Copyright: ©

Кыргызстан глобалдык коркунучка каршы: Антибиотиктерге туруктуулуктун таралышы боюнча дүйнөдөгү биринчи пилоттук улуттук изилдөө

21.07.2023 / Просмотров: 1470

Микробго каршы дары-дармекке туруктуулук проблемасы өлкөлөрдүн саламаттыгына жана өнүгүүсүнө глобалдуу коркунуч болуп саналат. ДССУ антимикробдорго каршы дары-дармекке туруктуулук проблемасын калктын саламаттыгына коркунуч туудурган адамзаттын алдындагы 10 глобалдык коркунучтун бири деп атады.

2023-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде ДCСУнун техникалык гранттык колдоосу менен антибиотиктерге туруктуулуктун таралышы боюнча биринчи пилоттук улуттук изилдөө жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарын даярдоо боюнча семинар өткөрүлдү. Бул изилдөө дүйнөдө биринчи жолу жүргүзүлүүдө.

«Кыргыз Республикасында кан агымындагы бактериялык инфекциялардын микробго каршы туруктуулугунун (МКТ) таралышын биринчи улуттук изилдөө» долбоорунун алкагында стационардын деңгээлинде МКТнын таралышына эпидемиологиялык көзөмөл системасын уюштуруу реалдуу кырдаалга объективдүү баа берүү жана МКТны жайылтпай кармап туруу стратегиясын андан ары иштеп чыгуу, МКПны колдонуу тактикасын аныктоо, МКП менен рационалдуу жана натыйжалуу  дарылоону жүргүзүү, инфекцияны дары каражаттары менен дарылоодо МКПны негиздүү тандоо; ооруканаларда көп дарыга туруктуу микроорганизмдердин таралышын кармап турууда обочолоо жана чектөө чаралын жүргүзүү үчүн актуалдуу болуп саналат. Бул изилдөөнүн алкагында МКПга туруктуулуктун түзүмү жөнүндө маалыматтарды чогултуунун ишенимдүү системасын түзүү жана бул маалыматты клиникалык чечимдерди кабыл алуу жана саламаттыкты сактоонун тийиштүү саясатын иштеп чыгуу үчүн медицина кызматкерлерине берүү МКПны сарамжалдуу пайдаланууну жакшыртууга жана өлкөдө антибиотиктерге туруктуу инфекциялардын илдеттерин кыскартууга багытталган.

Бүгүнкү семинардын максаты – алдыдагы иштерди уюштуруу жана координациялоонун негизги приоритеттүү багыттарын түзүү, күтүлгөн натыйжаларга жетишүү үчүн ДССУ көрсөткөн техникалык колдоо менен бирге колдо бар ресурстарды баалоо, улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги мындан аркы кадамдарды аныктоо үчүн изилдөөнүн негизги максаттары, милдеттери жана мүнөздөмөлөрү менен бул изилдөөнү ишке ашырууга катышкан саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин тааныштыруу.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

18.05.2024
Бишкектеги окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15  адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

18-майда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.


 

 

18.05.2024
Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унаалары тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Ысык-Көл жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу иш-чарасы болду. Автоунаалардын ачкычын КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.

 Министр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына жети тез жардам унаасын өткөрүп бергенин, анын бири мурда Тамчы айылындагы тез жардам пунктуна, дагы үч унаа Балыкчыдагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна, Боом капчыгайындагы тез жардам пунктуна жана Ысык-Көл районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна тапшырылып жатканын билдирди.

«Бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган тез медициналык жардам унааларынын тапшырылышы Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна тез медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жасалган олуттуу кадам болуп саналат. Саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткан  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдиребиз», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

18.05.2024
Бишкекте жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча VII эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында, Бишкек шаарында маанилүү юбилей - академик Иса Коноевич Ахунбаев жасаган Борбордук Азиядагы алгачкы жүрөк операциясынын 65 жылдыгына арналган жыл сайын өтүүчү VII Эл аралык илимий-практикалык конференция ишин баштады.

Конференция Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуучуларга жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген конокторго амандашуу сөзү менен ачылды.

Министр өз сөзүндө көрүнүктүү академик, хирург жана таланттуу дарыгер – Иса Коноевич Ахунбаевге терең ыраазычылык билдирди, анын эмгеги аймактагы медицина тармагындагы көптөгөн жетишкендиктерге башат болгон. Бул конференция тажрыйба жана билим алмашууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, биз кесиптештердин идеяларынан шыктанып, илимий жана практикалык билимибизди тереңдетип, адамдардын ден соолугун жана жашоосун жакшыртуу үчүн жаңы чечимдерди жана технологияларды издөөдө бириге турган жайга айланат.

Талкуунун негизги темалары жаңы технологияларды, дарылоо жана диагностикалык методдорду, ошондой эле келечекте медицинаны өнүктүрүүнүн перспективаларын камтыды.

Мындан тышкары 19-майда Ысык-Көлдө салттуу веложүрүш жана Тору-Айгыр айылындагы И.К. Ахунбаевдин эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.