Кыргызстандык адистер Түркия Республикасындагы дары-дармектерди жөнгө салуу, каттоо жана бааларды жөнгө салуу системасы менен таанышты

20.12.2022 / Просмотров: 770

12-13-декабрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясынын Түркия Республикасынын дары каражаттарын жөнгө салуу, каттоо жана дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу жана алардын чыгымдарын төлөө боюнча жооптуу мамлекеттик органдары менен таанышуу сапары болуп өттү: Социалдык камсыздоо мекемеси (SGK) жана Дары каражаттар жана медициналык буюмдар боюнча агенттик (TITCK). Сапардын жүрүшүндө делегация төмөндөгүлөр менен таанышты: 

- Түркия Республикасында саламаттыкты сактоо жана фармацевтика секторун жалпы системасын жөнгө салуу;

- жөнгө салуучу органдын түзүмүн жана уюштуруу модели менен;

- баа түзүүнүн ролу, бааны башкаруу процедуралары жана бааны жөнгө салуунун башка аспектилери (анын ичинде колдонуу, баа түзүү куралы, МТ ж.б.);

- социалдык коргоону уюштуруу жана медициналык жардам кызматы менен координациялоо, бюджетти түзүү жана ишке ашыруу;

- фармацевттердин жана дарыканалардын ишмердиги, контракт түзүүчү дарыканалардын иши, дарыканаларга кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн ордун толтуруу;

- ордун толтуруу, баасынын ордун толтуруу жана кошумча төлөө үчүн тизмелерде дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды тандоо;

- чыгымдардын ордун толтуруу системасындагы маалыматтык жана санариптик чечимдер менен.

Андан кийин WHA 72.8 2019-жылдагы "Дары каражаттар, вакциналар жана башка медициналык багыттагы продуктылары үчүн рыноктун ачыктыгын жогорулатуу" резолюциясы жөнүндө сереп берилди. Катышуучулар айкындуулукту камсыздоо чарасы катары сатып алуулар чөйрөсүндө дары каражаттардын баасын ачуу боюнча МТ-чечимди түзүү тажрыйбасы менен таанышты.

Ошондой эле 2022-жылдын 14-15-декабрында Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча дары каражатьтарга баа түзүү жана ордун толтуруу платформасынын (PPRI EECA) бөлүмүнүн 5 жылдыгына арналган жыйыны болуп өттү. Эки күнгө созулган жолугушууда төмөнкү темалар кеңири талкууланды:

- PPRI ВЕЦА тармагынын 5 жыл ичиндеги жетишкендиктери.

- ВЕЦА өлкөлөрүндөгү жана Түркиядагы баа түзүү жана ордун толтуруу системаларынын акыркы өнүгүүлөрү, анын ичинде слайддар жана постерлер.

- Улуттук баа түзүү жана ордун толтуруу системаларынын функционалдуулугун көрсөтүү жана баалоо үчүн техникалык аспаптар.

- каржылык жактан коргоого багытталган саясат. Жаңы инновациялык жана кымбат дарыларга жетүү.

- БСУнун Европа аймагындагы дарыларга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча өлкөлөр аралык кызматташуу, PPRI ВЕЦА тармагынын алкагында мындан аркы иш-чаралардын артыкчылыктары жана пландаштыруу талкууланды.

Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа боюнча аймактык бюросу тарабынан уюштурулду жана өткөрүлдү.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

16.05.2024
Бишкекте Европалык иммунизация жумалыгынын жыйынтыгы чыгарылды

15-майда Бишкекте 2024-жылдагы Европалык эмдөө жумалыгынын жыйынтыгын талкуулаган жыйын өттү. Быйыл эмдөө жумалыгы «Муундарды коргойбуз» деген ураан астында бардык курактагы адамдарды пландуу эмдөө менен камтуунун жогорку деңгээлин сактоо максатында уюштурулду.

Иш-чарага КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасында калкты пландуу эмдөөнүн аркасында 19 жашка чейинки курактагылар арасында кептөөр, селейме, кургак учук менингити, В вирустук гепатити катталган эмес; 1993-жылдан бери полиомиелиттен эркин өлкө статусу бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору эмдөө жумалыгынын калк үчүн мааниси жана эмдөө менен камтуу боюнча маалыматтарга токтолду. Алсак, бир жума ичинде Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календары боюнча 54 362 адам кошумча эмдөө алды. Эмдөө стационардык пункттарда жана мобилдик бригадалардын жардамы менен жүргүзүлдү. Гүлбара Ишенапысова ошондой эле калкты маалымдоодо медицина кызматкерлеринин салымын белгиледи, мында эмдөө менен камтууну жогорулатуудагы негизги максат ар бир бала вакцина менен алдын ала турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укугу бар деген маалыматты жайылтуу болуп саналат.

Мындан тышкары, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен иштелип жана басылып чыккан бардык денгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери үчүн арналган “Иммунопрофилактика боюнча чөнтөк колдонмо” көрсөтүлдү.

15.05.2024
Ысык-Көл облусунун жалпы дарыгерлик практика борборуна тез жардам унаасы тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 15-майында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында тез жардам пунктунун ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды.

           Министр өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына жети тез жардам унаасы өткөрүлүп берилгендигин, анын бири Тамчы айылындагы Тез жардам көрсөтүү пунктуна өткөрүлүп берилгендигин белгиледи.

             «Бүгүн биз Тамчы айылдык тез жардам борборуна тез жардам унаасынын ачкычын тапшырып жатабыз. Бул Ысык-Көл облусунун тургундарына тез жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы олуттуу кадам болуп саналат. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

15.05.2024
Тамчы айылында Тез жардам пункту ачылды

2024-жылдын 15-майында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында тез медициналык жардам көрсөтүү пунктунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чара КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кувейт Ас-Сафа фондунун негиздөөчүсү, шейх Мухаммад Абдурахман Алшая, Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраеванын, ошондой эле Ысык-Көл областынын Жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү. Тез медициналык жардам пунктунун курулушу толугу менен «Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 38,5 млн сомду түздү.

Тамчы айылындагы 2 кабаттуу Тез медициналык жардам пунктунун имаратында жалпы аянты 476 м2 болгон күндүзгү стационар, операция, реанимация, дарылоо, стерилизация бөлмөлөрү жана башкалар камтылган. Көчмө рентген аппараты, УЗИ жана башка керектүү медициналык жабдуулар бар. Ошондой эле кызматкерлердин жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулган. Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө Тамчы айылында тез медициналык жардам пункту ачылып жатканы өтө маанилүү экенин белгиледи. Анткени Ысык-Көлгө келген көптөгөн туристтер ар кандай медициналык өзгөчө кырдаалдарга, анын ичинде травма, курч кармаган оору жана башка медициналык өзгөчө кырдаалдарга дуушар болушу мүмкүн. Мындай пункттун болушу калкка жана конокторго тез жана натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүү менен бирге алардын коопсуздугуна жана ден соолугуна да салым кошот. Министр Кувейт «Ас-Сафа» Фондунун негиздөөчүсү шейх Мухаммад Абдурахман Альшаяга саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири – саламаттык сактоо тармагы. 2015-жылдан бери бирикме тарабынан 70ке жакын фельдшердик-акушердик пункт, балдар онкологиясы, лор, гематология бөлүмдөрү, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун консультациялык бөлүмү, аймактарда 4 төрөт үйү курулуп, пайдаланууга берилген. Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда гемодиализ борборунун курулушу жүрүп жатат, ал эми бир күн мурун Токмок шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун патология менен төрөлгөн балдар үчүн бөлүм ачылды.