II Евразиялык экономикалык форумдун алкагында COVID-19 пандемиясынын аймактык интеграциялык процесстерге тийгизген таасири талкууланды

26.05.2023 / Просмотров: 957


2023-жылдын 24-25-май күндөрү Москвада мамлекет башчыларынын катышуусу менен Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумуна арналган евразия интеграциясы чөйрөсүндөгү маанилүү окуя - Евразия экономикалык форуму болуп өттү.
 «Ковиддин сабактары – келечекке көз караш» тематикалык сессияларынын биринде COVID-19 пандемиясынын аймактык интеграциялык процесстерге тийгизген таасири, жаңы коронавирустук инфекциянын таралышына каршы аракеттенүү боюнча Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын жана илимий уюмдарынын өз ара иштешүүсү, Евразия регионундагы биологиялык коркунучтарга биргелешип жооп кайтаруу үчүн зарыл болгон кадамдар, ошондой эле заманбап шарттарда дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жалпы рынокторунун иштешинин өзгөчөлүктөрү талкууланды.
Дискуссияга Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү, ЕАЭБ мамлекеттеринин башкы мамлекеттик санитардык дарыгерлери, санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын, илимий коомчулуктун, тармактык бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышышты.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен «Ковиддин сабактары - келечекке көз караш» сессиясына баяндамачы катары Саламаттык сактоо министринин орун басары - башкы мамлекеттик санитардык врач Бүбүжан Арыкбаева катышты.
Сессиянын катышуучулары COVID-19 пандемиясынын учурунда Биримдик өлкөлөрүнүн санитардык-эпидемиологиялык кызматтарынын, башка мамлекеттик органдарынын жана Комиссиянын жакшы координацияланган, кесипкөй ишин баса белгилешти. Бул пандемиядан алган тажрыйба адамзатты, анын ичинде Евразия мамлекеттеринин калкын башка коркунучтуу оорулардын алдын алып, күтүлбөгөн жагдайларына бөгөт койууга тийиш. 
Дискуссиянын жыйынтыктары боюнча Евразия экономикалык биримдигинин Бирдиктүү эпидемиологиялык мейкиндигин мындан ары чыңдоо жана келечекте ЕАЭБ мейкиндигинде санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн аймактык эскертүү системасын түзүү зарылдыгы ырасталды.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

08.05.2024
Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы “Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария” уюму кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» Өкүлчүлүгүнүн өлкөлүк директору менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн талкуулашты, ошондой эле профилактикалык жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн медицина кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү боюнча кызматташуу жөнүндөгү жаңы меморандумга кол коюшту.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2006-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» гуманитардык миссиясы Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого баа жеткис салым кошуп келе жатканын баса белгиледи.

Бул Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча алдын ала макулдашуулардын негизинде кызматташуу жана иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты:

- өзгөчө кырдаалдар учурундагы даярдык жана чара көрүү;

- жугуштуу эмес оорулар;

- тиешелүү тармакта саламаттык сактоо органдарынын медициналык кызматкерлеринин потенциалын чыңдоо;

- биргелешкен тиешелүү профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү.

08.05.2024
КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин өкүлдөрүнүн жолугушуусу: саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун артыкчылыктары

Бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министринин орун басарлары Медербек Исмаилов жана Айжамал Шамбетова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда министрдин биринчи орун басары Медербек Исмаилов Самман Джунг Тапаны кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердигине ийгиликтерди каалап, ЮНИСЕФке Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал коомдук саламаттыкты сактоо Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин жана ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү жана стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Самман Джунг Тапа ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү катары Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияда белгиленген балдардын укуктарын коргоого, өнүктүрүүгө жана бакубат жашоого көмөктөшөөрүн белгиледи.

07.05.2024
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алды

Бүгүн, 7-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кенештин социалдык комитетинин башчысы Винера Раимбачаева менен биргеликте Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алып, дарылоо боюнча өз сунуштамаларын берди.

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген.

 

Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

 

Бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы туруктуу жакшырып калгандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Аталган бөлүмдө жаткан балдардын абалдары жакшы, тиешелүү медициналык жардамды алышууда. 

 

Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

 

Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында  балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.