлүк энелер өздөрүнүн кан басымы жогору болуп жүргөнүн бул жерден билишти анан ага кошумча багыттама кеңештерди алышты, бул да болсо энелердин ден соолугуна кам көрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болду деп айта алам” - деп билдирди КР ЖКнын 6-чакырылышынын мурдагы депутаты Алтыбаева Айнура. 
Энелер күнүнө арналган майрамдык салтанат ыр-бий шоу концерт менен коштолуп жыйынтыкталды.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

06 May 2024
Вакцинация в Кыргызстане: история

История иммунизации на территории Кыргызской Республики уходит корнями в советский период.


 

Первая прививка - первая победа


 

Первые прививки - от натуральной оспы - были сделаны прабабушкам и прадедам наших нынешних соотечественников в 1931 году. Вакцинация осуществлялась очень интенсивно. За пять лет удалось практически прекратить распространение оспы на территории Киргизской ССР.


 

Передвижные медицинские караваны снискали очень большую популярность у населения. Медики лечили больных, делали прививки и помогали советами по поводу ухода за детьми и пожилыми родственниками. Помощь этих отрядов была неоценима.


 

К 1940 году в историю ушли натуральная оспа, холера и чума. Смертность среди населения сократилась вдвое по сравнению с 1926 годом, во многом такими успехами советская власть смогла похвастаться благодаря развитию иммунизации. 


 

Только вперёд!


 

Шло время, формировался советский календарь прививок. К началу 70-х в СССР прививали от туберкулёза, полиомиелита, оспы, дифтерии и других инфекционных заболеваний.


 

Самой яркой страницей в истории иммунизации, пожалуй, является победа над полиомиелитом. Специфического лечения от этого заболевания не существует, его можно только предупредить. Полиомиелит калечил сотни тысяч детей по всему миру. В 1952 году американский врач создал вакцину от полиомиелита. Так, заболеваемость в США и Европе резко пошла на спад. В свою очередь, в 1988 году Всемирная организация здравоохранения (ВОЗ) объявила о начале программы по искоренению полиомиелита во всем мире. По итогам, в 1994 году свободными от полиомиелита названы США, в 2000 году Китай, Япония и Южная Корея, в 2002 году Европа и в 2004 году Юго-Восточная Азия.


 

Отметим, в Кыргызстане полиомиелит не регистрируется с 1993 года, а с 2002 года республика имеет статус страны, свободной от полиомиелита.


 

Дифтерия - серьезное заболевание с очень большим процентом летальных исходов - тоже была побеждена. Заболевание не регистрировалось в Кыргызстане уже 20 лет. Это связано с тем, что в 1994-1995 годах была проведена массовая вакцинация население, впоследствии был выработан коллективный иммунитет.


 

Иммунизация развивается 


 

В Календаре прививок Кыргызской Республики и сегодня появляются новые отметки.


 

Первой вакцине против вирусного гепатита В более 40 лет. В Кыргызстане массовую вакцинацию детей против вирусного гепатита В стали применять в 2000 году после чего заболеваемость вирусным гепатитом В среди детей резко пошла на спад, о чем свидетельствуют данные эпидемиологического надзора.


 

Благодаря проводимой в Кыргызской Республике плановой иммунизации населения вакциноуправляемые инфекции дифтерия, столбняк, туберкулезный менингит у новорожденных, вирусный гепатит «В» до 19 лет не регистрируются. 


 

B 2019 году ВОЗ признала Кыргызстан страной, свободной от краснухи. В последние годы при поддержке ГАВИ, ВОЗ и ЮНИСЕФ в национальный календарь прививок Кыргызстана было введено несколько вакцин: пневмококковая конъюгированная вакцина в 2016 году, инактивированная вакцина против полиомиелита в 2018 году, ротавирусная вакцина в 2019 году.


 

С 2022 года девочек 11-14 лет в Кыргызстане прививают от вируса папилломы человека. Это позволит практически избавить целое поколение будущих женщин от рака шейки матки.


 

Прогресс движется вперёд, и наверняка скоро мы сможем защитить наших детей от множества других инфекционных болезней.


 

Справочно: в Кыргызстане прошла Европейская неделя иммунизации. Кампания осуществляется каждый год во всем Европейском регионе ВОЗ. Она направлена на популяризацию иммунизации, имеющей огромное значение для профилактики заболеваний и защиты жизней.


 

Впервые ЕНИ прошла в 2005 году, и участие в ней приняли всего лишь несколько стран региона. Цель инициативы заключалась в увеличении охвата вакцинацией путем распространения информации о том, что каждый ребенок нуждается в защите от болезней, предупреждаемых с помощью вакцин, и имеет право на такую защиту.


 

ЕНИ сразу же стала одной из самых заметных и известных кампаний в сфере общественного здравоохранения в регионе и осуществляется в Кыргызстане при поддержке проекта ВОЗ и ЮНИСЕФ.

05 May 2024
НЕКРОЛОГ

Баткен облустук ооруканасынын ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы неонатолог дарыгер Мастура Курбанова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Курбанова Мастура Нарзиевна 1964-жылы 9-мартта Таджик Республикасынын Ленинабад областынын, Исфара районунун, Шахран айылында төрөлгөн. 1988-1989-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда 1 жылдык интернатурасын аяктап “Педиатрия” адистигине ээ болгон. 2002-2003-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунда 1 жылдык клиникалык интернатурасын аяктап “Үй-бүлөлүк дарыгер” адистигин алган.
Курбанова Мастура Нарзиевна өз эмгек жолун 1989-жылы Ош областына караштуу Лейлек райондук борборлоштурулган ооруканасынын балдар консультация бөлүмүндө педиатр дарыгери болуп иштөө менен баштаган. 


Ошол эле 1989-жылы Ленинабад областынын, Исфара райондук борборлоштурулган ооруканасында педиатр дарыгери болуп иштеген. 
1990-жылдан баштап Баткен райондук борборлоштурулган ооруканасында педиатр дарыгери болуп иштеген. 
1992-жылдын 2-сентябрь айында Лейлек райондук борборлоштурулган ооруканасынын СВА Коммунизм бөлүгүндө педиатр дарыгери болуп иштеген. 
1993-жылы Ош областына караштуу Сүлүктү шаардык ооруканасынын балдар консультация бөлүмүндө педиатр болуп иштеген. 
2002-жылы Сүлүктү шаарында Үй-бүлөлүк медицина тобунда педиатр болуп иштей баштаган. 2003-жылы №4 Баткен областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна клиникалык жетекчиси болуп дайындалган. 
2013-жылы Баткен областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун №3 Кызыл-Жол Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна үй-бүлөлүк дарыгери болуп которулган. 
2014-жылдан тартып, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнө неонатолог дарыгери болуп иштеген. 
2015-жылы Ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы болуп, дайындалып бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келди. 
2019-жылы Баткен облустынын башкы неонатологу болуп дайындалган. 

Медицина тармагына 35 жылдык өмүрүн арнаган Мастура Нарзиевна облустун саламаттык сактоо тармагындагы реформаларга көңүл буруу менен мамлекеттик жана улуттук программаларды ишке ашырууда алгылыктуу кадамдарды жасаган. 


Коомдук иштерге активдүү катышуу менен, жогорку категориядагы неонатолог дарыгери катары жаңыдан иш баштаган кесиптештерине медицина тармагында тең келгис кеңешчи, өзүнүн эмгек жолунда билимин жана тажрыйбасын такай жаш неонатолог дарыгерин даярдоого жумшап, “Насаатчылык» иш-чараларын алгылыктуу алып барган. Мындан тышкары, ата-энелеринен ажыраган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келген. 


Өзүнүн иш билгичтиги, адамгерчиликтүүлүгү, уюштуруучулук касиеттери менен өз кесиптештери жана эл ичинде кадыр баркка ээ.


Алган сыйлыктары:
2005-жылы Баткен областтык Саламаттыкты сактоонун координаторунун “Ардак грамотасы”, 
2006-жылы “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси  
2017-жылы Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын “Ардак грамотасы”
2018-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин “Ардак грамотасы”, 
2018-жылы КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамотасы”
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин жана жалпы медицина коомчулугунун атынан Курбанова Мастура Нарзиевнанын жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

03 May 2024
Министр здравоохранения Алымкадыр Бейшеналиев ознакомился с состоянием пострадавших 

На утро 3 мая 2024 года в организациях здравоохранения Джалал-Абадской области находятся 20 пострадавших с различными травмами.     

Министр посетил и ознакомился состоянием детей в Сузакской ТБ и в Октябрьском ЦОВП. Также принял участие в консилиуме в Джалал-Абадской областной детской больнице, где пять пациентов находятся в тяжелом состоянии в реанимации. 

 

В Джалал-Абадской областной детской больнице находятся 12 детей, из них пять находятся в реанимации, состояние врачами оценивается как тяжелое; в Джалал-Абадской областной клинической больнице - 1, в ТБ Сузак- 3, в ЦОВП Октябрьский - 4. Состояния остальных пострадавших оценивают как средней тяжести. 

 

Отмечаем, что в организациях здравоохранения имеется достаточный запас крови и его компонентов, лекарственных средств и изделий медицинского назначения.