Copyright: ©

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылы аткарган ишинин жыйынтыгы

14.12.2023 / Просмотров: 4004

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өз ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылга иш планынын, ошондой эле 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү программасынын «Дени сак адам – өнүккөн өлкө” негизинде алып барды.

Белгилүү болгондой, быйыл биздин эки негизги жана маанилүү мыйзам долбоорлорубуз КР Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылды, булар “Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө” жана “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамдары.

2023-жылдын 11 айында саламаттык сактоо тармагынын (ССМ жана ММКФ) бюджетинин аткарылышы 31 507,4 млн сомду түздү, бул быйылкы жыл үчүн такталган бюджеттин суммасынын 78,9%ын түзөт. 2023-жылга саламаттык сактоонун жаңыланган консолидацияланган бюджети 39 931,9 млн сомду (2022-ж. – 38539,9 млн. сом) же (ИДПга карата 3,7%) түзөт. Калктын башына саламаттык сактоого чыгаша 5043,7 сомду түздү (2022-ж. – 4445).

Министрликтин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири эненин жана баланын ден соолугун коргоо болуп саналат. 2023-жылдын 9 айынын оперативдүү маалыматтары боюнча энелердин өлүмү – 25,0 азайган же 27 учурду түзүп 20,2%га кыскарган (31,3 же 34 учур – 2022); ымыркайлардын өлүмү былтыркы жылдын көрсөткүчүндө кармалып турат – 14,2 (14,2 – 2022).

Балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу максатында октябрь айынан бери Бишкек шаарынын Үй бүлөлүк медицина борборлорунда 4 балдар амбулаториясы уюштурулган. Ош шаарында Ош облустар аралык бириккен балдар ооруканасынын клиникалык диагностикалык бөлүмүн балдарды кабыл алуу үчүн кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, 2024-жылдын башында Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын имаратында дагы бир балдар клиникасы ачылат. Учурда имаратта оңдоо иштери жүрүп жатат.

Эгерде республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого көнүл бура турган болсок, айта кетсек өткөн жумада 107 даана автотранспорт берилди. 47 тез жардам жана 60 санитардык автотранспорт. Келерки жылы автоунааларга болгон муктаждыкты толугу менен жоюу пландалууда.

2023-жылдагы Саламаттык сактоо мекемелерин куруу жана капиталдык оңдоо (бюджет)

Республикалык бюджеттин эсебинен курууга «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 20 саламаттык сактоо объектиси планга киргизилген (2023-жылдын 19-ноябрына карата ыкчам маалымат). 2023-жылга пландаштырылган каржылоо көлөмү 141 901,7 миң сом болсо, учурда каржылоонун көлөмү 139 901,7 миң сомду түзөт.

Ошондой эле, «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча капиталдык оңдоого муктаж 11 саламаттык сактоо объектилери республикалык бюджеттен каржыланууда (2023-жылдын 19-ноябрына карата оперативдүү маалымат). 2023-жылга пландаштырылган каржылоо көлөмү 58308,9 миң сом болсо, учурда каржылоонун көлөмү 58508,9 миң сомду түзөт.

Бюджеттик каражаттардан тышкары, демөөрчүлүк жана башка каражаттардын эсебинен 2022-2023-жылдары республика боюнча 105 объектинин курулушу жүрүп жатат (оорукана имараттары, фельдшердик-акушердик пункттар, ҮДТ).

Мисалга, ири курулуш долбоорлорун атай кетсек:

• Сауд өнүктүрүү фонду (СӨФ) аркылуу балдар ооруканасы үчүн жаңы хирургиялык имараттын курулушу пландалгандай жүрүп жатат. Балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 2022-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун катышуусу менен Бишкек шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратына капсула салынган. Жаңы имаратта 212 керебет жана 8 операциялык бөлүм болот: шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, көкүрөк хирургиясы жана башкалар. Ошондой эле имаратта радиология, проктология, реанимация, токсикология, неонаталдык реанимация, урология, травматология, морфологиялык кабинет, лабораториялык блок жана башка бөлүмдөрдү жайгаштыруу пландалууда.

• Немис өнүктүрүү банкы каржылаган (KfW) Бишкек шаарындагы жаны перинаталдык борборунун курулушу аяктады. 2023-жылдын 10-ноябрында Ишке киргизүү актысы жана техникалык паспорт алынды. Медициналык эмес жабдууларды жана эмеректерди жеткирүү аяктап, монтаждоо жана орнотуу иштери жүрүп жатат. Айрым медициналык жабдууларды алып келүү боюнча келишимдер түзүлдү. Дагы бир бөлүгүнө медициналык жабдууларды сатып алуу боюнча кайрадан тендер жарыяланды, келишимдерди түзүү пландалууда.

  • Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында Токтогул, Ала-Бука жана Баткен шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда, Араван, Аксы, Ак-Талаа райондорунун санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдөрүндө  7 вакцина сактоочу кампаларынын курулушу аяктап жатат. Республиканын 5 аймагында вакциналарды сактоочу кампаларды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

 

Быйылкы жылы биздин өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосунун аркасында жогорку технологиялык медициналык жабдуулар сатылып алынды:

 

  • Мамлекеттик санэпидем көзөмөл департаментине трансплантология боюнча изилдөө жүргүзүү үчүн лабораториялык жабдуулар сатылып алынды, бул органдарды трансплантациялоо учурунда ткандардын шайкештигин изилдөөгө мүмкүндүк берет. Бул үчүн бюджеттен 21 миллион сом бөлүнгөн.

 

• Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоору аркылуу Улуттук госпиталга жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна эки МРТ аппараты сатылып алынды, Улуттук госпиталга ангиографиялык аппарат орнотулду, ошондой эле келерки жылы Улуттук кардиология жана терапия борборунда ушул сыяктуу ангиографты орнотуу пландаштырылууда. Белгилей кетсек, бул долбоордун алкагында 2022-жылы беш аймактык ооруканага КТ аппараттары орнотулду.

Республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын реанимация бөлүмдөрүнө 15 гемодиализдик аппарат сатылып алынган жана орнотулган.

 

• «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында КТ аппараттарын орнотуу» МЖӨ долбоорунун алкагында райондук ооруканаларга КТ аппараттары орнотулууда. Буга чейин 4 КТ борборлору ачылган: Республикалык диагностикалык борбордо (2023-жылдын 24-марты), экинчиси – Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам клиникалык ооруканасында (25-май, 2023-жыл), ошондой эле Балыкчы шаарынын жана Кадамжай районунун Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда ачылган. Калган 2 КТ борбору (Өзгөн районундагы жана Токтогул районундагы ЖДПБ) 2024-жылдын биринчи кварталынын аягына чейин ачылат. Ошондой эле, МЖӨ алкагында 2024-жылы ишке ашыруу үчүн эки долбоор даярдалып жатат - Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында дистанциялык литотрипсия аппараттарын орнотуу жана МРТ борборун уюштуруу.

 

• ЮНИСЕФ жаңы төрөлгөн ымыркайларды аудиологиялык текшерүү үчүн 24 аппарат берди.

 

• Япония Өкмөтүнүн долбоорлору боюнча Улуттук кардиология жана терапия борборуна МРТ аппараты жана Улуттук госпитал үчүн КТ аппараты сатылып алынган. Учурда ишке киргизүү иштери жүрүп жатат. МРТ жана КТ аппараттарын сатып алуудан үнөмдөлгөн каражатка 1 рентген аппараты жана 1 УЗИ аппараты алынып, Улуттук кардиология жана терапия борборуна  берилди.

 

Белгилүү болгондой, калктын дары-дармек менен камсыз болушун жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдында «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому даярдалган.  2023-жылдын 19-майында 30 миллион сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүнгөн. Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын 22-июнунда дары-дармек сатып алууга 1 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

 

Бүгүнкү күндө сатып алуулардын жалпы көлөмү 700 миллион сомдон ашык. Мисалы: жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар үчүн 10 миллион сомго стент, 250 миллион сомдон ашык суммага онкологиялык дары-дармектер сатылып алынган; 8 миллион сомго 100 эндопротез сатылып алынды, кант диабети менен ооруган бейтаптар үчүн инсулиндин толук көлөмү, органы трансплантацияланган бейтаптар үчүн ишканага бөлүнгөн керектүү иммуносупрессанттардын бардык көлөмү сатылып алынды. Экономикалык эффект 227 миллион сомго жакын каражатты түздү, анын ичинен таза үнөм 150 миллионго жакын сомду түзүп, ага саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга мүмкүнчүлүк алды. Бул көлөмгө кошумча дары-дармектер жана медициналык буюмдар буга чейин эле заказ кылынган.

Мындан тышкары, Мамлекеттик ишкананын алдында мамлекеттик дарыканаларды уюштуруу бөлүмү ачылып, бүгүнкү күндө республика боюнча 50 «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ийгиликтүү иштеп жатат.

 

Министрлер Кабинетинин 09.02.2023-жылдагы «Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында, Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти этаптуу ишке киргизүү Планын жана байкоо жүргүзүүгө тийиш болгон дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитти. Жогорудагы жобого ылайык, байкоо жүргүзүү системасы 4 этапта ишке ашырылууда. Дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды маркировкалоо боюнча бардык иштер 2024-жылдын июлуна чейин бүтүшү керек.

2023-жылдын 1-декабрына карата байкоо жүргүзүү системасында 228 саламаттыкты сактоо уюму жана 981 дарыкана иштейт. 907 790 таңгактан ашык 187 дары-дармектердин аталышына байкоо жүргүзүлүүдө.

 

Мамлекеттик башкарууну санариптештирүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйруктарын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан саламаттык сактоо тармагында маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча иштерди жүргүзүлдү, анын ичинде:

1) жыл башынан бери амбулатордук саламаттык сактоо уюмдары үчүн “Бейтаптын санариптик медициналык картасы” системасы иштелип чыкты жана ишке киргизилди.

9 миң медицина кызматкери система менен иштөөгө үйрөтүлүп, 431 миң кайрылуу катталып, 9339 эсептик жазуу ачылган.

2) 2023-жылдын 11-декабрынан тартып стационардык саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн “Бейтаптын санариптик медициналык картасы” маалыматтык системасын киргизүү башталды.

3) Ар бир кыргызстандык өзүнүн медициналык маалыматынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган санариптик ден соолук профилине мүмкүндүк алды. Ушул жылдын декабрь айында ата-энелер балдарынын ден соолугу боюнча маалыматка мүмкүндүк алышты. Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы жана Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу медициналык маалыматтарды берүү транзакцияларынын саны боюнча рекорддук көрсөткүч (7 миллиондон ашык транзакция) катталган.

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу боюнча иш алып барууда

2023-жылдын башынан бери саламаттык сактоо уюмдарындагы коррупциянын белгилери боюнча 7 даттануу каралып, анын ичинен 5 учурда фактылар тастыкталган, анын ичинен 3 кызматкер өз каалоосу менен иштен кеткен, 2 иш укук коргоо органдарына өткөзүлүп берилген, 2 иш боюнча фактылар тастыкталган жок. Коррупция боюнча 4 арыз КР прокуратурасына түз өткөрүлүп берилген, 1 факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 2023-жылы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине карата 9 кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын ичинен 2 иш прокуратурага өткөрүлүп берилген. Ошондой эле, 2023-жылы негизинен өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн 27 мекеме жетекчилерине дисциплинардык жазалар колдонулган.

 

Вирустук гепатиттин түйшүгүн эске алуу менен 2023-жылы бул ооруларды экспресс-текшерүү, эмдөө жана дарылоо боюнча акысыз медициналык кызмат көрсөтүү программасы ишке киргизилип, ага мамлекеттик бюджеттен 276 млн сом бөлүнүп, анын ичинен 144 млн 987 миң 478 сому өздөштүрүлгөн. В гепатитин алдын алуу үчүн КМШ өлкөлөрүндө биринчилерден болуп гепатиттин В оорусуна чалдыгуу жана өлүмдү азайтуу максатында бойго жеткен калкты (23-65 жаш) 3 эселенген эмдөө өнөктүгү жүргүзүлүүдө. Биринчи дозаны 161 миң адам, экинчи дозасын - 123 600 адам алды, ал эми үчүнчү дозасын 39 500 адам алышты. 467 миңден ашык адам В жана С гепатитине скринингден өтүштү, анын ичинен 8 493 адамда (3,63%) В гепатити жана 3876 адамда (1,67%) С гепатити аныкталды. Акысыз дарылоо С гепатити менен ооруган 1142 бейтапка жана В гепатити менен ооруган 2548 бейтапка көрсөтүлдү.

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

18.05.2024
Бишкекте жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча VII эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында, Бишкек шаарында маанилүү юбилей - академик Иса Коноевич Ахунбаев жасаган Борбордук Азиядагы алгачкы жүрөк операциясынын 65 жылдыгына арналган жыл сайын өтүүчү VII Эл аралык илимий-практикалык конференция ишин баштады.

Конференция Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуучуларга жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген конокторго амандашуу сөзү менен ачылды.

Министр өз сөзүндө көрүнүктүү академик, хирург жана таланттуу дарыгер – Иса Коноевич Ахунбаевге терең ыраазычылык билдирди, анын эмгеги аймактагы медицина тармагындагы көптөгөн жетишкендиктерге башат болгон. Бул конференция тажрыйба жана билим алмашууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, биз кесиптештердин идеяларынан шыктанып, илимий жана практикалык билимибизди тереңдетип, адамдардын ден соолугун жана жашоосун жакшыртуу үчүн жаңы чечимдерди жана технологияларды издөөдө бириге турган жайга айланат.

Талкуунун негизги темалары жаңы технологияларды, дарылоо жана диагностикалык методдорду, ошондой эле келечекте медицинаны өнүктүрүүнүн перспективаларын камтыды.

Мындан тышкары 19-майда Ысык-Көлдө салттуу веложүрүш жана Тору-Айгыр айылындагы И.К. Ахунбаевдин эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.

18.05.2024
Бишкектеги окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15  адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

18-майда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.


 

 

18.05.2024
Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унаалары тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Ысык-Көл жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу иш-чарасы болду. Автоунаалардын ачкычын КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.

 Министр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына жети тез жардам унаасын өткөрүп бергенин, анын бири мурда Тамчы айылындагы тез жардам пунктуна, дагы үч унаа Балыкчыдагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна, Боом капчыгайындагы тез жардам пунктуна жана Ысык-Көл районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна тапшырылып жатканын билдирди.

«Бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган тез медициналык жардам унааларынын тапшырылышы Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна тез медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жасалган олуттуу кадам болуп саналат. Саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткан  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдиребиз», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.