КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал

16.01.2023 / Просмотров: 966

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 2-жумасына (09.01-15.01.23) карата республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоого  кабылган 8366 учур катталган. 

Өткөн жумага салыштырмалуу, 2023-жылдын экинчи жумасында 100,000 калкка оорунун көрсөткүчү 120,2 болуп, +0,7% га өскөн.

Сасык тумоонун жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын төмөнкү температуралык шарттарына туруктуулугун эске алуу менен (октябрдан мартка чейинки мезгил) калк арасында ооруга чалдыгуу боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүү улантылууда.

Бул эпидемиологиялык сезондо А тумоосу басымдуулук кылууда (анын ичинде 2 түрү: A (H1N1)09 - грипп А жана (H3N2) - грипп В.

Курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган адам, эгерде жөнөкөй профилактикалык эрежелер сакталбаса, курч респиратордук вирустук инфекциялардын башка түрлөрүн жуктуруп алышы мүмкүн, ошондуктан: 

  • беткап тагынуу режимин сактоо жана физикалык аралыкты сактоо зарыл
  • дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо - жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;
  • өзүн жаман сезген, жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилери бар адамдарды өз убагында обочолонуусу;
  • санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колдун гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.у.с.)

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.

 

30.04.2024
"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

2024-жылдын 23-24-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында П.Е. Лукомский жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85 жылдыгына арналган "Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы эл аралык ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Иш-чара И.К.Ахунбаев атындагы КММА тарабынан Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коому  менен биргеликте уюштурулган.

 

Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан кардиология, ревматология, нефрология, гастроэнтерология, геронтология, эндокринология тармагындагы алдыңкы адистер  жана клиникалык фармакологдор катышты. Ошондой эле ар кандай медициналык университеттердин (Бишкек, Ош, Бухара, Шымкент) жаш изилдөөчүлөрү жана терапевттери баяндама жасашты.

 

Жаш терапевттердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, анын жыйынтыгында эң мыкты иштер үчүн Ардак грамоталар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, ачылыш аземинде бир катар илимпоздор жана практик дарыгерлер Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коомунун «Гравертон ыраазычылык» жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.