Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Министрликтин ички резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

20.06.2022 / Просмотров: 1804

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык Министрликтин ички резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт:

 

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

 

Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

 

2) "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

 

3) "Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

4) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

5) "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

 

 

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

 

2) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

 

 

Улук административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

 

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

 

- жогорку билим: "саламаттык сактоо",

 

 

2. Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

 

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес эмгек стажы.

 

3. Кесиптик компетенциялар:

 

Билим:

 

 

 

1) "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

 

2) "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

3) "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

4) "Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;

 

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №249 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобо.

 

 

 

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

 

- компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

 

 

 

Көндүмдөр:

 

- Статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматты иштеп чыгуу.

 

- Тест, графикалык жана электрондук жадыбал редакторлору менен иштөө.

 

- Файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү).

 

- Тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу.

 

- Дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивдөө).

 

- Компьютерде жана социалдык тармактарда иштөө: издөө, маалымат алмашуу жана сактоо) (Интернет, электрондук почта ж.б.):

 

- Электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.

 

- Ар кандай браузерлер менен иштөө.

 

- Оргтехника менен иштей билүү

 

- Көчүрмө аппараттар.

 

- Принтер.

 

- Сканер.

 

- Проектор же интерактивдүү доска.

 

- Факс.

 

 

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

 

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билими: "саламаттык сактоо"; «Педагогикалык билим берүү» багыты боюнча филологиялык, педагогикалык билим; «гуманитардык илимдер» филология лингвистика, аймак таануу, юридикалык багыттары боюнча; «Экономика жана менеджмент» Экономика, логистика, Финансы жана кредит, Бухгалтердик эсеп, Анализ жана аудит, Менеджмент, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттары боюнча;

 

- мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуудан өткөндүгү жөнүндө сертификаттын болушу (айрым кызматтар үчүн).

 

2. эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

 

- иш тажрыйбасына талап коюлбайт.

 

 

3. Кесиптик компетенциялар:

 

Билим:

 

 

 

1) "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

2) "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №249 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобо.

 

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

 

- компьютерди жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

 

 

 

Көндүмдөр:

- Статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматты иштеп чыгуу.

 

- Тест, графикалык жана электрондук жадыбал редакторлору менен иштөө.

 

- Файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү).

 

- Тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу.

 

- Дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивдөө) жөнүндө.

 

- Компьютерде жана социалдык тармактарда иштөө: издөө, маалымат алмашуу жана сактоо) (Интернет, электрондук почта ж.б.):

 

- Электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.

 

- Ар кандай браузерлер менен иштөө.

 

- Оргтехника менен иштей билүү

 

- Көчүрмө машиналар.

 

- Принтер.

 

- Сканер.

 

- Проектор же интерактивдүү доска.

 

- Факс.

 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

 

- жеке арыз;

- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

- аскердик билеттин көчүрмөсү;

- паспорттун көчүрмөсү.

 

 

 

Бардык документтер Делого тиркелип, министрликтин www.med.kg сайтында жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде (2022-жыл 29-июнга чейин) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кадрлар жана медициналык билим берүү башкармалыгына тапшырылууга тийиш. 

 

Сурап ​​билуу телефону: +996 312 660548.

 

Эскертүү: Талаптарга жооп берген катышуучулар сынакка катышууга чакырылат. Байланыш телефон номерлери жана электрондук почталар көрсөтүлүшү керек.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

06.05.2024
Ош шаарында 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 6-майда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында шаардын жана облустун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депуты Айбек Маткеримов катышты.

Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. “Калктын саламаттыгын сактоо – 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын маанилүү артыкчылыктарынын бири”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев. Министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго саламаттык сактоо тармагына, тактап айтканда, Ош шаарындагы жаңы аймактык оорукананын курулушуна ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Жалпы аянты 6633,5 м2 болгон 300 орундуу оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмү, ашкана, кир жуучу жай, кампа жай жана башкалар уюштурулат.

06.05.2024
Кыргызстандагы эмдөө: таржымалы

Кыргыз Республикасынын аймагында эмдөөнүн тарыхы совет доорунан башталат. 

Биринчи эмдөө – алгачкы жеңиш 

Чечек оорусуна каршы биринчи эмдөө 1931-жылы чоң ата, чоң энелерибизге жасалган. Ошол жылы эмдөө абдан жигердүү өткөн. Беш жылдын ичинде Кыргыз ССРинин аймагында чечектин таралышын дээрлик токтотуп калууга мүмкүн болгон. 

Ошол маалда көчмө медициналык кербендер калк арасында өтө таанылып калган. Дарыгерлер оорулууларды дарылап, эмдөөдөн өткөрүп, балдарга жана кары-картаңдарга кам көрүү багытында кеңештери менен жардам берип келишкен. Бул көчмө дарыгерлердин жардамы баа жеткис болду. 

1940-жылы чечек, холера жана кара тумоо оорулары биротоло жок болуп, аталыштары тарыхта гана калды. 1926-жылга салыштырмалуу көз жумгандардын саны эки эсе азайган – совет бийлиги мындай көрсөткүчкө анын ичинде эмдөөнүн жардамы менен да жете алды. 

Алга жана алга! 

Убакыт өтүп, эмдөөлөрдүн советтик календары да түзүлгөн. 70-жылдардын башында СССРдин жашоочулары кургак учук, полиомиелит, чечек, кептөөр (дифтерия) өңдүү бир кыйла жугуштуу ооруларга каршы эмделген. 

Полиомиелитти жеңүү – эмдөөнүн тарыхында эсте калаарлык окуялардын бири. Бул оорунун атайын дарылоо ыкмасы жок, аны алдын-алууга гана болот. Полиомиелит дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген балдарды майып кылып келген оору. 1952-жылы америкалык дарыгер полиомиелитке каршы вакцинаны жасаган. Ошентип, АКШда жана Европада оорудан азап чеккендердин саны кескин азая баштаган. Өз кезегинде, 1988-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) дүйнө жүзү боюнча полиомиелитти жок кылуу боюнча программасы башталганын жарыялаган. Жыйынтыгында 1994-жылы АКШ, 2000-жылы Кытай, Жапония жана Түштүк Корея, 2002-жылы Европа жана 2004-жылы Түштүк-Чыгыш Азия полиомиелит оорусунан эркин деп аталды. 

Кыргызстанда полиомиелит 1993-жылдан бери каттала электигин, ал эми 2002-жылдан бери республика полиомиелиттен эркин өлкө статусуна ээ болгонун белгилей кетели. 

Кептөөр (дифтерия) – адамдын өмүрүн алган өтө катуу оору да акыры жеңилди. Бул оору Кыргызстанда 20 жылдан бери каттала элек. Буга 1994-1995-жылдары калк жапырт эмдөөдөн өтүп, натыйжада жамааттык иммунитет пайда болгону себеп. 

Эмдөө бир орунда турган жок  

Кыргыз Республикасынын Эмдөөлөр календарында бүгүнкү күндө да жаңы белгилер пайда болууда. 

В вирустук гепатитине каршы биринчи вакцина 40 жыл мурда чыккан. 2000-жылы Кыргызстанда балдар В вирустук гепатитине каршы жапырт эмдөөдөн өтө баштагандан кийин балдар арасында бул ооруга кабылгандардын саны кескин төмөндөгөн, муну эпидемиологиялык көзөмөлдүн маалыматтары да тастыктайт. 

Кыргыз Республикасында калкты пландуу эмдөөнүн натыйжасында жаңы төрөлгөн ымыркайларда вакцина менен башкарылуучу кептөөр, селейме, кургак учук менингити, ал эми 19 жашка чейинкилердин арасында В вирустук гепатити катталбай калды. 

2019-жылы ДСУ Кыргызстанды кызылча оорусунан эркин өлкө деп тааныган. Акыркы жылдары ГАВИнин, ДСУнун жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстандын Улуттук эмдөөлөр календарына бир нече вакциналар киргизилди. Мисалы, 2016-жылы пневмококк вакцинасы, 2018-жылы полиомиелитке каршы инактивацияланган вакцина, 2019-жылы ротавируска каршы вакцина киргизилген. 

2022-жылдан бери Кыргызстанда 11-14 жаштагы кыздар адамдын папиллома вирусуна каршы эмделип келатат. Бул келечекте эне болчу кыздарды жатын моюнчасынын рагынан коргоп калууга мүмкүндүк берген вакцина. 

Прогресс илгерилеген сайын биз балдарыбызды дагы башка көптөгөн жугуштуу оорулардан коргой алабыз. 

Маалымат үчүн: Кыргызстанда Европалык эмдөө жумалыгы (ЕЭЖ) өтүп жатат. Өнөктүк жыл сайын ДСУнун Европа чөлкөмүндө өткөрүлүп келет. Өнөктүк оорулардын алдын алып, адамдардын өмүрүн коргоп калуу үчүн зор мааниге ээ болгон эмдөөнү кеңири таанытууга багытталган. 

ЕЭЖ биринчи жолу 2005-жылы өтүп, ага чөлкөмдөгү бир нече гана өлкө катышкан. Ар бир бала вакцина менен алдын алууга боло турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укуктуу деген маалыматты жайылтуу менен эмдөөнү мүмкүн болушунча көбүрөөк адамга жеткирүү – бул демилгенин максаты. 

ЕЭЖ бир заматта чөлкөмдөгү коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү таанымал өнөктүктөрдүн бирине айланып, ушул тапта ДСУнун жана ЮНИСЕФтин долбоорунун колдоосу менен Кыргызстанда да ишке ашырылып жатат.
 

06.05.2024
Министр ОшМУнун медициналык клиникасы менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 6-майында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУнун медициналык клиникасында болду. Клиникадагы боор алмаштыруу операцияларын жасоого түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, клиниканын дарыгерлери менен жолугушту. 

Медициналык клиникада трансплантоло́гия бөлүмү ачылып, боор алмаштыруу операцияларын жосоого керектелүүчү эмеректер, медициналык жабдыктар менен толукталууда. 

Клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат. Учурда боор алмашытырууга муктаж болгон бейтаптар кайрылып, дарыгерлерден кеп-кенештерин алууда. Алгачкы беш бейтапты опреацияга даярдоо иштери жүрүп жатат. Май айынын аягында алгачкы опреациялардын жасалуусу күтүлүүдө.