Наталья Добрынина, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы эндокринологу: “Бизде кант диабети менен ооругандардын көбөйүшү эмес, аларда илдеттин өтүшүп кетүүсүнүн көбөйбөгөнү маанилүү”

29.11.2022 / Просмотров: 1447

Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда да кант диабети менен ооругандардын саны өсүүдө. 2021-жылы дүйнөдө 527 миллион адам катталса, Кыргызстанда жыл сайын 5-7 миң кишиге көбөйүп жатат, бул кайрылгандар боюнча. Бүгүнкү күндө 74 810 бейтап катталган, бул калктын 1%ын түзөт, бирок ар кандай баалоолор боюнча алардын саны 130дан 200 миңге чейин жетиши мүмкүн. Бул бардык адамдарга өз убагында диагноз коюла бербейт жана оору татаалдашкан учурда гана аныкталат дегенди билдирет. Салыштыруу үчүн, Португалияда 10 миллион адамдын 1 миллиону кант диабети менен ооруйт - бул 10% ды түзөт. Сандын көбөйүшү жакшы скринингдик иштердин аркасында болууда, анткени кант диабети канчалык эрте аныкталса, майып болуу жана калктын ден соолугунун начарлоо коркунучу ошончолук төмөн болот. Азыр өлкөдө кант диабетин аныктоо боюнча бир нече программалар, анын ичинде ДСУнун үч жылдык долбоору бар жана калк арасында активдүү маалыматтык кампания жүргүзүлүүдө. Кант диабетин алдын алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын арасында ПЭН протоколдору боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Бизде оорулуулардын көп болгондугу эмес, аларда оорунун өтүшүп кетүүсүнүн көбөйбөгөнү маанилүү, алар дарыгерлердин жана медицина кызматкерлеринин сунуштарын өз убагында алып, аткарышы керек. Үстүбүздөгү жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын калкынын арасында кант диабети жана гипертония оорусун аныктоо аркылуу жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга багытталган жаңы долбоор демилгеленген. Көптөгөн кант диабети менен ооруган бейтаптар өз оорусун билбегендиктен, кеңири медициналык текшерүүлөр жүргүзүлүп, «Диабеттик ретинопатия» жана «Диабеттик бут» ооруларына басым жасалат. Үч жылдын ичинде долбоор Кыргызстандын бардык аймактарын камтыйт”, - дейт КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы эндокринологу Наталья Добрынина.

Долбоордун алкагында бир катар иш-чаралар аткарылып, республикалык деңгээлде, ошондой эле Чүй облусунда да иштер жүрүүдө. Клиникалык практиканы жана жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн кант диабетин башкаруу боюнча клиникалык протоколдор каралып, кант диабети менен ооруган адамдарга жардам берүү жолдору баяндалып, жакшыртуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр аныкталууда. Өзүн өзү көзөмөлдөөнү күчөтүү үчүн медайымдар жана башка тиешелүү адистер бейтаптарга терапевттик билим берүү боюнча окутулуп, бейтаптар ассоциациясына жана бейтаптар мектебине колдоо көрсөтүлүп, ар кандай клиникалык шарттарда медайымдык практикага талдоо жүргүзүлүүдө.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

06.05.2024
Ош шаарында 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 6-майда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында шаардын жана облустун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депуты Айбек Маткеримов катышты.

Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. “Калктын саламаттыгын сактоо – 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын маанилүү артыкчылыктарынын бири”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев. Министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго саламаттык сактоо тармагына, тактап айтканда, Ош шаарындагы жаңы аймактык оорукананын курулушуна ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Жалпы аянты 6633,5 м2 болгон 300 орундуу оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмү, ашкана, кир жуучу жай, кампа жай жана башкалар уюштурулат.

06.05.2024
Министр ОшМУнун медициналык клиникасы менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 6-майында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУнун медициналык клиникасында болду. Клиникадагы боор алмаштыруу операцияларын жасоого түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, клиниканын дарыгерлери менен жолугушту. 

Медициналык клиникада трансплантоло́гия бөлүмү ачылып, боор алмаштыруу операцияларын жосоого керектелүүчү эмеректер, медициналык жабдыктар менен толукталууда. 

Клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат. Учурда боор алмашытырууга муктаж болгон бейтаптар кайрылып, дарыгерлерден кеп-кенештерин алууда. Алгачкы беш бейтапты опреацияга даярдоо иштери жүрүп жатат. Май айынын аягында алгачкы опреациялардын жасалуусу күтүлүүдө.

 

 

06.05.2024
Кыргызстандагы эмдөө: таржымалы

Кыргыз Республикасынын аймагында эмдөөнүн тарыхы совет доорунан башталат. 

Биринчи эмдөө – алгачкы жеңиш 

Чечек оорусуна каршы биринчи эмдөө 1931-жылы чоң ата, чоң энелерибизге жасалган. Ошол жылы эмдөө абдан жигердүү өткөн. Беш жылдын ичинде Кыргыз ССРинин аймагында чечектин таралышын дээрлик токтотуп калууга мүмкүн болгон. 

Ошол маалда көчмө медициналык кербендер калк арасында өтө таанылып калган. Дарыгерлер оорулууларды дарылап, эмдөөдөн өткөрүп, балдарга жана кары-картаңдарга кам көрүү багытында кеңештери менен жардам берип келишкен. Бул көчмө дарыгерлердин жардамы баа жеткис болду. 

1940-жылы чечек, холера жана кара тумоо оорулары биротоло жок болуп, аталыштары тарыхта гана калды. 1926-жылга салыштырмалуу көз жумгандардын саны эки эсе азайган – совет бийлиги мындай көрсөткүчкө анын ичинде эмдөөнүн жардамы менен да жете алды. 

Алга жана алга! 

Убакыт өтүп, эмдөөлөрдүн советтик календары да түзүлгөн. 70-жылдардын башында СССРдин жашоочулары кургак учук, полиомиелит, чечек, кептөөр (дифтерия) өңдүү бир кыйла жугуштуу ооруларга каршы эмделген. 

Полиомиелитти жеңүү – эмдөөнүн тарыхында эсте калаарлык окуялардын бири. Бул оорунун атайын дарылоо ыкмасы жок, аны алдын-алууга гана болот. Полиомиелит дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген балдарды майып кылып келген оору. 1952-жылы америкалык дарыгер полиомиелитке каршы вакцинаны жасаган. Ошентип, АКШда жана Европада оорудан азап чеккендердин саны кескин азая баштаган. Өз кезегинде, 1988-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) дүйнө жүзү боюнча полиомиелитти жок кылуу боюнча программасы башталганын жарыялаган. Жыйынтыгында 1994-жылы АКШ, 2000-жылы Кытай, Жапония жана Түштүк Корея, 2002-жылы Европа жана 2004-жылы Түштүк-Чыгыш Азия полиомиелит оорусунан эркин деп аталды. 

Кыргызстанда полиомиелит 1993-жылдан бери каттала электигин, ал эми 2002-жылдан бери республика полиомиелиттен эркин өлкө статусуна ээ болгонун белгилей кетели. 

Кептөөр (дифтерия) – адамдын өмүрүн алган өтө катуу оору да акыры жеңилди. Бул оору Кыргызстанда 20 жылдан бери каттала элек. Буга 1994-1995-жылдары калк жапырт эмдөөдөн өтүп, натыйжада жамааттык иммунитет пайда болгону себеп. 

Эмдөө бир орунда турган жок  

Кыргыз Республикасынын Эмдөөлөр календарында бүгүнкү күндө да жаңы белгилер пайда болууда. 

В вирустук гепатитине каршы биринчи вакцина 40 жыл мурда чыккан. 2000-жылы Кыргызстанда балдар В вирустук гепатитине каршы жапырт эмдөөдөн өтө баштагандан кийин балдар арасында бул ооруга кабылгандардын саны кескин төмөндөгөн, муну эпидемиологиялык көзөмөлдүн маалыматтары да тастыктайт. 

Кыргыз Республикасында калкты пландуу эмдөөнүн натыйжасында жаңы төрөлгөн ымыркайларда вакцина менен башкарылуучу кептөөр, селейме, кургак учук менингити, ал эми 19 жашка чейинкилердин арасында В вирустук гепатити катталбай калды. 

2019-жылы ДСУ Кыргызстанды кызылча оорусунан эркин өлкө деп тааныган. Акыркы жылдары ГАВИнин, ДСУнун жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстандын Улуттук эмдөөлөр календарына бир нече вакциналар киргизилди. Мисалы, 2016-жылы пневмококк вакцинасы, 2018-жылы полиомиелитке каршы инактивацияланган вакцина, 2019-жылы ротавируска каршы вакцина киргизилген. 

2022-жылдан бери Кыргызстанда 11-14 жаштагы кыздар адамдын папиллома вирусуна каршы эмделип келатат. Бул келечекте эне болчу кыздарды жатын моюнчасынын рагынан коргоп калууга мүмкүндүк берген вакцина. 

Прогресс илгерилеген сайын биз балдарыбызды дагы башка көптөгөн жугуштуу оорулардан коргой алабыз. 

Маалымат үчүн: Кыргызстанда Европалык эмдөө жумалыгы (ЕЭЖ) өтүп жатат. Өнөктүк жыл сайын ДСУнун Европа чөлкөмүндө өткөрүлүп келет. Өнөктүк оорулардын алдын алып, адамдардын өмүрүн коргоп калуу үчүн зор мааниге ээ болгон эмдөөнү кеңири таанытууга багытталган. 

ЕЭЖ биринчи жолу 2005-жылы өтүп, ага чөлкөмдөгү бир нече гана өлкө катышкан. Ар бир бала вакцина менен алдын алууга боло турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укуктуу деген маалыматты жайылтуу менен эмдөөнү мүмкүн болушунча көбүрөөк адамга жеткирүү – бул демилгенин максаты. 

ЕЭЖ бир заматта чөлкөмдөгү коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү таанымал өнөктүктөрдүн бирине айланып, ушул тапта ДСУнун жана ЮНИСЕФтин долбоорунун колдоосу менен Кыргызстанда да ишке ашырылып жатат.