Кыргыз-түрк достугу ооруканасында 7-марттан 11-мартка чейин аялдар акысыз маммографиядан өтө алышат

07.03.2022 / Просмотров: 1376

Бүгүн, 2022-жылдын 7-мартында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата маммография акысыз жүргүзүлө турган Кыргыз-түрк достугунун ооруканасына барды. Өз сөзүндө министр Кыргызстандагы бардык аял затын келе жаткан майрамы менен куттуктап, ден соолук жана бакубатчылык каалады. Ошондой эле Түркия Республикасынын Өкмөтүнө республикабыздын саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. «Бул иш-чара Кыргызстанда рак ооруларынын  алдын алуу жана айымдарга медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында уюштурулган. Апта ичинде түркиялык жана кыргызстандык дарыгерлер биргеликте скрининг жана консультацияларды өткөрүшөт. Бул акыркы акция эмес, мындай иш-чаралар жыл бою өткөрүлөт”,-деп билдирди министр.

Текшерүүдөн 7-марттан 11-мартка чейин өтүүгө мүмкүн. Алдын ала катталуу үчүн 0997 650 000,  0312 650 000 номурларына чалсаңыздар болот.

Маалымат үчүн:                                                                                                                                    

 Көкүрөк рагы системалуу оору болуп саналат. Ал шишиктен түздөн-түз жабыркаган ткандарды гана жок кылбастан, бүтүндөй организмге терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, симптомдору жабыркаган орган менен гана  байланыштуу болбойт. Жалпы симптомдору  арыктоо,  организмдеги жалпы алсыздык.  Көпчүлүк учурда  оорунун белгилери  дароо билинбейт, ошол себептүү шишик алгачкы стадияда байкалбай калышы мүмкүн. Ошондуктан, сүт бездерин  маммография, УЗИ же MТР (оор учурларда) сыяктуу инструменталдык изилдөө чоң мааниге ээ. Орто жаштагы аялдар такай текшерилип турушу шарт. Көкүрөк рагы коркунучтуу залалдуу шишик болуп саналат.  Дарыланбаса, ал тез өсүп башка органдарга таасир этүүчү бутактарды таратат. Ошондуктан, өз убагында дарылануу абдан маанилүү болуп саналат, бул үчүн ооруну алгачкы этапта аныктоо зарыл.

 Эгерде сиз бул белгилердин бир же бир нечесин байкасаңыз, үй-бүлөлүк дарыгериңизге же жергиликтүү медайымга кайрылыңыз:

 • эмчектин өлчөмүнүн же формасынын өзгөрүүсү;

• көкүрөктө же колтукта бүдүр, катуу түйүн же коюулануу пайда болушу;

• үрптөгү карттанган же исиркектер менен капталган кычыштырган жара;

• алгачкы жолу, бир жердин туруктуу оорутушу;

• шишик, дене табынын көтөрүлүшү, теринин кызарышы же карарып калышы

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

30.04.2024
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери аяктады

Бүгүн, 2024-жылдын 30-апрелинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 3 кабаттуу корпусунун ачылышы болду.

Иш-чара министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева, Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева, РКЖООнун жетекчилиги жана жамаатынын катышуусунда өттү.

 Медициналык имараттын капиталдык ремонту Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоору аркылуу каржыланып, ага 72 миллион сом бөлүнгөн.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, 200 орунга эсептелген бул имарат 2023-жылдын июль айынан бери капиталдык ремонтко жабылган. Имарат 1989-жылы пайдаланууга берилген жана эксплуатацияга берилгенден бери эч кандай оңдоо же курулуш иштери (капиталдык оңдоо) жүргүзүлгөн эмес, оорукананын кызматкерлери тарабынан косметикалык оңдоо иштери гана жүргүзүлгөн.

Жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды дарылоодо бөлүмдөрдүн ишинин өзгөчөлүгүн эске алганда, дезинфекциялык каражаттар менен бат-баттан тазалоодон улам, өзгөчө COVID-19 пандемиясынын учурунда дубалдар жана шыптар сыйрылып, жарыла баштаган. Линолеум капталган полу шишип, эскирип, көпкө пайдаланылгандыктан имараттын инженердик системалары: суу, канализация, жылуулук, электр тармактары, вентиляция жана сантехникалык жабдууларын 100% алмаштырууга муктаждык бар эле», - деди башкы дарыгер.

3 кабаттуу имараттын эшиктерин, полдорун алмаштыруу, канализация, суу менен камсыздоо жана жылытуу системаларын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле электр чубалгыларын жана приборлорун алмаштыруу менен электрдик монтаждоо иштери жүргүзүлүп, палаталарга жаңы душ, сантехника орнотулду. Имаратта заманбап вентиляция системасы бар. Учурда имаратка эки лифт орнотулууда.

«Бул оорукана инфекциялык ооруга кабылгандарга медициналык жардам көрсөткөн республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын флагманы болуп саналат жана бул оорукананы өнүктүрүү, өркүндөтүү Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, өзгөчө COVID-19 пандемиясында дагы буга күбө болдук. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун колдоосу менен жугуштуу оорулар ооруканасынын капиталдык ремонту бейтаптарга сапаттуу жардам көрсөтүүгө, биздин кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Инфекциялык оорукананын өзүнүн спецификасы бар экенин билебиз, андыктан абаны тазалоодо жана сууну чыпкалоодо айлана-чөйрөгө эч кандай оору козгогуч кирбеши үчүн кылдат мамиле жасоо талап кылынган. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген, оңдоп-түзөөдөн өткөн имараттын ишке берилиши коркунучтуу жугуштуу ооруларга каршы натыйжалуу күрөштүн кепилдиги болот”, - деди министрдин орун басары, Бүбүжан Арыкбаева. 

 Курулуш-оңдоо иштеринин аякташына байланыштуу РКЖОО 2024-жылдын 1-майынан тартып 500 койка менен штаттык режимде ишин улантат жана калкка өз убагында, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө даяр.

 

 

27.04.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады:

 

Урматтуу кыргызстандыктар!
Өзүңүздөр билгендей Президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бөйрөктү өзүбүздөн алмаштыруу маселесин ишке ашырганбыз. 
Андан бери 10 чакты бейтаптын бөйрөгү алмашылды. Аларга кеткен чыгымын да мамлекет төлөп берди. Мындан ары дагы бөйрөк алмаштырам деген оорулууларыбызга мамлекет төлөп берет. Азыркы күндө 3 миңге жакын гемодиализде жаткан адамдарыбыз бар. 
Көпчүлүгү донор табылбай жатат дешүүдө. Донорлор табылса тез-тез алмаштырып берип гемодиализден чыгарып жиберсек жакшы болот эле. 
Боору ооругандар жана жилик чучугун (костный мозг) алмаштыруучулар үчүн президент “Операцияларды өзүбүздөн жасаганды ишке ашыргыла”,- деп тапшырма берди. 
Кудай буюрса майдын аягында биринчи жолу өзүбүздө боор жана жилик чучугун алмаштырууну пландап жатабыз. 15 кишини боор алмаштырууга даярдап жатабыз. 
Жилик чучугун алмаштырууга 4 кишини даярдап жатабыз. Бул операцияларды жасоого кеткен чыгымды дагы мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров өзүнүн демөөрчүлүк фондунан бөлүп берем деди. 
Тагыраагы бейтап донорду өзү табат. Операцияга кеткен чыгымды президент төлөп берет. 
Буга чейин боорду чет өлкөгө барып алмаштырып келишчү. Мисалы, Индияда боор алмаштырыш үчүн 55 миң доллар. Түркияда болсо 75-80 миң долларга чейин. Ал эми жилик чучугун алмаштырыш үчүн чет өлкөлөрдө 130 миңден 160 миң долларга чейин турат. 
Гемодиализде жаткан оорулуулардын туугандарына кайрылат элем: 
Колуңардан келсе жакындарыңарга бөйрөк боюнча донор болуп берүүңөрдү суранат элем.

26.04.2024
Төрөт үйлөрүндө бейтаптын электрондук картасын киргизүү

Sanarip MED санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделинин алкагында, өлкөнүн ооруканаларында санариптик чечимдерди киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

 

Ооруканалар үчүн башка саламаттык сактоо маалымат системалары менен интеграцияланган санариптик медициналык карта иштелип чыккан жана ишке киргизилген. Бул санариптик медкарта бейтаптар жана алардын стационардык саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медициналык абалы жөнүндө маалыматты камтыган кагаз жүзүндөгү медкартанын санарип формасы.

 

Бул бейтапка медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык этаптарын, анын ичинде кабыл алуу, диагностика, дарылоо жана байкоо жүргүзүүнү камтыган электрондук документ.

 

Модулдардын бири – Кыргыз Республикасында акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган төрөт жана төрөттөн кийинки жардамдын тарыхы. Төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде интра-наталдык жана постнаталдык жардам көрсөтүүнүн санариптик картасынын долбоору эненин жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын ден соолугун башкаруу максатында сапаттуу медициналык документация жүргүзүү үчүн иштелип чыккан.

 

Маалыматтарга тез жетүүнүн жана төрөттүн динамикасын автоматтык түрдө көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнүн аркасында көрсөтүлүүчү кызматтардын ачыктыгы жана сапаты жогорулайт. Бул клиникалык чечимдерде иш-аракеттердин алгоритмдерин деталдуу эсепке алууга мүмкүндүк берет жана чыгымдарды азайтууга жардам берет.

 

Бейтаптын санариптик медкартасынын жеткиликтүүгү, өзгөчө алыскы аймактардагы же жетүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн медициналык кызматкерлер менен байланышын жеңилдетет.

 

Кыргыз Республикасында бейтаптын санариптик медициналык картасын киргизүү жана колдонуу процессине көз салуу жана анын функцияларын жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарында медициналык персоналдын дараметин жогорулатуу боюнча тестирлөө башталды.

 

Учурда окутуу жана ишке ашыруу процесстери экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги беш акушердик уюмда, тактап айтканда, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында, Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасында, Ысык-Көл жана Чүй облустук бириккен ооруканаларында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда 2024-жылдын апрель жана май айларында жүрүп жатат.

 

Жогорудагы беш акушердик уюмдардын акушер-гинекологдору, акушеркалары, неонатологдору жана неонаталдык медайымдары бейтаптын санариптик медициналык картасын, анын ичинде акушердик жана неонаталдык бөлүктөрүн толтуруунун жана колдонуунун техникалык жана клиникалык аспектилери боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатууда.

 

Окутуу жана ишке ашыруу процесстери инновациялык чечимдер аркылуу алдын ала турган энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн жана оорууларын кыскартууга багытталган БУУнун Түштүк-Түштүк Кызматташтыгы долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоор КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылууда.