Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү жана медициналык жана фармацевтикалык ишти лицензиялоо чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү

11.11.2022 / Просмотров: 696

2022-жылдын 11-ноябрында “Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” жана “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” жаңы мыйзамдардын долбоорлорун, ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” “КРнын кылымыш-жаза кодекси” жана “КРнын укуку бузуулар жөнүндө кодекси” колдонуудагы мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорлорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

 Мыйзам долбоорлору мыйзамдарды инвентаризациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында, аларды КРнын колдонуудагы Конституциясына ылайык келтирүү, ошондой эле мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюу максатында иштелип чыккан.                

Тармактык мыйзамдарда мыйзамдардын түзүмү кайра каралып, мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүү жана электрондук өкмөттү киргизүү, өзгөчө кырдаалдар учурунда өлкөнү дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо маселелери, дары каражаттарынын жок болуу жана дефицит коркунучтары тууралуу жаңы беренелер киргизилди, дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга бааны жөнгө салуу негиздери кайрадан каралып чыкты, ошондой эле улуттук мыйзамдарды ЕАЭБдин актыларына шайкеш келтирүү маселелери да эске алынды.               

Сапаттуу медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды камсыз кылуу үчүн лицензиялык көзөмөлдү күчөтүү зарыл. «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө» КРнын Мыйзамы көп жылдар бою акылга сыйбаган чектөөлөрдөн улам саламаттык сактоо жаатындагы лицензиялануучу иштин түрлөрү менен дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнү туура айырмалоого мүмкүндүк бербегендиктен, ага тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет. Ушул мыйзамга жана кодекске өзгөртүүлөр кирүү менен медициналык жана фармацевтикалык ишти жөнгө салуу процесстерине тиешелүү болгон жоболорго таасирин тийгизет. Бул өзгөртүүлөрдү кабыл алуу менен медициналык жана фармацевтикалык ишмердикти лицензиялоо системасын оптималдаштырууну, карама-каршылыкты, боштуктарды, ошондой эле текшерүүнүн жана көзөмөлдүн кайталануусун жоюу менен жөнгө салуу маселелерине мамиленин бирдиктүүлүгүн, ошондой эле ченемдерди жана саламаттык сактоо тармагындагы эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү камсыз кылат.

Иштеп чыгуу процесси мамлекеттик, жарандык жана жеке сектордун өкүлдөрүн, ошондой эле эл аралык эксперттерди тартуу менен ачык жана айкын чөйрөдө ишке ашырылды.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнү эсепке алууну толук автоматташтыруу камсыз кылынышы керек. Учурда  медициналык адистер үчүн көзөмөл жүргүзүү системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү иштери жүрүп жатат. 

Тегерек столдун алкагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө иштелип чыккан жана ишке ашырылып жаткан көзөмөл жүргүзүү системасынын демо-версиясы көрсөтүлдү. 

Көзөмөлдөө системасы пилоттук режимде иштей баштады. Системанын толук кандуу иштеши үчүн маркировкаланбаган продукцияны жана өткөөл мезгилдердеги импорттоого тыюу салуу, рыноктун бардык катышуучуларын байланыштыруу жана салык, бажы кызматтары, башка органдар менен интеграциялоо жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтому зарыл.

Мындан тышкары, Кыргызстанда дары каражаттарга жана медициналык буюмдарга баа түзүүнүн айкындуулугу жана ачыктыгы маселелерин чечүү зарыл. Учурда дары каражаттарынын бааларын жөнгө салуунун убактылуу эрежелери иштеп жатат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 579 токтому). Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө мыйзам долбоорлору кабыл алынгандан кийин бааларды жөнгө салуу критерийлерин аныктоо менен туруктуу эрежелер иштелип чыгат.

Көзөмөлдөө системасы ошондой эле автоматтык режимде дарылардын баасын көзөмөлдөөгө жардам берет, препараттарды белгиленген баадан жогору сатууга болбойт.

Тегерек стол бардык кызыкдар тараптардын пикирлерин эске алуу үчүн талкуу аянтчасы катары өткөрүлүүдө. Иш-чарага  депутаттар, президенттик администрация, мамлекеттик органдар, жарандык коомдун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Тегерек стол Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен өткөрүлдү.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

11.12.2023
Саламаттык сактоо министри иш сапары менен Баткен облустук бириккен ооруканасына барды

2023-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен облустук бириккен ооруканасында болуп, бөлүмдөрдү кыдырып, ошондой эле оорукананын жамааты менен жолугушту.

Жыйында Баткен облустук бириккен ооруканасын шаардык, райондук жана облустук ооруканаларга бөлүү маселеси талкууланды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын бири бул сунуш менен  мурда министрге кайрылган.

Баткен облустук бириккен ооруканасынын директору Талант Абдирашитов министрге оорукана 360 орунга ылайыкталып, 13 бөлүм бар экенин билдирди. Ал ошондой эле башка аймактардагыдай эле Баткен облустук бириккен ооруканасындагы кадр жетишсиздигин белгиледи. Ал эми өз алдынча үч структурага бөлүнгөндө биринчи кезекте жаңы ооруканаларга кадр маселеси көтөрүлөт.

Баткен облустук бириккен ооруканасына болгон иш сапарынын жыйынтыгында министр облустук оорукананы бөлүүнүн зарылдыгы жок экенин белгиледи. Министр өз чечимин аз сандагы калктын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен чыгымдарды оптималдаштыруу далалаты жана кадр жетишсиздигинин шарттарында аларды сактап калуу зарылдыгы менен негиздеди. Ошону менен бирге аймактагы медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында Баткен облустук бириккен ооруканасынын жабдыктарын жана кадрдык потенциалын чыңдоо пландалууда. Министр бул багытта иштер жүргүзүлө турганын баса белгиледи.

10.12.2023
Саламаттык сактоо министри Шаардык балдар тез жардам ооруканасына барды

  Кезек күтүү боюнча даттануулардын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарындагы Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына пландан тышкаркы иш сапары менен барып, анда балдарга медициналык жардам көрсөтүү кызматынын сапаты менен таанышып, ата-энелер менен баарлашып, бөлүмдөрдү кыдырды.

  Шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, ооруканага күнүнө 900дөй бейтап кайрылса, алардын 80%ы жолдомосуз келишет. Акыркы суткада 378 бейтап соматикалык, 79 бейтап хирургиялык кабыл алууга, 156 бейтап ЛОР кабылдоосуна, 269 бейтап травмпунктка кайрылган. Кайрылган балдардын көбүнө консультациялар берилип, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Башкы дарыгер дем ​​алыш күндөрү Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору иштебегендигине байланыштуу да кезектер көбөйөөрүн айтып, бирок бардык балдарга медициналык жардам жана консультациялар берилип жаткандыгын баса белгиледи.

Ал ошондой эле министрдин тапшырмасы менен курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруган балдарды жайгаштыруу үчүн кошумча 30 керебет уюштурулуп, соматикалык оорулууларды дарылоочу педиатрлардын, ординаторлордун саны көбөйгөнүн белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгында министр өз ишин толук жоопкерчилик менен аткарып жаткан балдар ооруканасынын медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү иш-сапардын негизги максаты башкаруучулук чечимдерди туура кабыл алуу үчүн калк жана медицина кызматкерлери менен баарлашуу экенин белгиледи.

08.12.2023
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров саламаттык сактоо тармагына 107 даана автотранспортту тапшыруу аземине катышты

«Бүгүнкү иш-чаранын себеби - экономикалык жана стратегиялык өнөктөшүбүз Россия Федерациясынын колдоосу менен «COVID-19 кесепеттерине ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында жалпы суммасы 3 миллион доллар болгон 107 унааны тапшыруу. Белгилей кетсек, 3 жылдын ичинде 335 жаңы тез жардам унаалары, ошондой эле санитардык унаалар алынды. Албетте, элдин бакубаттуулугу, мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү саламаттык сактоо системасынын туура уюштурулушунан көз каранды. Коронавирустук пандемия дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде биздин өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын бардык алсыз жактарын көрсөттү. Ооруканаларыбыздын, поликлиникаларыбыздын материалдык-техникалык базасын жакшырта баштадык жана көптөгөн атайын жабдыктарды сатып алуудабыз», - деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, жыл сайын сасык тумоо сыяктуу сезондук жана түрдүү вирустук инфекциялардан улам көптөгөн ооруканалар, анын ичинде балдар ооруканаларында да керебеттер жетишпей калууда. Бул жагдайда КР Министрлер Кабинетинин башчысы Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге өз убагында жана тийиштүү чараларды көрүү, жарандарды тейлөө жана квалификациялуу дарылоо үчүн медициналык бригадаларды же адистештирилген бөлүмдөрдү түзүү боюнча так тапшырмаларды койду.

«Өлкөнүн өнүгүшү үчүн Садыр Нургожоевич бүт күчүн, жан-дүйнөсүн жумшайт. Коркунучка карабай, өз өмүрүн тобокелге салып, Камчыбек Кыдыршаевич коррупция, кылмыштуулук жана уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүп келет. Санариптик жана технологиялык чечимдердин жана механизмдердин аркасында Министрлер Кабинети экономиканы жана бюджетти кесипкөйлүк менен көтөрүүдө. Бирок адам ооруп жатканда дарылоо жардам бербесе, анда бардык аракеттер текке кетет. Ошондуктан биздин дарыгерлер абалдын курчушуна жол бербеши керек. Бул сиздин түздөн-түз милдетиңиз экенин баса белгилегим келет, сиз жана сиздин команда муну чече алат деп ишенебиз. Урматтуу биздин медицина кызматкерлери, ар бир бейтапка эффективдүү жардам берүү үчүн сиздерге чың ден соолук жана жакшы маанай каалайм”,-деди Акылбек Жапаров.

Маалымат үчүн: Саламаттык сактоо министрлигине жалпы суммасы 3 000 000 долларга 47 даана тез жардам унаасы, 35 даана седан кузовдуу санитардык транспорт, 19 даана минивен кузовдуу транспорт, 4 даана сөөк ташуу үчүн адистештирилген транспорт жана 2 даана дезинфекциялоочу унаа алынды.