Copyright: ©

Мобилдик клиника Баткен областынын чек арадагы райондоруна жөнөп кетти

09.10.2023 / Просмотров: 4406

2023-жылдын 3-октябрынан 12-октябрына чейин онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УДИ-адистен турган медицина кызматкерлеринин мультидисциплинардык командасы Лейлек районундагы аялдарга жана өспүрүм кыздарга акысыз кеп-кеңеш беришет жана текшеришет. Ал эми 13-21-октябрга чейин мобилдик клиника Баткен районунун алыскы айылдарына барат.  

Жылдын башында «Үй-бүлөнү пландоо кыргыз альянсы» коомдук уюму Улуу Британиянын Өкмөтүнүн жана БУУнун Калк жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) техникалык колдоосу астында мамлекеттик жана улуттук өнөктөштөр менен биргеликте клиниканын аялдар жана өспүрүм кыздар үчүн энелик, репродуктивдик ден соолук жаатындагы кызматтарын көрсөтүү үчүн иш-сапарларын уюштурган. Мобилдик клиниканын иши  “Баткендин аялдарын жана кыздарын комплекстүү колдоо” долбоорунун алкагында уюштурулган болчу. 2023-жылдын февраль айынан март айына чейин мобилдик клиника Баткен областынан айылдарында болду жана 17 күндүн ичинде дарыгерлердин командасы 2800дөн ашуун аялга жана өспүрүм кыздарга акысыз кеп-кеңештерди берди жана текшерди. Иштин жыйынтыгы боюнча, чек арадагы айылдардын жашоочулары областтын алыскы айылдарына адистердин ушундай иш-сапарларын үзгүлтүксүз уюштуруп турууну өтүнүштү. 

2023-жылдын октябрь айында Баткен областында аялдар жана өспүрүм кыздарга медициналык адистердин кеп-кеңештерин, алыскы айылдардын медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууну,  гендердик зомбулук жана репродуктивдик ден соолук көйгөйлөрүн чечүүдө калктын позитивдүү социалдык жана гендердик ченемдер тууралуу маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык сессияларды камтыган комплекстүү иш-чаралары башталган. 

Мобилдик клиника эки жумадан ашуун убакыт Лейлек жана Баткен райондорунун чек арадагы 8 айылында болуп келмекчи. Дарыгерлер кыйла сапаттуу жана натыйжалуу иш жүргүзүү үчүн ар бир айылга бир нече күндөн токтошот. 

Долбоордун алкагында Лейлек районунун айылдарына мобилдик клиниканын сапарлары уюштурулмакчы, алар: Интернационал, Кулунду, Ак-Суу жана Катран айылдары.

Мобилдик клиниканын Лейлек районундагы сапарларынын графиги

  1. 03-04-октябрь 2023-ж. - Кулунду а/ө- Интернационал айылы – “40 лет Кыргызстана” ат. ОМ (орто мектеп)
  2. 05-06-октябрь 2023-ж. - Кулунду а/ө- Кулунду айылы – Кулунду ЖДПБ
  3. 09-10 октябрь 2023-ж. – Ак-Суу а/ө- Ак-Суу айылы – Ак-Суу ОМ
  4. 11-12-октябрь 2023-ж. – Катран а/ө- Катран айылы – Ата-Журт аянты

Баткен районунда мобилдик клиника: Ак-Татыр, Көк-Таш, Боз-Адыр жана Ак-Турпак айылдарына барат.

Мобилдик клиниканын Баткен районундагы сапарларынын графиги

  1. 13-14-октябрь 2023-ж. – Ак-Татыр а/ө - Ак-Татыр айылы – Ак-Татыр ОМ
  2. 16 -17-октябрь 2023-ж. – Ак-Сай а/ө - Кок-Таш айылы – Көк-Таш ОМ
  3. 18-19-октябрь 2023-ж. – Суу-Башы а/ө - Боз-Адыр айылы – Боз-Адыр гимназиясы
  4. 20-21-октябрь 2023-ж. – Торт-Гул а/ө - Ак-Турпак айылы –№12 ҮДТ

Кошумча медициналык текшерүүнү же болбосо адистердин кеп-кеңешин талап кылган оорулар аныкталган учурда, дарыгерлер адистештирилген дарылоо мекемелерине жолдомо беришет. Ошондой эле көчмө клиниканын ишинин жыйынтыгы боюнча натыйжалар андан ары байкоо жүргүзүү жана бейтаптарды кароо үчүн жер-жерлердеги саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине берилет. 

Долбоордун иш-чараларын «Үй-бүлөнү пландоо кыргыз альянсы» коомдук уюму Эл аралык өнүктүрүү үчүн Улуу Британиянын Өкмөтүнүн жана Кыргызстандагы БУУнун Калк жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) каржылык колдоосу астында ишке ашырып жатат. 

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

16.05.2024
Бишкекте Европалык иммунизация жумалыгынын жыйынтыгы чыгарылды

15-майда Бишкекте 2024-жылдагы Европалык эмдөө жумалыгынын жыйынтыгын талкуулаган жыйын өттү. Быйыл эмдөө жумалыгы «Муундарды коргойбуз» деген ураан астында бардык курактагы адамдарды пландуу эмдөө менен камтуунун жогорку деңгээлин сактоо максатында уюштурулду.

Иш-чарага КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасында калкты пландуу эмдөөнүн аркасында 19 жашка чейинки курактагылар арасында кептөөр, селейме, кургак учук менингити, В вирустук гепатити катталган эмес; 1993-жылдан бери полиомиелиттен эркин өлкө статусу бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору эмдөө жумалыгынын калк үчүн мааниси жана эмдөө менен камтуу боюнча маалыматтарга токтолду. Алсак, бир жума ичинде Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календары боюнча 54 362 адам кошумча эмдөө алды. Эмдөө стационардык пункттарда жана мобилдик бригадалардын жардамы менен жүргүзүлдү. Гүлбара Ишенапысова ошондой эле калкты маалымдоодо медицина кызматкерлеринин салымын белгиледи, мында эмдөө менен камтууну жогорулатуудагы негизги максат ар бир бала вакцина менен алдын ала турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укугу бар деген маалыматты жайылтуу болуп саналат.

Мындан тышкары, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен иштелип жана басылып чыккан бардык денгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери үчүн арналган “Иммунопрофилактика боюнча чөнтөк колдонмо” көрсөтүлдү.

15.05.2024
Ысык-Көл облусунун жалпы дарыгерлик практика борборуна тез жардам унаасы тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 15-майында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында тез жардам пунктунун ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды.

           Министр өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына жети тез жардам унаасы өткөрүлүп берилгендигин, анын бири Тамчы айылындагы Тез жардам көрсөтүү пунктуна өткөрүлүп берилгендигин белгиледи.

             «Бүгүн биз Тамчы айылдык тез жардам борборуна тез жардам унаасынын ачкычын тапшырып жатабыз. Бул Ысык-Көл облусунун тургундарына тез жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы олуттуу кадам болуп саналат. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

15.05.2024
Тамчы айылында Тез жардам пункту ачылды

2024-жылдын 15-майында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында тез медициналык жардам көрсөтүү пунктунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чара КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кувейт Ас-Сафа фондунун негиздөөчүсү, шейх Мухаммад Абдурахман Алшая, Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраеванын, ошондой эле Ысык-Көл областынын Жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү. Тез медициналык жардам пунктунун курулушу толугу менен «Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 38,5 млн сомду түздү.

Тамчы айылындагы 2 кабаттуу Тез медициналык жардам пунктунун имаратында жалпы аянты 476 м2 болгон күндүзгү стационар, операция, реанимация, дарылоо, стерилизация бөлмөлөрү жана башкалар камтылган. Көчмө рентген аппараты, УЗИ жана башка керектүү медициналык жабдуулар бар. Ошондой эле кызматкерлердин жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулган. Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө Тамчы айылында тез медициналык жардам пункту ачылып жатканы өтө маанилүү экенин белгиледи. Анткени Ысык-Көлгө келген көптөгөн туристтер ар кандай медициналык өзгөчө кырдаалдарга, анын ичинде травма, курч кармаган оору жана башка медициналык өзгөчө кырдаалдарга дуушар болушу мүмкүн. Мындай пункттун болушу калкка жана конокторго тез жана натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүү менен бирге алардын коопсуздугуна жана ден соолугуна да салым кошот. Министр Кувейт «Ас-Сафа» Фондунун негиздөөчүсү шейх Мухаммад Абдурахман Альшаяга саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири – саламаттык сактоо тармагы. 2015-жылдан бери бирикме тарабынан 70ке жакын фельдшердик-акушердик пункт, балдар онкологиясы, лор, гематология бөлүмдөрү, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун консультациялык бөлүмү, аймактарда 4 төрөт үйү курулуп, пайдаланууга берилген. Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда гемодиализ борборунун курулушу жүрүп жатат, ал эми бир күн мурун Токмок шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун патология менен төрөлгөн балдар үчүн бөлүм ачылды.