Copyright: ©

Кыргызстандын медицина кызматкерлери футзал боюнча мелдеште жеңишке жетишти

01.04.2024 / Просмотров: 2864

2024-жылдын 1-4-мартында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында кичи-футбол боюнча турнир болуп өттү, ага Кыргызстандын саламаттыкты сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлеринин арасынан жаштар жана улуу муун командалары катышты.

Биздин медицина кызматкерлеринин футзал боюнча эл аралык турнирге катышуусу КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин демилгеси жана колдоосу менен ишке ашты. "Биздин медицина кызматкерлеринин футзал боюнча эл аралык турнирге катышуусу бир гана эң сонун жетишкендик эмес, бул биздин адистер үчүн өздөрүнүн спорттук чеберчилигин жана командалык духун көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк. Бул иш-чара медицина кызматкерлеринин арасында сергек жашоо образынын маанилүүлүгүн баса белгилейт", - деди КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Өзбекстандын, Казакстандын жана Тажикстандын түрдүү медициналык мекемелеринин өкүлдөрү катышкан кызыктуу мелдеште Кыргызстандын командалары жогорку деңгээлдеги даярдыкты жана ынтымакты көрсөтүштү.

Күн сайын улуттун саламаттыгына жооптуу болгон кыргызстандык дарыгерлер командасы бул жолу спорттук чеберчилигин, командалык биримдигин көрсөтүштү. Алар өжөрлүгү жана жеңишке болгон умтулуусу менен турнирде татыктуу биринчи орунду ээлешти.

Команданын капитаны Съездбек Айтбаев жаштар тайпасында 16дан ашык команда ойноп, улуу муун арасында 9 команда болгонун белгиледи. Жаштар командасы финалда Казакстандын командасын утуп алса, улуу муун финалда Өзбекстан Республикасынан келген кесиптештери менен ойношту. «Мындай спорттук иш-чаралар медицина кызматкерлеринин арасында спорттук кыймылдын мындан аркы өнүгүшүнө дем берип, медицина чөйрөсүндөгү достукту жана кесиптештик мамилелерди чыңдоого жардам берет деп ишенебиз».

Ал ошондой эле медицина кызматкерлери арасында ушундай оюндарды Францияда жайкы мезгилде өткөрүү пландалып жатканын, ага биздин дарыгерлер катышып, байгелүү орундарды алганы жатканын кошумчалады.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

05.05.2024
НЕКРОЛОГ

Баткен облустук ооруканасынын ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы неонатолог дарыгер Мастура Курбанова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Курбанова Мастура Нарзиевна 1964-жылы 9-мартта Таджик Республикасынын Ленинабад областынын, Исфара районунун, Шахран айылында төрөлгөн. 1988-1989-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда 1 жылдык интернатурасын аяктап “Педиатрия” адистигине ээ болгон. 2002-2003-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунда 1 жылдык клиникалык интернатурасын аяктап “Үй-бүлөлүк дарыгер” адистигин алган.
Курбанова Мастура Нарзиевна өз эмгек жолун 1989-жылы Ош областына караштуу Лейлек райондук борборлоштурулган ооруканасынын балдар консультация бөлүмүндө педиатр дарыгери болуп иштөө менен баштаган. 


Ошол эле 1989-жылы Ленинабад областынын, Исфара райондук борборлоштурулган ооруканасында педиатр дарыгери болуп иштеген. 
1990-жылдан баштап Баткен райондук борборлоштурулган ооруканасында педиатр дарыгери болуп иштеген. 
1992-жылдын 2-сентябрь айында Лейлек райондук борборлоштурулган ооруканасынын СВА Коммунизм бөлүгүндө педиатр дарыгери болуп иштеген. 
1993-жылы Ош областына караштуу Сүлүктү шаардык ооруканасынын балдар консультация бөлүмүндө педиатр болуп иштеген. 
2002-жылы Сүлүктү шаарында Үй-бүлөлүк медицина тобунда педиатр болуп иштей баштаган. 2003-жылы №4 Баткен областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна клиникалык жетекчиси болуп дайындалган. 
2013-жылы Баткен областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун №3 Кызыл-Жол Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна үй-бүлөлүк дарыгери болуп которулган. 
2014-жылдан тартып, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнө неонатолог дарыгери болуп иштеген. 
2015-жылы Ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы болуп, дайындалып бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келди. 
2019-жылы Баткен облустынын башкы неонатологу болуп дайындалган. 

Медицина тармагына 35 жылдык өмүрүн арнаган Мастура Нарзиевна облустун саламаттык сактоо тармагындагы реформаларга көңүл буруу менен мамлекеттик жана улуттук программаларды ишке ашырууда алгылыктуу кадамдарды жасаган. 


Коомдук иштерге активдүү катышуу менен, жогорку категориядагы неонатолог дарыгери катары жаңыдан иш баштаган кесиптештерине медицина тармагында тең келгис кеңешчи, өзүнүн эмгек жолунда билимин жана тажрыйбасын такай жаш неонатолог дарыгерин даярдоого жумшап, “Насаатчылык» иш-чараларын алгылыктуу алып барган. Мындан тышкары, ата-энелеринен ажыраган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келген. 


Өзүнүн иш билгичтиги, адамгерчиликтүүлүгү, уюштуруучулук касиеттери менен өз кесиптештери жана эл ичинде кадыр баркка ээ.


Алган сыйлыктары:
2005-жылы Баткен областтык Саламаттыкты сактоонун координаторунун “Ардак грамотасы”, 
2006-жылы “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси  
2017-жылы Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын “Ардак грамотасы”
2018-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин “Ардак грамотасы”, 
2018-жылы КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамотасы”
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин жана жалпы медицина коомчулугунун атынан Курбанова Мастура Нарзиевнанын жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.