«Билге-Клаб» студенттик ыктыярдуу кыймылы өзүнүн ишинин маанилүү багыттарынын бири катары жаштарга кургак учук тууралуу маалымат берүүнү тандап алган

25.05.2022 / Просмотров: 1204

«Биз кургак учуктун себептери, белгилери, жугуу жолдору жөнүндө гана эмес, өз убагында диагноз коюу жана кургак учукка каршы дарылоонун  баштоо тууралуу айтуу маанилүү деп эсептейбиз. Бирок биздин учурда жаштардын кургак учук менен жабыркаган адамдарга карата этият мамилесин өзгөртүү, туура маалымат берүү аркылуу аларды стигматизациялоону жана басмырлоону азайтуу да маанилүү. Анткени, жакшы чөйрөдө гана адам өзүн даарылап, башкаларды инфекциядан коргоого аракет кылат”, - дейт Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин телерадиожурналистика кафедрасынын башчысы, ошондой эле «Билге-Клаб» кыймылынын жетекчиси Зарыл Алымбаева..

 

Жаштардын демилгеси USAIDдин Кургак учуктан айыктыруу долбоору тарабынан колдоого алынып, анын адистери билим берүү мекемелеринде – мектептен баштап ЖОЖдордо маалыматтык турлардын концепциясын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жардам беришти. Интерактивдүү элементтер менен уюштурулган турларда алардын катышуучулары заманбап далилдүү медицинанын негизинде кургак учук тууралуу маалымат алышат. “Билге клубунун” ыктыярчы студенттери сунуш кылынган теманы белгилүү бир аспектке топтоп, талдап, жада калса талкуулоого жардам беришет. Белгилей кетчү нерсе, бул инфо-турларды келечектеги дарыгерлер жана журналисттер биргелешип өткөрүп, алар келечектеги кесибинде пайдалуу боло турган жөндөмдөрдү азыртадан эле өркүндөтүшөт.

 

«Инфотурлар ийгиликтүү болуп, кургак учук тууралуу объективдүү жана текшерилген маалыматтарды жайылтуу үчүн «Кургак учукту айыктыруу» долбоору студент волонтерлордун өздөрүнүн билим деңгээлин жогорулатуу боюнча тынымсыз иш алып барууда», - деп белгилейт долбоордун адиси Анарбек Алимахунов. – Бүгүнкү күндө алардын саны 50дөн ашты, алардын жардамы менен алты айдын ичинде дээрлик 2500 адамдын катышуусунда 53 инфотур өткөрүлдү. Клубдун мүчөлөрү инфотурлардан тышкары долбоордун башка ар кандай иш-чараларына: жаш пациенттер үчүн кечелерге, пресс-кафеге жана башкаларга активдүү катышууга кубанычта.”

 

«Жаштар – студенттер жана мектеп окуучулары – биз менен тең укуктуу органикалык түрдө байланышышат. Ал эми бул бизге каалаган ийгиликке жетүүгө жардам берет, - дейт болочок журналист, 3-курстун студенти Датка Жээнбекова. «Биз кургак учук тууралуу туура эмес маалыматтар жана терс мифтер азыраак болгон бирдиктүү маалыматтык чөйрөнү түзүүгө катышуу менен биз чоң кишилердин Кыргызстанда кургак учуктун жайылышын азайтуу аракеттерине жардам берип жатканыбызды жакшы билебиз».

 

Учурда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда кеңири жайылган кургак учук тууралуу жаштарга маалымат берүү демилгесин өлкөнүн түштүгүндөгү «Bilge Club» волонтерлор кыймылынын мүчөлөрү көтөрүп чыгышкан.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.

 

30.04.2024
"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

2024-жылдын 23-24-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында П.Е. Лукомский жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85 жылдыгына арналган "Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы эл аралык ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Иш-чара И.К.Ахунбаев атындагы КММА тарабынан Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коому  менен биргеликте уюштурулган.

 

Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан кардиология, ревматология, нефрология, гастроэнтерология, геронтология, эндокринология тармагындагы алдыңкы адистер  жана клиникалык фармакологдор катышты. Ошондой эле ар кандай медициналык университеттердин (Бишкек, Ош, Бухара, Шымкент) жаш изилдөөчүлөрү жана терапевттери баяндама жасашты.

 

Жаш терапевттердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, анын жыйынтыгында эң мыкты иштер үчүн Ардак грамоталар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, ачылыш аземинде бир катар илимпоздор жана практик дарыгерлер Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коомунун «Гравертон ыраазычылык» жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.