Япония өкмөтүнүн гранттык программасынын алкагында төрт саламаттыкты сактоо уюму жаңы жабдууларды алышат

17.01.2023 / Просмотров: 1106

2023-жылдын 17-январында Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинде Япония Өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында төмөнкү долбоорлор боюнча Гранттык келишимге кол коюу аземи болуп өттү:

1. «Жумгал районунун Жалпы дарыгерлик практика борборун медициналык жабдуулар менен камсыздоо долбоору». Бул долбоордун алкагында Жумгал райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна жалпы суммасы 143 447 АКШ долларына санариптик флюорограф жана ЛОР-комбайн орнотулат.

2. «Мырза-Аке Жалпы дарыгерлик практика борборун медициналык жабдуулар менен камсыздоо долбоору». Бул долбоордун алкагында Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке Жалпы дарыгерлик практика борбору жалпы наркы 111 344 АКШ долларын түзгөн Fujifilm үлгүсүндөгү стационардык УЗИ аппаратын жана лапароскоп аппаратын топтому менен алат.

3. «Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын медициналык чөйрөсүн жакшыртуу долбоору». Бул долбоордун алкагында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жалпы суммасы 114 747 АКШ долларына эндоскопиялык операцияларды жасоо үчүн аппараттар жана инструменттер, ошондой эле геморрой ооруларын дарылоочу аппарат алынат.

4. «Ысык-Көл областынын Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлөлүк медицина борборун медициналык жабдуулар менен камсыздоо долбоору». Бул долбоордун алкагында Каракол шаарынын Облустук үй-бүлөлүк медицина борбору жалпы суммасы 95 547 АКШ долларын түзгөн стационардык Shimadzu рентген аппаратын алат.

Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экинчи саясий башкармалыгынын Атташеси Абдулла уулу Абдисухан мырза, ошондой эле грант алуучу уюмдар катышты: Жумгал райондук ЖДПБ, Мырза-Аке ЖДПБ, ООБКО жана Ысык-Көл ОҮМБ.

Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года мырза менен грант алуучу уюмдардын жетекчилеринин ортосунда гранттык келишимдерге кол коюлду.

Куттуктоо сөзүндө КР Саламаттык сактоо министринин орун басары бул гранттык программанын калктын ден соолугун чыңдоого жана аймактык ооруканалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга кошкон салымын баса белгиледи. Улан Садыков белгилегендей, Япония Өкмөтүнүн бул гранттык программасы жергиликтүү тургундардын негизги муктаждыктарын канааттандырууга, анын ичинде жергиликтүү тургундарды медициналык жабдуулар менен камсыздоо аркылуу медициналык тейлөөнү жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” Программасынын негизги принциптерине шайкеш келет. Ал ошондой эле Японияда магистратурада жана докторантурада билим алып жаткан медицина кызматкерлеринин ийгиликтерине токтолду. Андан соң Япония өкмөтүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтык мындан ары дагы өнүгөт деген ишенимин билдирди.

Өз сөзүндө Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года мырза гранттык келишимдерге кол коюлгандыгына кубанычын билдирди жана бул программанын долбоорлору адам коопсуздугу жаатындагы негизги багыттарды - саламаттыкты сактоо, билим берүү же социалдык чөйрөнү колдойт. Берилген жабдуулар сапаттуу медициналык жардам көрсөтүп, жергиликтүү калктын ден соолугун чыңдоого салым кошот деген ишенимин билдирди.

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын директорлору көрсөтүлгөн жардам үчүн Элчи мырзага жана Япония Өкмөтүнө ыраазычылык билдиришти, алынган жабдыктар көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатын жакшыртаарын белгилешти. Директорлор берилген заманбап жабдыктар жергиликтүү калк үчүн эрте жана туура диагноз коюу жана дарылоо үчүн өтө зарыл экендигин, бүгүнкү медицинанын талабы болгон эндоскопиялык операциялар мындан ары операциядан кийинки татаалдашуу коркунучун азайтып, ооруканада жатуу мөөнөтүн кыскартарын белгилешти. 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.

 

30.04.2024
"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

2024-жылдын 23-24-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында П.Е. Лукомский жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85 жылдыгына арналган "Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы эл аралык ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Иш-чара И.К.Ахунбаев атындагы КММА тарабынан Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коому  менен биргеликте уюштурулган.

 

Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан кардиология, ревматология, нефрология, гастроэнтерология, геронтология, эндокринология тармагындагы алдыңкы адистер  жана клиникалык фармакологдор катышты. Ошондой эле ар кандай медициналык университеттердин (Бишкек, Ош, Бухара, Шымкент) жаш изилдөөчүлөрү жана терапевттери баяндама жасашты.

 

Жаш терапевттердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, анын жыйынтыгында эң мыкты иштер үчүн Ардак грамоталар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, ачылыш аземинде бир катар илимпоздор жана практик дарыгерлер Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коомунун «Гравертон ыраазычылык» жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.