Кырктан ашык мамлекеттик лаборатория санариптик форматка өттү
19.04.2022 / Просмотров: 1827
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Санарип MED программасынын жана бекитилген санариптик саламаттыкты өнүктүрүүнүн максаттуу моделинин алкагында лабораториялар үчүн - ILab интеграцияланган маалыматтык системасын мурда иштеп чыккан жана санариптик чечимди ишке ашырууда.
Маалыматтык системага кошулган лабораториялардын тизмеси өсүүдө, алсак, 18-апрелге карата 43 лаборатория кошулуп, 32 миңден ашык жазуулар киргизилген. Жарандар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин https://ilab.med.kg/ порталы аркылуу өздөрүнүн лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын онлайн ала алышат, бул кыйыр финансылык ресурстарды жана кызмат алуучулардын убактысын үнөмдөйт.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын алуу үчүн https://ilab.med.kg/ шилтемеси аркылуу өтүп, андан соң "Анализдердин натыйжалары" дегенди тандап, PIN, паспорттун серия жана номерин толтуруңуз, андан кийин сиз лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгын QR код менен корголгон pdf форматында жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Ошондой эле лабораториялык маалыматтык системаны «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы менен интеграциялоо боюнча иштер жүрүп жатат, ал үчүн кызмат алуучулар каалаган Калкты тейлөө борборлорунан электрондук цифралык кол тамганы алышы керек.
Лабораториялардын тизмеси:
1. Баткен шаардык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
2. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти
3. Темир жол ооруканасы
4. Улуттук госпиталдын клиникалык-диагностикалык лабораториясы
5. Бишкек шаардык студенттердин бейтапканасы
6. Республикалык «СПИД» борбору
7. Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борбору
8. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору
9. №1 Үй-бүлөлүк медицина борбору
10. №2 Үй-бүлөлүк медицина борбору
11. №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору
12. №4 Үй-бүлөлүк медицина борбору
13. № 5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору
14. №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору
15. №7 Үй-бүлөлүк медицина борбору
16. №8 Үй-бүлөлүк медицина борбору
17. № 9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору
18. №10 Үй-бүлөлүк медицина борбору
19. №11 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору
20. №12 Үй-бүлөлүк медицина борбору
21. №13 Үй-бүлөлүк медицина борбору
22. №14 Үй-бүлөлүк медицина борбору
23. №15 Үй-бүлөлүк медицина борбору
24. №16 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору
25. №17 Үй-бүлөлүк медицина борбору
26. №18 Үй-бүлөлүк медицина борбору
27. Жалал-Абад шаардык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
28. Ысык-Ата райондор аралык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
29. Сокулук райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Жайыл бөлүмү.
30. Каракол райондор аралык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
31. Каракол шаардык чумага каршы бөлүмү
32. Нарын шаардык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
33. Ош шаардык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
34. Ош шаардык чумага каршы бөлүмү
35. Талас райондор аралык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
36. Ысык-Көл райондор аралык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
37. Каракол райондор аралык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл боюнча борборунун Ак-Суу бөлүмү
38. Жети-Өгүз райондор аралык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
39. Сокулук райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.
40. Сокулук Жалпы дарыгерлик практика борбору
41. Сүлүктү шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борбору
42. Тоң райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору
43. Каракол райондор аралык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Түп бөлүмү.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
04.10.2024
Саламаттык сактоо министри Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты
2024-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Талас облусуна келди. Иш сапардын алкагында министр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев менен бирге Көпүр-Базар айылындагы оорукананын жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Жаңы медициналык мекеменин курулушуна республикалык бюджеттен 98 миллион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2024-жылдын июнь айында башталып, бүтүрүү кийинки жылга пландаштырылган. Жаңы ооруканада төрөт бөлүмү жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашып, айыл тургундарына жана жакын жайгашкан калктуу конуштардын жашоочуларына керектүү медициналык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Саламаттыкты сактоо министри белгилегендей, курулуш иштери аяктагандан кийин оорукана бардык керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалат. «Алыскы калктуу конуштарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн маанилүүлүгүн эске алып, төрөт бөлүмү төрөт учурундагы аялдарга жана кош бойлуу аялдарга сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтөт, ал эми калкка баштапкы деңгээлдеги бардык зарыл медициналык кызматтар көрсөтүлөт”, – деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев да республиканын алыскы аймактарына оорукана куруунун маанилүүлүгүн белгиледи: «Калктын саламаттыгына кам көрүү айылдардан башталышы керек».
04.10.2024
Кореялык офтальмологдор Чүй облусунун Жайыл районунун тургундарын бекер текшерүүдөн өткөрүп, операция жасашты
2024-жылдын 30-сентябрынан 4-октябрына чейин Чүй облусунун Жайыл районунда «Vision Eye Camp Kyrgyzstan» компаниясы тарабынан уюштурулган медициналык кайрымдуулук акциясы болуп өттү. Түштүк Кореядан текшерүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүү үчүн 22 адис, анын ичинде үч офтальмолог-хирург келген.
Акциянын негизги максаты Чүй облусунун Жайыл районунун жана ага жакын аймактардын тургундарына офтальмология тармагында медициналык жардам көрсөтүү болду.
Адистер 600 бейтапты текшерип, анын ичинен 97 бейтапка катарактага операция жасалат. Ошондой эле акциянын алкагында бейтаптарга 500гө жакын көз айнек жана тамчылаткычтар бекер таратылды.
04.10.2024
Талас районунун №6 “Ак-Сай” Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасы тапшырылды
Бүгүн, 2024-жылдын 4-октябрында Талас районунун №6 «Ак-Сай» Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасы тапшырылды. Бул унааны ишкер Думан Рыскулов демөөрчүлүк катары белекке берген.
Тез жардам унаасы Манас айылынын тургундарына тез медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүнү камсыздайт. Жаңы транспорт керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган, бул медициналык кызматкерлерге чакырууларга эффективдүү жооп берүүгө жана адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет.