Copyright: ©

Улуттук фтизиатрия борборунда компьютердик томография кабинети ачылды

18.01.2024 / Просмотров: 5212

Бүгүн, 2024-жылдын 18-январында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда КТ диагностикалык кабинетинин ачылыш аземи болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек Масабиров, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал, Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров жана борбордун кызматкерлери катышты.

 

КТ имараты СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн Глобалдык фонд тарабынан каржыланган COVID-19 грантын ишке ашыруунун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) аркылуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, КТ аппараты жана тиешелүү эмеректер менен жабдылган. Компьютердик томографтын (General Electric Optima 520) баасы 407 551,35 АКШ долларын түзөт (35 334 702,05 сом), 34 709 АКШ долларына эмерек жана башка керектүү жабдуулар алынган.

 

«Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү кургак учуктун көп дарыга туруктуу жүгү бар 30 өлкөнүн катарына кирет, бул көп дарыга туруктуу кургак учук менен күрөшүүнү биздин өлкөдө кургак учукту жоюунун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныктайт. Кургак учук инфекциясын аныктоодо нур менен дарт аныктоонун заманбап жогорку технологиялык ыкмалары талап кылынат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасына Кыргыз Республикасында Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук программаны ишке ашырууда кызматташуусу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирем. Күнүмдүк диагностикалык процесске компьютердик томографты киргизүү кургак учук инфекциясын, өзгөчө балдар арасында аныктоону жана диагностикалоону жакшыртат, бул өз кезегинде оорунун коомдо жайылышын үзгүлтүккө учуратат жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртат», - деп белгиледи. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

 

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлүнүн орун басары Моника Ризал белгилегендей, Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук программа үчүн компьютердик томографты сатып алуунун аркасында келечекте кургак учуктун диагностикасы бекер, б.а. Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн жеткиликтүү болот. «Биз балдар арасындагы кургак учукту аныктоо көп учурда оор экенин билебиз жана жаңы заманбап компьютердик томографта изилдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү дифференциалдык диагнозду жеңилдетет жана туура диагноз коюуну тездетет, демек, туура дарылоону өз убагында дайындоого мүмкүндүк берет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы Саламаттык сактоо министрлиги жана Улуттук фтизиатрия борбору менен биргеликте Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук программаны ишке ашырууну улантат жана Глобалдык фонддун инвестицияларынын аркасында бейтаптардын муктаждыктарына жараша медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылат, ошондой эле Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө дагы да көбүрөөк күч-аракет жумшайт», - деди Моника Ризал.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

18.05.2024
Бишкектеги окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15  адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

18-майда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.


 

 

18.05.2024
Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унаалары тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Ысык-Көл жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу иш-чарасы болду. Автоунаалардын ачкычын КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.

 Министр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына жети тез жардам унаасын өткөрүп бергенин, анын бири мурда Тамчы айылындагы тез жардам пунктуна, дагы үч унаа Балыкчыдагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна, Боом капчыгайындагы тез жардам пунктуна жана Ысык-Көл районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна тапшырылып жатканын билдирди.

«Бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган тез медициналык жардам унааларынын тапшырылышы Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна тез медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жасалган олуттуу кадам болуп саналат. Саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткан  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдиребиз», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

18.05.2024
Бишкекте жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча VII эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында, Бишкек шаарында маанилүү юбилей - академик Иса Коноевич Ахунбаев жасаган Борбордук Азиядагы алгачкы жүрөк операциясынын 65 жылдыгына арналган жыл сайын өтүүчү VII Эл аралык илимий-практикалык конференция ишин баштады.

Конференция Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуучуларга жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген конокторго амандашуу сөзү менен ачылды.

Министр өз сөзүндө көрүнүктүү академик, хирург жана таланттуу дарыгер – Иса Коноевич Ахунбаевге терең ыраазычылык билдирди, анын эмгеги аймактагы медицина тармагындагы көптөгөн жетишкендиктерге башат болгон. Бул конференция тажрыйба жана билим алмашууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, биз кесиптештердин идеяларынан шыктанып, илимий жана практикалык билимибизди тереңдетип, адамдардын ден соолугун жана жашоосун жакшыртуу үчүн жаңы чечимдерди жана технологияларды издөөдө бириге турган жайга айланат.

Талкуунун негизги темалары жаңы технологияларды, дарылоо жана диагностикалык методдорду, ошондой эле келечекте медицинаны өнүктүрүүнүн перспективаларын камтыды.

Мындан тышкары 19-майда Ысык-Көлдө салттуу веложүрүш жана Тору-Айгыр айылындагы И.К. Ахунбаевдин эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.