Билим берүү мекемелеринде карантиндик иш-чараларды киргизүү чечими тууралуу маалымат

13.12.2022 / Просмотров: 1211

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абалга күн сайын мониторинг жүргүзөт.
Жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде 20%га чейин балдар мектепке келбей калган учурда райондук/шаардык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун башкы дарыгерлери, райондук жана шаарлардын билим берүү бөлүмдөрү менен бирдикте  алдын алуу иш-чараларын өз убагында уюштуруу жана зарыл болгон учурда жергиликтүү деңгээлде карантин киргизүү маселесин кароо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отурумуна киргизишет.
Мындан тышкары, КР Саламаттык сактоо министрлиги курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдардын катышуусунда маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрбөй турууну сунуштады.


Маалымат үчүн:
КРВИ жана сасык тумоо сыяктуу респиратордук инфекциялардын алдын алуу иштеринин 2 түрү  бар - спецификалык б.а. эмдөө жана спецификалык эмес.
Келе жаткан эпидемиологиялык сезондо профилактикалык иш-чаралардын комплексин күчөтүү жана калк арасында ооруну турукташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 82 577 доза гриппке каршы «Гриппол плюс» вакцинасы сатып алынды. Бул вакцина тобокелдик топторун (өнөкөт оорулары бар адамдар, тез-тез ооруган балдар, балдар үйлөрүнүн, интернаттардын тарбиялануучулары, кош бойлуу аялдар, медицина кызматкерлери ж.б.) бекер эмдөө үчүн арналган. Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча гриппке каршы тобокелдик топторунан эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 82,1% түздү. (61 846 адам). Ошондой эле ЮНИСЕФ аркылуу “GCFLU” гриппке каршы вакцинасынын 45 миң дозасы сатылып алынып, гуманитардык линия аркылуу өлкөгө берилип, учурда аймактарга таратылып, бекер эмдөө иштери башталды. Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпысынан 22 миң 427 тобокелдик тобундагы адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүп, 50,3%ды түздү.


Респиратордук инфекциялардын спецификалык эмес алдын алуу - бул жөнөкөй эрежелерди сактоо болуп саналат, мисалы:
- беткап режимин жана физикалык аралыкты сактоо;
- дем алуу гигиенасы - жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;
- үшүп калуудан жана ысып кетүүдөн сактануу;
- өзүн начар сезип, дене табы көтөрүлгөн жана башка сасык тумоого окшош белгилери пайда болгон адамдардын өз убагында обочолонуусу;
- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колдун гигиенасы, үзгүлтүксүз жайларды желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.);
- эгерде балада КРВИ белгилери бар болсо - айыкканга чейин баланы мектепке же бала бакчага жибербеңиз, дарыгерге кайрылып, кенеш алыныз;
- окуу жана эс алуу режимин сактоо, көбүрөөк таза абада болуу, жетишээрлик уктап, жакшы тамактануу;
- эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо.


Өзүңүздү КРВИ жана сасык тумоодон коргоо үчүн - жогоруда айтылган эрежелерди аткарыңыз. КРВИ жана сасык тумоо симптомдору пайда болгон учурда дарыгерге кайрылып медициналык жардам алыныз.
Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

16.05.2024
Бишкекте Европалык иммунизация жумалыгынын жыйынтыгы чыгарылды

15-майда Бишкекте 2024-жылдагы Европалык эмдөө жумалыгынын жыйынтыгын талкуулаган жыйын өттү. Быйыл эмдөө жумалыгы «Муундарды коргойбуз» деген ураан астында бардык курактагы адамдарды пландуу эмдөө менен камтуунун жогорку деңгээлин сактоо максатында уюштурулду.

Иш-чарага КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасында калкты пландуу эмдөөнүн аркасында 19 жашка чейинки курактагылар арасында кептөөр, селейме, кургак учук менингити, В вирустук гепатити катталган эмес; 1993-жылдан бери полиомиелиттен эркин өлкө статусу бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору эмдөө жумалыгынын калк үчүн мааниси жана эмдөө менен камтуу боюнча маалыматтарга токтолду. Алсак, бир жума ичинде Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календары боюнча 54 362 адам кошумча эмдөө алды. Эмдөө стационардык пункттарда жана мобилдик бригадалардын жардамы менен жүргүзүлдү. Гүлбара Ишенапысова ошондой эле калкты маалымдоодо медицина кызматкерлеринин салымын белгиледи, мында эмдөө менен камтууну жогорулатуудагы негизги максат ар бир бала вакцина менен алдын ала турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укугу бар деген маалыматты жайылтуу болуп саналат.

Мындан тышкары, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен иштелип жана басылып чыккан бардык денгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери үчүн арналган “Иммунопрофилактика боюнча чөнтөк колдонмо” көрсөтүлдү.

15.05.2024
Ысык-Көл облусунун жалпы дарыгерлик практика борборуна тез жардам унаасы тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 15-майында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында тез жардам пунктунун ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды.

           Министр өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына жети тез жардам унаасы өткөрүлүп берилгендигин, анын бири Тамчы айылындагы Тез жардам көрсөтүү пунктуна өткөрүлүп берилгендигин белгиледи.

             «Бүгүн биз Тамчы айылдык тез жардам борборуна тез жардам унаасынын ачкычын тапшырып жатабыз. Бул Ысык-Көл облусунун тургундарына тез жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы олуттуу кадам болуп саналат. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

15.05.2024
Тамчы айылында Тез жардам пункту ачылды

2024-жылдын 15-майында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында тез медициналык жардам көрсөтүү пунктунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чара КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кувейт Ас-Сафа фондунун негиздөөчүсү, шейх Мухаммад Абдурахман Алшая, Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраеванын, ошондой эле Ысык-Көл областынын Жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү. Тез медициналык жардам пунктунун курулушу толугу менен «Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 38,5 млн сомду түздү.

Тамчы айылындагы 2 кабаттуу Тез медициналык жардам пунктунун имаратында жалпы аянты 476 м2 болгон күндүзгү стационар, операция, реанимация, дарылоо, стерилизация бөлмөлөрү жана башкалар камтылган. Көчмө рентген аппараты, УЗИ жана башка керектүү медициналык жабдуулар бар. Ошондой эле кызматкерлердин жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулган. Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө Тамчы айылында тез медициналык жардам пункту ачылып жатканы өтө маанилүү экенин белгиледи. Анткени Ысык-Көлгө келген көптөгөн туристтер ар кандай медициналык өзгөчө кырдаалдарга, анын ичинде травма, курч кармаган оору жана башка медициналык өзгөчө кырдаалдарга дуушар болушу мүмкүн. Мындай пункттун болушу калкка жана конокторго тез жана натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүү менен бирге алардын коопсуздугуна жана ден соолугуна да салым кошот. Министр Кувейт «Ас-Сафа» Фондунун негиздөөчүсү шейх Мухаммад Абдурахман Альшаяга саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири – саламаттык сактоо тармагы. 2015-жылдан бери бирикме тарабынан 70ке жакын фельдшердик-акушердик пункт, балдар онкологиясы, лор, гематология бөлүмдөрү, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун консультациялык бөлүмү, аймактарда 4 төрөт үйү курулуп, пайдаланууга берилген. Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда гемодиализ борборунун курулушу жүрүп жатат, ал эми бир күн мурун Токмок шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун патология менен төрөлгөн балдар үчүн бөлүм ачылды.