Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде калкка баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды

23.06.2022 / Просмотров: 1586

2022-жылдын 22-июнунда Саламаттыкты сактоо министрлигинде Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков менен Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн ортосунда «Натыйжаларга негизделген программа» (ННП) долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү талкууланган онлайн жолугушуусу болуп өттү.

 

Жолугушууда тараптар КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылга карата ННП программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүн, жыйынтыктарын, ошондой эле алдыга коюлган максаттарга жетүүдөгү көйгөйлөрдү талкуулашты.

 

Бул программаны ишке ашырууга жооптуу адистер долбоордун алдыга коюлган максаттарын ишке ашыруудагы кечеңдөөлөр COVID-19 пандемиясына байланыштуу болгонун, үстүбүздөгү жылдын май айында аймактарда көчмө жыйындар өткөрүлгөнүн, ал эми 2022-жылдын аягына чейин баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты боюнча натыйжаларга жетишүү күтүлүп жатканын билдиришти.

 

Министрдин милдетин аткаруучу биринчи кезекте өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, индикаторлордун аткарылышынын абалы, санариптештирүү пландары, медициналык тейлөөнүн сапаты боюнча бөлүмдүн иши, МКП, КДП боюнча метологояны, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн классификаторлорун иштеп чыгуу, БМСЖ деңгээлинде төлөм механизмдерин кайра карап чыгуу боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун иши менен таанышып чыкканын белгиледи. «Бул программада кош бойлуу аялдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, кант диабети менен ооругандарды азайтуу, дары-дармек менен камсыздоону жакшыртуу боюнча абдан жакшы максаттар коюлган. Андыктан КР Саламаттык сактоо министрлиги саламаттыкты сактоо тармагындагы бирдиктүү максаттарга жетүү үчүн бул маселенин аткарылышын такай көзөмөлүндө болот», - деди Жаркынбек Касымбеков.

 

Маалымат үчүн:

 

Бул программа 2019-2030-жылдарга саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” программасынын алкагында ишке ашырылууда. Бул программанын артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат: баштапкы медициналык-санитардык жардамды (БМСЖ) жана калктын саламаттыгын жакшыртуу, саламаттыкты сактоо системасынын ар кандай элементтерин чыңдоо. ННП программасы максаттуу мамилени камсыз кылуу жана ийгиликке жетүү үчүн БМСЖ системасында кылдат тандалган бир катар багыттарды колдойт. Бул кош бойлуулуктун биринчи үч айлыгындаБМСЖнын саламаттык сактоо уюмдарында гликирленген гемоглобинге кан анализин жана заарадан бактериурияга анализ тапшырган кош бойлуу аялдардын пайызынын көбөйүшү; мамлекеттик баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарында сунуш кылынган медициналык жардамды (жылына бир жолудан кем эмес гликирленген гемоглобинге кан анализи) алган 1 жана 2 типтеги кант диабети менен ооругандардын пайызынын өсүшү; Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча дары-дармек программасынын алкагында артыкчылыктуу шарттарда (кант диабети, аз кандуулук жана гипертония) бейтаптарды дары-дармек менен камсыз кылууну жакшыртуу, төмөнкүлөр үчүн камсыздандыруу төлөнүүчү рецепттердин саны менен өлчөнөт: кандагы кантты көзөмөлдөөчү тест тилкелери; темир камтыган препараттар; гипертонияны дарылоо үчүн дары.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

20.01.2025
Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык кырдаал

 Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-жумасында (13.01.25 - 19.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 761 учуру жана сасык тумоонун 41 учуру катталып (и.к. 166,2), өткөн жумага салыштырмалуу (02-жума, и.к. 105,0)  +1,6 эсеге жогору. Ооругандардын 4,8%ы (563 бейтап) ооруканага жаткырылган.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын таралышы байкалууда, алардын ичинен эң көп таралган респиратордук синцитиалдык вирус – 30,3%, риновирус – 25,8%, аденовирус – 13,2%, I-IV парагрипп – 11,4%, башка вирустук инфекциялар 19,3%ды түздү.

2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосунан жана В тумоосунун айрым учурлары - 10,7% жана COVID-19 - 8,9% шарттаган сасык тумоо мезгили болду.

Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.

Республикада сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жана баалоо улантылууда жана көзөмөлдө.

17.01.2025
КР Саламаттык сактоо министри Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды

2025-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды. Иш сапардын жүрүшүндө министр борбордун иштөө шарттары менен таанышып, анын кызматкерлери менен негизги маселелерди талкуулады жана калыбына келтирүүчү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү системасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Борбор профилактикалык, кеңеш берүү, дарылоочу, диагностикалык жана калыбына келтирүү сыяктуу кызматтардын түрүн көрсөтөт. Борбордунишмердүүлүгүнүн негизги багыттары бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүчү дарылоо гимнастикасы жана дене тарбия секцияларын уюштурууну камтыйт.

 

Министр Кыргызстанда жыл сайын 1500гө жакын адам инсультка кабылып, калыбына келтирүүчү жардамга муктаж болоорун белгиледи. Мындан тышкары, жол кырсыгынан жабыркагандар жана дарылоонун паллиативдик стадиясындагы бейтаптар да жардамга муктаж. Мындай борборду түзүү республиканын бардык аймактарынан келген тургундар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын бир топ жакшыртат.

17.01.2025
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кызамык оорусу боюнча көчмө ыкчам штабдын жыйынын өткөрүүдө

2025-жылдын 16-январында КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаеванын жана Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин көчмө ыкчам штабынын жыйыны уюштурулду. Бул жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмаларын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызамык менен күрөшүү боюнча штабынын чечимдерин аткаруунун жана кызамык боюнча алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларга көмөк көрсөтүүнүн алкагында уюштурулду. 

Талкууга коомдук саламаттыкты сактоонун жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, билим берүү мекемелеринин, аймактык администрациялардын өкүлдөрү катышты. Жыйында учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, кызамыктын, кызылчанын, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун чыгышына жооп катары жүргүзүлгөн эмдөө боюнча өнөктүктөргө мониторинг талкууланды.

Белгилей кетсек, өткөн жылы республикада кошумча жана тазалоочу эмдөөнүн үч баскычы өткөрүлгөн. Республика боюнча 918 000 бала жана 29 258 саламаттык сактоо системасынын кызматкери, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери эмдөөдөн өткөн.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында кызамык оорусунун 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру Бишкек шаарында катталган. 2025-жылдын башынан бери 229 жаңы учур, анын ичинде Бишкек шаарында 144 учур катталды. Оорунун күч алышынын негизги себеби – эмдөөдөн өткөндөрдүн көрсөткүчү талаптагыдан төмөндүгү, Бишкекте адамдардын 95% вакцина алышы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 69 %ды түзөт.

Кызамык оорусунун андан ары жайылышын алдын алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар арасында тазалоочу эмдөө боюнча өнөктүктү улантууда, бирок эмдөөдөн баш тарткандардын айынан бул иш кыйынчылыктар менен коштолууда. Ушул себептен улам олуттуу эпидемиологиялык тобокелдиктер бар, себеби вирус эмделбеген балдардын арасында жайылып жатат.

Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды: кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү, профилактикалык эмдөөлөрдү 95%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү; калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, эмдөөнүн коопсуздугун жана маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө багытталган маалыматтык-агартуу өнөктүктөрүн уюштуру.