Copyright: ©

Улуттук кардиология жана терапия борборунда жогорку технологиялуу рентген хирургиясы боюнча эксперттик борбор ачылды

26.03.2024 / Просмотров: 3201

            Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда 2024-жылдын 26-мартында, “Ыкчам кардиология” программасын ишке ашыруунун алкагында, жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарга ыкчам жогорку технологиялуу жардам көрсөтүүнүн толук циклинин моделине негизделген Кыргыз Республикасындагы биринчи жогорку технологиялуу рентген-хирургиялык борбордун ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, Дүйнөлүк банктын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви, УКжТ борборунун директору Талант Сооронбаев жана башкалардын катышуусунда өттү.

 

Бул борбор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдолуп, сатылып алынган жогорку технологиялык ангиографиялык комплекс менен жабдылган, бул алдыңкы технологияларды жана инновацияларды колдонуу менен жогорку технологиялык медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылат. Миңдеген бейтаптардын өмүрүн сактап кала турган уникалдуу аз инвазивдик эндоваскулярдык операцияларды клиникалык практикага киргизүүгө көмөктөшөт.

 

«Дүйнөлүк банктын колдоосу менен эң заманбап премиум класстагы ангиографиялык аппаратты сатып алууга жана бул жабдуулар үчүн тмаратты даярдоого каражат бөлүндү. Бул ангиографиялык бөлүм элибиздин жыргалчылыгы үчүн иштеп, миңдеген жүрөк-кан тамыр системасынын эрте операция жасаганга болбой турган оорулары бар бейтаптардын өмүрүн сактап калууга жардам берет деп ишенем», - деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

 

 

Ачылыш аземдин алкагында Кытай Эл Республикасынын, Россиянын жана Казакстандын алдыңкы адистеринин колдоосу менен Кыргыз Республикасында биринчи жолу аорта клапанын транскатетердик имплантациялоо боюнча мастер-класс өткөрүлүүдө. Келечекте мындай операциялар бардык муктаж болгондор үчүн үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Ошондой эле инсульт жана жүрөк-кан тамыр системасынын башка оор оорулары үчүн эндоваскулярдык жогорку технологиялык операцияларды камтуу планы бар.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

08.05.2024
Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы “Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария” уюму кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» Өкүлчүлүгүнүн өлкөлүк директору менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн талкуулашты, ошондой эле профилактикалык жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн медицина кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү боюнча кызматташуу жөнүндөгү жаңы меморандумга кол коюшту.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2006-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» гуманитардык миссиясы Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого баа жеткис салым кошуп келе жатканын баса белгиледи.

Бул Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча алдын ала макулдашуулардын негизинде кызматташуу жана иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты:

- өзгөчө кырдаалдар учурундагы даярдык жана чара көрүү;

- жугуштуу эмес оорулар;

- тиешелүү тармакта саламаттык сактоо органдарынын медициналык кызматкерлеринин потенциалын чыңдоо;

- биргелешкен тиешелүү профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү.

08.05.2024
КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин өкүлдөрүнүн жолугушуусу: саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун артыкчылыктары

Бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министринин орун басарлары Медербек Исмаилов жана Айжамал Шамбетова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда министрдин биринчи орун басары Медербек Исмаилов Самман Джунг Тапаны кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердигине ийгиликтерди каалап, ЮНИСЕФке Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал коомдук саламаттыкты сактоо Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин жана ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү жана стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Самман Джунг Тапа ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү катары Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияда белгиленген балдардын укуктарын коргоого, өнүктүрүүгө жана бакубат жашоого көмөктөшөөрүн белгиледи.

07.05.2024
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алды

Бүгүн, 7-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кенештин социалдык комитетинин башчысы Винера Раимбачаева менен биргеликте Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алып, дарылоо боюнча өз сунуштамаларын берди.

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген.

 

Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

 

Бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы туруктуу жакшырып калгандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Аталган бөлүмдө жаткан балдардын абалдары жакшы, тиешелүү медициналык жардамды алышууда. 

 

Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

 

Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында  балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.